Редакцияот 19.06.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Жалал-Абад шаардык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги XLIII сессия

сессиясынын

 

2024-жылынын 19- июну №9

 

“Жалал-Абад шаарынын мэриясынын “Жалал-Абад жылуулук” муниципалдык мекемеси жөнүндө”

 

            Жалал-Абад шаарынын мэриясынын 27.05.2024-жылдагы чыг.№01-19/2787 сандуу каты жана ага тиркелген иш-кагаздары, Жалал-Абад шаардык депутаттар кеӊешинин 06.06.2024-жылдагы кеңейтилген жыйынында каралып, Жалал-Абад шаардык депутаттар кеңешинин кезектеги XLIII сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. “Жалал-Абад жылуулук” муниципалдык мекемесин түзүүгө макулдук берилсин.

 

  1. Жалал-Абад шаарынын мэриясынын “Жалал-Абад жылуулук” муниципалдык мекемесинин Жобосу №1-тиркемеге ылайык бекитилсин.

 

  1. Жалал-Абад шаарынын мэриясына, “Жалал-Абад жылуулук” муниципалдык мекемесинин Жобосу мыйзам чегинде юридикалык жак катары катоодон өткөрүүнү көзөмөлгө алуу жагы милдеттендирилсин.

 

  1. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (О.Эшенкулов) милдеттендирилсин.

 

  1. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Жалал-Абад шаардык депутаттар кеңештин социалдык-укуктук маселелер, мыйзамдуулук, регламент, депутаттык этика, ишмердүүлүк, партиялар, коомдук уюмдар жана кыймылдар боюнча туруктуу комиссияларына милдеттендирилсин.

 

  1. Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jalal-abad.gov.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

 

Төрага:

Н.Орозбеков