Загрузка документа…
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 13-июнундагы № 310 токтомуна)
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук онкология жана гематология борбору жөнүндө ЖОБО
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 3- февралындагы № 54 токтомунун редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук онкология жана гематология борборунун (мындан ары - Борбор) ишинин тартибин аныктайт.
2. Борбор жогорку технологиялуу жабдууларды, алдыңкы илимий жетишкендиктерди пайдалануу менен онкология, радиология жана гематология жаатында адистештирилген медициналык-санитардык жардам көрсөтүүчү жана жогорку квалификациялуу медициналык кадрларды тартуу менен дарылоо-алдын алуу, билим берүү ишин жана фундаменталдык жана колдонмо медицина жаатында илимий изилдөөлөрдү жүзөгө ашыруучу үчүнчүлүк деңгээлдеги саламаттык сактоонун мамлекеттик дарылоо-алдын алуу, илимий-изилдөө уюму болуп эсептелет.
3. Борбор уюштуруучулук-укуктук формада юридикалык жак - финансы-чарбалык жана укуктук өз алдынча, обочолонгон мүлкү, өз алдынча балансы, финансы-кредиттик мекемелерде алыш-бериш жана башка эсептери, мамлекеттик, расмий тилдерде өзүнүн аталышы менен тегерек мөөрү жана штампы бар мекеме болуп эсептелет.
4. Борбор мыйзамдарда каралган жарандык-укуктук бүтүмдөрдү жүзөгө ашырат, сотто доогер жана жоопкер катары чыгат, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген укуктарга жана милдеттерге ээ.
5. Борбор өз ишинде Кыргыз Республикасын Конституциясын, "Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө", "Кыргыз Республикасындагы саламаттык сактоо уюмдары жөнүндө", "Илим жөнүндө", "Калкка онкологиялык жардам көрсөтүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдорун, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин буйруктарын, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
6. Борбордун уюштуруучусу болуп Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети эсептелет.
7. Борбордун иши саламаттык сактоо жана илим чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган учурда жана тартипте мамлекеттик аттестацияланууга/аккредитацияланууга тийиш.
8. Борбордун юридикалык дареги: 720064, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Жукеев-Пудовкин көчөсү, 73.
9. Борбордун расмий аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук онкология жана гематология борбору";
- расмий тилде: "Национальный центр онкологии и гематологии при Министерстве здравоохранения Кыргызской Республики".
Кыскартылган аталышы:
- мамлекеттик тилде: "КР ССМ УОГБ";
- расмий тилде: "НЦОГ МЗ КР".
2-глава. Борбордун максаттары жана милдеттери
10. Борбордун ишинин максаты калкка сапаттуу дарылоо-алдын алуу жардам көрсөтүү, ошондой эле ушул Жобого ылайык өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө олуттуу салым кошууга жөндөмдүү онкология жана гематология жаатындагы илимий-изилдөө, өндүрүштүк ишти жүргүзүү, инновациялык продукцияны иштеп чыгуу болуп саналат.
11. Борбордун милдеттери:
1) калкка онкология, радиология жана гематология жаатында жогорку адистештирилген, жогорку квалификациялуу жана жогорку технологиялык жардам көрсөтүү;
2) Кыргыз Республикасынын калкынын онкологиялык, гематологиялык жана шишикке чейинки оорулардын натыйжасында ооруларга чалдыгууларды, өлүмгө учуроолорду жана майып болууну төмөндөтүүгө багытталган далилдүү медицинанын принциптерин пайдалануу менен саламаттык сактоону өнүктүрүү жана реформалоо программасы менен аныкталган саламаттык сактоо жаатындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруу жана мониторинг жүргүзүү;
3) онкологиялык, гематологиялык жана шишикке чейинки оорулардын алгачкы жана экинчи алдын алуунун натыйжалуу системасын түзүүдө илимий-практикалык жардам жана сапаттуу медициналык жардам көрсөтүү;
4) онкологиялык, гематологиялык жана шишикке чейинки оорулары бар бейтаптардын алдын алуунун, диагностикалоонун, дарылоонун жана реабилитациялоонун жаңы жогорку натыйжалуу жана жогорку технологиялык, анын ичинде дары-дармексиз методдорун иштеп чыгуу жана ишке киргизүү;
5) онкология, гематология жана ядролук медицина боюнча кадрларды, анын ичинде дипломдон кийинки, чет өлкөлөрдөгүнү кошкондо, даярдоо жана кайра даярдоону уюштуруу жана жүргүзүү;
6) Борбордун профилине ылайык келген илимдин багыттары боюнча фундаменталдык жана колдонмо изилдөөлөрдү жүргүзүү;
7) онкологиялык, гематологиялык жана шишикке чейинки оорулар боюнча фундаменталдык жана колдонмо изилдөөлөр жаатында инновациялык технологияларды координациялоо жана түзүү;
8) илимий-изилдөө иштеринде жеке сектордун (бизнес-түзүмдөрдүн) инновациялык потенциалын жана натыйжалуулугун пайдалануу;
9) инфраструктуралык объекттерди жана/же инфраструктуралык кызмат көрсөтүүлөрдү түзүү жана/же модернизациялоо, эксплуатациялоо жана күтүү боюнча долбоорлорду иштеп чыгуу жана ишке ашыруу максатында мамлекеттик жана жеке өнөктөштөрдүн ортосундагы кызматташтык.
12. Жүктөлгөн милдеттерине ылайык Борбор төмөнкү функцияларды аткарат:
1) Кыргыз Республикасынын калкынын онкологиялык, гематологиялык жана шишикке чейинки оорулар менен ооруларын, өлүмгө учуроосун жана майып болуусун төмөндөтүүгө багытталган саламаттык сактоону өнүктүрүү жана реформалоо программаларына мониторинг жүргүзөт жана ишке ашырат;
2) республикадагы онкология, радиология, гематология жаатындагы илимий изилдөөлөрдү, ракка каршы кызматтын ишин координациялайт;
3) республикадагы ракка каршы жана гематологиялык кызмат боюнча уюмдардын ишин координациялайт;
4) шишикке чейинки, шишик жана гематологиялык оорулардын диагностикасын өз убагында жүргүзөт, калкка жогорку квалификациялык жана жогорку натыйжалуу адистештирилген жардам көрсөтөт;
5) онкологиялык жана гематологиялык бейтаптарга паллиативдүү жардамдын программаларын иштеп чыгат жана ишке ашырат;
6) онкология, радиология жана гематология жаатындагы программаларга жана изилдөөлөрдүн жыйынтыктарына баа берүү боюнча эксперттик комиссиялардын ишине катышат;
7) Борбордун профили боюнча жогорку квалификациядагы илимий-практикалык кадрларды даярдайт;
8) изилдөөлөрдүн жана практикалык иштин багыттары боюнча маалыматтар банкын (киндик каны, репродуктивдик иши үчүн биологиялык материалдарды) түзөт;
9) калктын саламаттыгын сактоонун мамлекеттик программаларына ылайык келишимдик негизде заказдарды аткарат;
10) өзүнүн материалдык-техникалык базасын чыңдайт жана өнүктүрөт.