Редакцияот 23.01.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

«БЕКИТИЛДИ»

 

Момбеков айыл аймагынын

Момбеков айылдык кеңешинин

23.01.2023-ж №3 токтому менен

бекитилди. Торага___________

 

«Ак-Жол Момбеков»

Муниципалдык ишканасынын

Уставы

 

 

Момбеков айылы

 

1.ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР.

 

1.1 «Ак-Жол Момбеков» Муниципалдык ишканасы (мындан ары муниципалдык ишкана) уставы КыргызРеспубликасынын Мыйзамдарына ылайык, ушул уставдын негизинде ишмердүүлүн жүргүзөт .

1.2. Муниципалдык ишкана- Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексине, Кыргыз Республикасынын «Муниципалдык менчик жөнүндө», Кыргыз Республикасынын «өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамдарына жана башка ченемдик укуктук актыларына жана ушул Уставка ылайык өз ишмердүүлүгүн алып барат.

1.3. Уюштуруучу документи болуп- муниципалдык ишкананын Уставы эсептелинет.

1.4. «Ак-Жол Момбеков» муниципалдык ишканасын уюштуруучу болуп Момбеков айыл аймагынын айыл өкмөтү -мекемеси болуп эсептелинет.

1.5. Муниципалдык ишкананын иштөө мөөнөтү чектелбейт.

1.6. «Ак-Жол Момбеков» муниципалдык ишканасынын чыгымдар сметасы жана штаттык бирдиги жетекчиси тарабынан сунушталып, уюштуруучу тарабынан бекитилет.

1.7. Муниципалдык ишкана мамлекеттик каттоодон өткөн учурдан тартып өз иштерин жүргүзүү боюнча юридикалык жактын статусуна, укунуна жана милдетине ээ болот.

«Ак-Жол Момбеков» муниципалдык ишканасынын толук жана кыска аталышы:

-Кыргыз тилинде «Ак-Жол Момбеков» муниципалдык ишканасы, кыскартылып аталышы ;

МИ «Ак-Жол Момбеков»;

-расмий тилде:Муниципальное предприатия «Ак-Жол Момбеков», кыскартылып аталышы

МП «Ак-Жол Момбеков».

1.8. Муниципалдык ишкананын жайгашкан дареги; Жалал-Абад облусу, Ноокен району, Момбеков айылы

 2. «Ак-Жол Момбеков» муниципалдык ишканасынын уюштуруунун негизги максаттары, милдеттери жана ишмердүүлүгүнүн негиздери.

 

2.1 Муниципалдык ишкананын негиздери болуп Момбеков айыл аймагынын социалдык экономикалык абалын жогорулатуу, анын ичинде айылдын ичин таза суу менен камсыздоо жана инфраструктурасын жакшыртууга көмөк көрсөтүү.

2.2. «Ак-Жол Момбеков» муниципалдык ишканасын уюштуруу максаты болуп:

 Өзүнүн ишмердүүлүгүнүн негизинде коомдук керектөөлөрдү канааттандыруу үчүн кызмат көрсөтүү, экономикалык рентабелдүү ишмердүүлүк жүргүзүү менен калкка кызмат көрсөтүү, муниципалдык мүлктү аяр пайдалануу. Айыл чарба тармагына, чакан жана орто ишмердүүлүгүн өнүктүрүү менен Момбеков айыл аймагынын социалдык -экономикалык абалын жогорулатуу анын ичинде айыл ичиндеги арыктарды жолдорду калыбына келтирүү, жергиликтүү жамааттардын жашоо деңгээлин жакшыртууга ыңгайлуу шарт түзүү, Момбеков айыл аймагынын инфраструктурасын жакшыртуу максатында дайыма иш алып баруу.

Ишкананын негизги милдеттерине төмөнкүлөр кирет:

- Момбеков айыл аймагындагы калкты, ишканаларды, уюмдарды жана мекемелерди бирдей шарттарда ичүүчү суу менен камсыз кылуу, айыл чарба тармагында кызмат көрсөтүү;

-керектөөчүлөргө берилүүчү суунун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында, анын ичинде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын чечимдеринде белгиленген сапат стандарттарына ылайык келишине кепилдиктерди берүү;

- оптималдуу кызмат көрсөтүүнү камсыз кылуу үчүн иштеп жаткан тармактарды оңдоо жана тейлөө;

- зарыл болгон учурда жаңы керектөөчүлөр үчүн тышкы тармактарды кеңейтүү жана айылдык Кеңеш бекитүү;

- амортизациялык чыгымдарды кошкондо, кызматтарды көрсөтүү менен байланышкан чыгымдардын толук ордун толтурууга жетишүү.

2.3 «Ак-Жол Момбеков» муниципалдык ишканасы өзүнүн максаттарына жетиш үчүн МТС, Тазалык, Ичүүчү суу менен камсыз кылуу жана жашылдандыруу багытында төмөндөгү иштерди жүзөгө ашырат:

2.3.1 МТС багытында

-айыл чарба тармагында кызмат көрсөтүү;

-айдоо, малалоо, дан азыктарын себүү, чабуу, чөп чабуу, престөө ташуу;

-чарба уюштуруу (подсобное хозяйство)

-тен шартта юридикалык жана физикалык жактарга акылуу кызмат көрсөтүү

-акылуу тарнспорттук кызмат көрсөтүү

-Кыргыз Республикасынын “Жер Казына жөнүндө” мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын “Жер Кодексинин” талаптарына ылайык, жер үстүндөгү курулуш материалдарын (шагыл, топурак) казып алуу менен айыл тургундарын камсыз кылуу ж.б ушул ишмердүүлүктөрдү жүзөгө ашыруу;

-Жергиликтүү жана эл аралык комерциялык уюмдар менен финансы каражаттарын тартуу Гранттык жардам алуу;

-чарбалык укуктук менен өткөрүп берилген мүлктүк сактоо жаныртуу жана муниципалдык менчикти калыптандыруу;

2.3.2 Тазалык багытында

-ички жолдорду, тратуарларды, жол чырактарды, көчөнүн түнкү чырактарын коомдук санитардык түйүндөрдү эксплуатациялоо жана кармоо;

-катуу чарбалык таштандыларды чыгарууну уюштуруу

-мектеп, бала-бакча ФАП жана үйлөрдүн айланасындагы таштандыларды жок кылуу жана кайрадан иштетип чыгарууларды уюштуруу

-Момбеков айыл аймагындагы санитардык абалын бузуучуларын аныктап, тиешелүү иш кагаздарды түзүү;

-Бекитилген норма жана тартиптин негизинде балансындагы техникаларык унаа механизимдери боюнча талаптарды камсыз кылуу жана кармоо.

2.3.3 Ичүүчү суу менен камсыз кылуу багытында

-ичүүчү таза суу менен айыл аймагындагы мекеме, ишканаларды жана жергиликтүү калкты камсыз кылуу;

-Санитардык нормаларга жооп бергидей ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу;

-Суу түтүктөрүн ремонт жана эксплуатациялоо.

2.3.4 Жашылдандыруу -көрктөндүрүү багыты боюнча

-жашыл экономиканы өнүктүрүү боюнча бирдиктүү саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу

-бак-дарактардын, бадалдардын, декоративдик, мөмө-жемиш түрлөрүнүн көчөттөрүн өстүрүү

-административдик-маданий имараттардын, сейил бактардын, көчө аймактарынын калк жыш жайгашкан кварталдарынын аймактарын жашылдандыруу

-Момбеков айыл аймагынын жашыл мейкиндиктерин коргоо чараларын камсыз кылуу;

-ишкананы материалдык-техникалык жактан камсыз кылууну уюштуруу

2.3.4 Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына максаттарын карама каршы келбеген башка ишмердүүлүктү жүзөгө ашыруу;

 

3. Калкка, ишканаларга, уюмдарга жана мекемелерге көрсөтүлүүчү кызмат көрсөтүүлөр Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген минималдуу стандарттарга ылайык келүүгө тийиш.

4. Ишкана муниципалдык менчикти алуу, тескөө (анын ичинде сатуу жана ижарага берүү), башкаруу, жакшыртуу жана өнүктүрүү процессинде жана коомдон тышкары товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууда айылдык Кеңеш тарабынан кабыл алынган ченемдик укуктук актыларга жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана башка ченемдик укуктук актыларга ылайык иш алып барат.

-КР мыйзамдарына, максаттарына,милдеттерине карама- каршы келбеген башка ишмердүүлүктү ишке ашыруу.

-Муниципалдык ишкана ар кандай максаттагы аткаруу иштердин түрлөрун ишке ашырууда тиешелүү Кыргыз Республикасынын Мыйзамарынын нормаларына ылайык, уруксат кагазын (лицензия) алуусу талап кылынат.

 

3. «Ак-Жол Момбеков» Муниципалдык ишканасынын укуктук абалы:

 

3.1. «Ак-Жол Момбеков» МИ мамлеккеттик каттоодон өткөн мезгилден тарта юридикалык жак статусуна ээ болот.

«Ак-Жол Момбеков» МИ өзүнүн максатына жетиш үчүн төмөндөгүлөргө укуктуу;

-Акы алуу менен юридикалык жана жеке жактарга кызмат көрсөтүүгө;

-негизги жана жүгүртмө каражаттарына жана өзүнүн балансындагы мүлккө ээ болууга жана пайдаланууга;

-КР жана чет өлкөлүк банк мекемелеринде эсеп кысап (сом,чет өлкөлүк валюта түрүндө) жана башка счетторду ачууга;

-Озүнүн балансында чагылдырылган обочолонгон мүлкө ээ болууга жана пайдаланууга;

-КР мыйзамдарына ылайык мүлктүк, жеке мүлктүк эмес укук-милдеттерге ээ жана соттордо доогер жана жоопкер катары талабын коргоого;

- Өзүнүн толук аталышы менен мамлекеттик жана расмий тилде мөөрү жана КР мыйзамдарына ылайык өзүнүн штампы жана бланкаларын жазатуу менен колдонууга;

- айыл өкмөттүн макулдашуусу менен филиал жана өкүлчүлүк ачууга;

- кызмат көрсөтүү келишими аркылуу жумушчуларды коомдук иштерге тартууга;

- акы көрсөтүү кызматтары боюнча, кызмат көрсөтүү акысынын өлчөмүн жергиликтүү бийликке сунуштоого;

-КР Эмгек кодексинин талаптарына ылайык кызматка алууга жана аны бошотуу шартын аныктоого;

-өз алдынча адистерди кабыл алуу, тандоо жүргүзүүгө;

- штаттык күндөлүк боюнча,чыгымдардын сметасына ылайык кызматтык акылардын көлөмүн уюштурууга сунуштоого;

-ички кызматтык инструкция жана жоболорду иштеп айыл өкмөт менен макулдашууга;

- эл аралык, коомдук, комерциялык, комерциялык эмес уюмдар менен тийиштүү келишимдерди түзүүгө.

3.2. МИ мамлекеттин милдетенмелери үчүн,мамлекет МИнын милдеттенмелери үчүн жооп бербейт.Мыйзамда көрсөтүлгөн учурдан тышкары муниципалдык ишкананын ишмердүүлүгүнө мамлекеттик органдардын жана кызмат адамдарынын кийлигишүүсү, ошондой эле МИ мамлекеттик органдардын жана кызмат адамдардын ишмердүүлүгүнө кийлигишүүсүнө тыюу салынат.

3.3. МИ Момбеков айыл өкмөтү МИнын милдеттенмелери боюнча толук жоопкерчиликтүү.

3.4. МИ өзүнүн акча каражаттары жана мүлкү менен милдеттенмелери үчүн жооп берет.

 

4. БАШКАРУУ ЖАНА ИШТИ УЮШТУРУУ.

 

4.1. МИнын башкаруу органы болуп- Момбеков айыл өкмөтү болуп эсептелинет.

Момбеков айыл өкмөтүнүн башкарууга байланышкан маселелерди;

-анын ичинен уставка өзгөртүү, толуктоолорду киргизүүнү, МИны кайра уюштуруу жана жоюу боюнча маселени Момбеков айылдык Кеңешке сунуштоо;

- жылдык каржы отчетторду, киреше-чыгашалардын сметасын бекитүүнү сунуштоого;

-МИнын приоритеттүү ишмердүүлүк багыттарын аныктоого;

- МИнын мүлкүн пайдаланууну көзөмөлдөөгө;

-МИнын ишмердүүлүгүнө көзөмөлдүк жүргүзүү;

-өзүнүн буйрук, тескемелери менен МИга тапшырмаларды жүктөө анын аткарылышын көзөмөлдөө;

- МИ менен башка уюмдардын ортосунда мамилелерди тескөө жана МИнын ишмердүүлүгүнүн өсүшүнө шарт түзүп берүүгө милдеттүү;

4.2. МИнын ишмердүүлүгү боюнча Момбеков айыл өкмөтүнүн башчылыгына толук жоопкерчиликтүү болуп эсептелинет.

4.3. МИнын күнүмдүк ишмердүүлүгүн-директор жетектейт.МИнын директору Момбеков айыл өкмөтүнүн буйругунун негизинде жумушка алынат жана четтетилет.

4.4.МИнын директорунун милдеттери жана укуктары;

 -МИнын ишмердигине жетекчиликти ишке ашырат;

-МИнын уюштуруу жана каршы-чарбалык ишмердигине жетекчилик кылат;

Өзүнүн ыйгарым укугунун чегинде муниципалдык ишкананын мүлкүн жана каражаттарын башкарат;

Муниципалдык ишкананын аппаратынын кызматкерлерин жумушка алат жана бошотот

Бухгалтердик оперативдүү жана статистикалык эсептерди жүргүзүүнү уюштурат жана анын ырастыгына жооп берет

Банк мекемелеринде эсеп-кысап счетун ачат

Муниципалдык ишкананын атынан жарандык-укуктук бүтүмдөрдү түзөт

Муниципалдык ишкананын кызыкчылыгынын өкүлчүлүгүнө жана бүтүм түзүүгө ишеним кат берет

Муниципалдык ишкананын ишмердигинин маселелери боюнча өзүнүн компетенциясынын чегинде буйрук чыгарат

Ишканалар мамлекеттик органдар жана башка юридикалык жана жеке жактар менен өз ара катышта муниципалдык ишкананын кызыкчылыгынын ишеним катсыз көрсөтөт

Момбеков айылдык кенешинин жана Момбеков айыл өкмөтүнүн чечимдерин аткарууну камсыз кылат

Уюштуруучунун компетенциясына киргенден тышкаркы, башка муниципалдык ишмердигинин маселелерин чечет

 Директор жок болгон учурда директордун ыйгарым укуктары бухгалтерине жүктөлөт. Ишкананын директору, бухгалтери жок болгон учурда финансылык документтерге кол коюу укугу директордун бул жөнүндө тиешелүү буйругунун негизинде өткөрүлүп берилет.

4.5. Ишкана жыл сайын келерки финансылык жылга кирешелердин жана чыгашалардын сметасын иштеп чыгат жана Өкмөт менен макулдашат жана жыл башына чейин 30 күндөн кечиктирбестен Өкмөткө берет.

4.6. Ушул составда каралган ишмердикти ишке ашыруу үчүн муниципалдык ишкананын аппаратынын штатын бекитүү жана керектүү адистерге штат ачуу боюнча Момбеков айыл өкмөтүнө кайрылууга укуктуу.

4.7. Жарандык бүтүмдүк келишимдин негизинде жумушчуларды жалдай алат.

4.8. Коомдук иштерди аткаруу боюнча тиешелүү органдарга кайрылып тазалык күндөрүн өткөзүүгө укуктуу.

 

     5.МУНИЦИПИАЛДЫК ИШКАНАНЫН МҮЛКТОРҮ ЖАНА КАРАЖАТТАРЫ.

 

5.1. МИ КРнын мыйзамдарына ылайык өзүнө таандык мүлккө жана каражаттарга чарба жүргүзүү укугу менен ээлик кылуу,аны пайдалануу жана тескөө жүргүзөт. Тескөө жүргүзүүдө Момбеков айыл өкмөтүнүн макулдугунун негизинде жүзөгө ашыра алат.

5.2. МИнын мүлкүнүнүн жана каражаттарынын түзүү булактары төмөнкүлөрдү түзөт:

-жергиликтүү бюджеттен ассигнацияланып каржыланган каражаттан;.

- өндүрүштүк чарбалык ишмердүүлүгүнөн түшкөн каражаттардан;

- көрсөтүлгөн кызматтардан түшкөн каражаттардан;

- банкттык уюмдардан алынган ссуда , насыяга алынган каражажаттардан;

- жеке жана физикалык жактар тарабынан кайрымдуулук эсебинде өткөрүлүп берилген мүлк жана каражаттардан;

- КРнын мыйзамдары тыюу салбаган башка кирешелерден;

5.3. түшкөн акча каражаттары чакан тейлеген банктардын эсебине которулат.

5.4. МИнын каражаттары жана мүлктөрү муниципалдык мүлк болуп эсептелинет, аны башкаруу тескөө ушул бөлүктүн 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөндөй чарба жүргүзүү укугу менен кана жөнгө салынат.

5.5. Ишкананын чарбалык иштин натыйжасында алган пайдасына Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык салык салынууга тийиш. Жылдык финансылык-чарбалык иштин жыйынтыгы боюнча отчеттук мезгилден кийинки жылдын 1-апрелине чейин коомдун таза пайдасынын 50%дан кем эмеси жергиликтүү бюджетке чегерүүгө тийиш. Таза пайданын калган бөлүгү Ишкананын фонддорун түзүүгө жумшалат .

5.6. МИнын мүлкү жана каражаттары төмөнкү иш чараларды аткарууга пайдаланылат жана жумшалат;

- МИнын Уставдык максаттарын жана милдеттерин ишке ашырууга;

- МИнын кызматкерлеринин эмгек акысына;

-МИнын ишмердүүлүгүнө керектүү мүлктөрдү, каражаттарды ремонтоо (күйүүчү май жана техникалык тетик) офистик каражаттарды, жабдыктарды жана инвентарларды сатып алууга жана ар кандай чыгымдар (командировкалык) ж.б

- Момбеков айыл өкмөтүнүн чечиминин негизинде КР мыйзамдарына карама-каршы келбеген максаттарга.

5.7. МИнын өзүнүн ишмердүүлүгүн жөнгө салуу менен туруктуулугун түптөө максатында

Момбеков айыл өкмөтүнүн чечиминин негизинде тийешелүү (өнүгүү, резервдик, керектөө, материалдык ж.б.у.с.) фондорду ачууга укуктуу.

 

6. КАРЖЫ-ЧАРБАЛЫК ИШМЕРДҮҮЛҮК.

 

6.1-. МИ өзүнүн каржы чарбалык ишмердүүлүгүн чарба жүргүзүүчү уюм (хозрасчетная организация) катары алып барат. Уставка ылайык бюджеттик жана чарба жүргүзүүчү уюмдар , жеке жактар менен келишимдик негизде кызмат көрсөтө алат;

6.2.- МИ штаттык күндөлүгүнүн жана смемасына ылайык киреше жана чыгашаларын жөнгө салуу боюнча иштерди аткарат.

6.3. -тазалыкты кармоо сууну үнөмдүү пайдалануу боюнча жоболорду иштеп өкмөткө сунуштоого укуктуу.

 

7. КАРЫЗ ЖАНА НАСЫЯ, ГРАНТ ТАРТУУ,

 

7.1. –МИ Уставдык максаттарга жетиш үчүн карыз жана насыя каражаттарын окмоттун макулдугунун негизинде тартууга укуктуу,окмот насыя жана карыз келишимдеги баардык шарттарын бекитет

 

  8.Оперативдик жана бюджеттик пландаштыруу, эсеп жана отчеттуулук.

 

8.1. – МИна жыл сайын өкмөткө оперативдик жана бюджеттик планын, аткаруу графигин жана мөөнөтүн бекиттирип турууга милдеттүү.

8.2. –МИна КР нын мыйзамдарында белгиленген тартипте бухгалтердик жана статистикалык оперативдүү эсеп жүргүзөт.

8.3.-МИна ар бир кварталдын аягында жана жылдын аягы боюнча түзүлгөн бюджеттик жана оперативдик башкаруу планы, баланс, аткаруу графиги мөөнөтү боюнча өкмөткө отчет берип турууга милдеттүү.

8.4. –бухгалтердик эсепттердин, финансылык документтердин, отчеттуулуктун башка формаларын жүрүшү, берилиши үчүн муниципалдык ишкананын директору жооп берет.

8.5. –МИнын биринчи каржы жылы анын катталган күнүнөн башталат, кийинки календарга ылайыкталат.

8.6.-МИнын ишмердүүлүгүн текшерүү максатында өкмөт аудит тартууга укуктуу.

 

9.ТАРИФТЕРДИН СТРУКТУРАСЫ.

 

9.1. Жалпы айыл тургундарына жана юридикалык жактарга кызмат көрсөтүү тарифтери МИнын директору тарабынан түзүлүп, Кеңеш айылдык кеңеши тарабынан монополияга каршы саясат жүргүзүүчү ыйгарым укуктуу орган менен макулдашылгандан соң бекитилет. Кеңештин кароосуна коюлган тарифтердин түзүмү Ишкана көрсөткөн кызматтарды кармап туруу үчүн чыгымдарды толук жабуу принцибине негизделиши керек.

Тарифтин түзүмү төмөнкүлөрдөн турат:

а) керектөө нормалары (эгер бар болсо);

б) тарифтик ставкалар (утурумдук чыгашалардан жана амортизациядан турган);

в) кызмат көрсөтүү же талапка жооп бербеген сапаттагы кызматтарды көрсөтүү атайылап үзгүлтүккө учураганда кайра эсептөө түзүмдөрү;

3. Тарифтин түзүмүн өзгөртүү Кеңеш тарабынан бекитилет. Бекитилгенден кийин гана

 Кеңеш тарифтердин такталган түзүмүн

 4. Тарифти өзгөртүүдө ишкана өкмөткө төмөнкүлөрдү берет:

 а) жаңы тарифтик структуранын таасирин финансылык талдоо, анын ичинде таза

жыйымдардан түшүүлөрдүн көбөйүшү (азайышы);

 б) орточо үй-бүлөнүн жана орточо чакан/орто же ири ишканалардын финансылык жүгүн өзгөртүү;

 в) жаңы тарифтик структуранын жыйноо ставкасына күтүлгөн таасири;

 г) тарифтик структураны кайра карап чыгуу зарылчылыгынын негиздемеси жана кошумча ресурстар кандайча бөлүштүрүлө тургандыгы жөнүндө түшүндүрмө;

г) төлөнбөгөн учурда кызматты токтотуу боюнча нускамалар.

д) негиздүү эсептөөлөр менен тарифти өзгөртүү жөнүндө сунуш аларды бекитүү үчүн Кеңештин кароосуна киргизилет. Ишкана кызматтарды көрсөтүү үзгүлтүккө учураганда же болбосо өкмөт менен макулдашуу боюнча кайра эсептөөлөрдү тарифтик түзүмгө киргизүүгө укуктуу.

 

сапат стандарттарына жооп бербеген кызматтар. Потенциалдуу кайра эсептөөлөрдү камтыган тарифтердин түзүмү тейлөөдөгү үзгүлтүктөрдү же талапка жооп бербеген сапаттагы кызматтарды көрсөтүүнү документтештирүүнүн ички жол-жоболоруна негизделет.

 6. Тарифти өзгөртүүдө коомдук угуулар өткөрүлүшү мүмкүн.

7. Тарифтик түзүмгө өзгөртүүлөрдү Кеңеш, Кеңеш же өкмөт бекиткенге чейин коомдук угууларды өткөрүү убактысын жана ордун көрсөтөт.

 

 8. Кеңештин сессиялары же коомдук угуулар жөнүндө билдирүү, ошондой эле күн тартиби угууларга бир жума калганда жарыяланышы керек. Кењештин сессиясы же угуусу жөнүндө кабарлоодо тарифинин жањы түзүмүнүн көчүрмөлөрү же башка тиешелүү маалыматтар коомчулуктун кароосуна берилиши мүмкүн болгон угуунун убактысы жана орду көрсөтүлүүгө тийиш.

 

     10.МУНИЦИПИАЛДЫК ИШКАНАНЫ КАЙРА УЮШТУРУУ ЖАНА ЖОЮУ.

 

10.1.-МИны кайра уюштуруу токтому менен КРнын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.

10.2. МИнын ыйгарым укуктары жана милдеттери кайра уюштурууда КРнын мыйзамдарынын негизинде анын укук мураскоруна өтөт.

10.3. МИна жоюлган учурда(соттун чечими менен жоюлуудан тышкары) уюштуруучу атайын жоюу комиссиясын түзөт. Жоюу комиссия МИнын жоюулуш шарттарын, мөөнөтүн аныктайт.Жоюу комиссия түзүлгөн учурдан баштап ага МИнын иштерин МИнын иштерин башкаруу ыйгарым укуктары өтөт. Жоюу комиссиясы үчүнчү жактар менен МИнын атынан катышат. Жоюу комиссиясы КРнын мыйзамдарына ылайык МИнын , анын жумушчуларына, үчүнчү жактарга келтирилген чыгаша жана зыян үчүн жоопкерчиликте турат.

10.4. МИны жоюуда насыя берүүчүлөрдүн кызыкчылыктары канааттандырылгандан калган мүлк айыл өкмөтүнүн балансына толук өтөт.

10.5. МИна мамлекеттик реестрге тийешелүү жазуу киргизилгенден баштап жоюлду деп эсептелинет.

10.6. Уставта каралбай калган кайра уюштуруу жана жоюу шарттары КРнын мыйзамдары менен жөнгө салынат.

 

МИ директору

Стамбаев Т