Документке
Мурунку19.06.2024

 

ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Жалал-Абад шаардык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги XLIII сессия

сессиясынын

 

2024-жылынын 19- июну №13

 

“Жалал-Абад шаарынын Бахрейн шаарчасында жайгашкан спорт залды оперативдик башкарууга берүү жөнүндө”

 

            Жалал-Абад шаарынын мэриясынын 03.06.2024-жылдагы чыг.№01-19/2967 сандуу чыгыш каты жана ага тиркелген иш кагаздары Жалал-Абад шаардык депутаттар кеӊешинин кеңейтилген жыйынында каралып, Жалал-Абад шаардык депутаттар кеңешинин кезектеги XLIII сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. Жалал-Абад шаарынын Р.Азимов көчөсүнүн №82а дарегиндеги муниципалдык менчик башкармалыгынын балансындагы спорт залды 2307,5 чарчы метр жер аянты менен Жалал-Абад шаардык билим берүү бөлүмүнө оперативдик башкарууга өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.

 

  1. Жалал-Абад шаарынын билим берүү бөлүмүнүн башчысы (Ы.Калчаев) оперативдик башкарууга берилген мүлктөрдүн сакталуусун өз жоопкерчилигине алуу жагы милдеттендирилсин.

 

  1. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (О.Эшенкулов) милдеттендирилсин.

 

  1. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин курулуш, транспорт, коммуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

 

  1. Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jalal-abad.gov.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

 

Төрага:

Н.Орозбеков

 

Жаңы27.08.2024

Жалал-Абад шаардык кеӊешинин 2024-жылдын 27-августундагы № 20 токтомуна ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕҢЕШИ