Загрузка документа…
ТАШ-ДӨБӨ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН СҮЙҮМБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Таш-Дөбө айыл аймагынын Сүйүмбаев айылдык кеңешинин кезектеги I cессиясы
2018-жылдын 12-январы № 1-4
Таш-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн боюнча 2018--жылга карата “Катаган таза суу” ИСКАКБнын бюджетин бекитип берүү жөнүндө
“Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык таза сууну натыйжалуу, сарамжалдуу колдонуу жана пайдалануу үчүн “Катаган таза суу” ИСКАКБнын бюджетин бекитип берүү боюнча Таш-Дөбө айыл аймагынын “Катаган таза суу” ИСКАКБнын төрагасы А.Тыйтаңовдун 2017-жылдагы аткарылган иштерин жана 2018-жылда аткара турган иштери жөнүндө маалыматты угуп Таш-Дөбө айыл аймагынын Сүйүмбаев айылдык кеңеши, токтом кылат:
1. Жумгал районунун Таш-Дөбө айыл аймагынын “Катаган таза суу” ИСКАКБнын 2018-жылга каралган бюджети төмөндөгүдөй бекитилсин: жалпы 2018-жылга карата түзүлгөн бюджети 300 000 (үч жүз миң сом) деп кабыл алынсын.
2. Үй ичине киргизүү үчүн уруксат (разрешение) алуудагы төлөнүүүчү сумма 3000 (үч миң) сом деп бекитилсин.
3. Үй жана көчө колонкасынан суу пайдалангандыгы үчүн тарифин бекитүү:
-ичүүчү суу акысы көчө колонкасынан 1 (бир) адамга 20 (жыйырма) сом деп белгиленсин.
-үй ичинен суу ичкендиги үчүн суу акысы 1 (бир) адамга 25 (жыйырма беш) сом деп белгиленсин.
-Муниципалдык мекемелер (соц.объектилер) Таш-Дөбө орто мектеби менен Таш-Дөбө айыл өкмөтү эки тараптуу келишимдин негизинде 2017-жылдан баштап ар бир жылга таза суу пайдалангандыгы үчүн 25 000 (жыйырма беш миң) сомдон төлөө акысы бекитилсин.
4. Ичүүчү суунун тарифин бекитүүдө бул токтомдун аткарылышы Таш-Дөбө айыл аймагынын “Катаган таза суу” ИСКАКБнын төрагасы А.Тыйтаңовго жана комитеттин мүчөлөрүнө милдеттендирилсин.
Төрага: | Мусаев М. |