Загрузка документа…
ТАШ-ДӨБӨ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН СҮЙҮМБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Таш-Дөбө айыл аймагынын Сүйүмбаев айылдык кеңешинин кезектеги I cессиясы
2018-жылдын 12-январы № 1-5
Кыргыз Республикасынын салык кодексинин 337-беренесинин 6-пунктуна ылайык айыл чарба багытындагы жер салыгынын базалык ставкасын көтөрүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын салык кодексинин 337-беренесинин 6-пунктуна ылайык, Таш-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн айыл чарба багытындагы жер салыгынын базалык ставкасын көтөрүү максатында депутаттардын билдирүүлөрүн угуп жана талкуулап, Таш-Дөбө айыл аймагынын Сүйүмбаев айылдык кеңеши, токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын салык кодексинин 337-беренесинин 6-пунктуна ылайык, 1-январь 2018-жылдан баштап айыл өкмөтүнүн айыл чарба багытындагы сугат кайрак, чабынды жерлердин жер салыгы 2 эсеге көтөрүлун;
2. Айыл аймагынын жайыт жерлеринин жер салыгы мурдагы өлчөмдө (2,25 сомдон) калтырылсын;
3. Кз аймактык коэффиценти 1,2 эсебинде бекитилсин;
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Таш-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы А.К.Мойноковго тапшырылсын.
Төрага: | Мусаев М. |