Загрузка документа…
ТАШ-ДӨБӨ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН СҮЙҮМБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Таш-Дөбө айыл аймагынын Сүйүмбаев айылдык кеңешинин кезексиз V cессиясы
2018-жылдын 14-декабры № V-1
Таш-Дөбө айыл аймагында айдоо жерлерди трансформацияга сунуштоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 31.10.2018-жылдагы № 512 токтомундагы “Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы күчүнө киргенге чейин жеке турак үйлөр курулуп калган же жергиликтүү өз алдынча башкаруунун ыйгарым укуктуу органдарынын же алардын укук мурастоочусу болгон жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тийиштүү органдарынын чечимдери бар болгон сугат айдоо жерлеринин жер участокторун которуунун (трансформациялоонун) убактылуу тартибин бекитүү жөнүндө токтомунун негизинде, Таш-Дөбө айыл аймагынын Сүйүмбаев айылдык кеңеши, токтом кылат:
1. Таш-Дөбө айыл аймагындагы калк отурукташып калган төмөндөгү участкаларда жайгашкан 26 га жер аянты калктуу конушка которууга (трансформациялоого) сунушталсын:
1). № 923 контурундагы “Суусамыр” участкасындагы 17 га жер аянты.
2) № 936 контурундагы “мектеп үстүндөгү” участкасындагы 9 га жер аянты.
2. Бул токтомдун негизинде, трансформацияга тиешелүү документтерин бүтүрүү жагы Таш-Дөбө айыл өкмөтүнүн жер адиси К.Бектуровго тапшырылсын.
3. . Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Таш-Дөбө айыл өкмөт башчысы А.К.Мойноковго милдеттендирилсин.
Төрага: | М.Мусаев |