Документке
Мурунку29.05.2023

ИСХАК-ПОЛОТХАН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН

АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Исхак-Полотхан айыл аймагынын айылдык кеңешинин жетинчи чакырылыш кезексиз жыйырма алтынчы сессиясы

2023-жылдын 29-майындагы №85

Жер мунапысынын субъектисине бекитилүүчү жер участогунун чектик өлчөмдөрүн бекитүү жөнүндө

Исхак-Полотхан айыл аймагынын айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын кезексиз жыйырма алтынчы сессиясына сунушталган Исхак-Полотхан айыл аймагынын айылдык кеңешинин айыл чарба, жер, муниципалдык менчик, архитектура, курулуш жана транспорт боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин, Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары Б.Коргонбаевдин 23.05.2023-ж.№01-17/1296, Исхак-Полотхан айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын 23-майындагы № 259 катында белгиленген маселелерди талкуулап чыгып, Исхак-Полотхан айылдык кеңеши токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 18.10.2022-жылдагы “Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндөгү Жобону бекитүү тууралуу” № 291 токтому аткарууга алынсын.

2. Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары Б.Коргонбаевдин 23.05.2023-ж.№01-17/1296, Исхак-Полотхан айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын 23-майындагы № 259 сунуш каттары эске алынсын.

3. Исхак-Полотхан айыл аймагында мыйзамсыз курулган турак-жайларга жер мунапысынын субъектине бекитилип берилүүчү жер участогунун чектик өлчөмдөрү төмөнкүдөдөй аныкталсын:

-таштак жайыттар үчүн чектик өлчөмү 0,10 га;

-сугат жерлерге- 0,04 га;

4. Токтомду мыйзамда белгиленген тартипте аткарууга алуу жагы Исхак-Полотхан айыл өкмөтүнө (Ж.Дыкановго) милдеттендирилсин.

5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Исхак-Полотхан айыл аймагынын айылдык кеңешинин айыл чарба, жер, муниципалдык менчик, архитектура, курулуш жана транспорт боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

6. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана айылдык кеңештин регламентинин талаптарына ылайык ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын реестрине каттоо жагы айылдык кеңештин жооптуу катчысы О.Шакировго милдеттендирилсин.

Төрага

Кожонов З.Ы.

Жаңы24.12.2024

ИСХАК-ПОЛОТХАН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН

АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Исхак-Полотхан айыл аймагынын айылдык кеңешинин жетинчи чакырылыш кезексиз жыйырма алтынчы сессиясы

2023-жылдын 29-майындагы №85

Жер мунапысынын субъектисине бекитилүүчү жер участогунун чектик өлчөмдөрүн бекитүү жөнүндө

(Исхак-Полотхан айыл аймагынын айылдык кенешинин 2024-жылдын 24-декабрындагы №8 токтомунун редакциясына ылайык)

Исхак-Полотхан айыл аймагынын айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын кезексиз жыйырма алтынчы сессиясына сунушталган Исхак-Полотхан айыл аймагынын айылдык кеңешинин айыл чарба, жер, муниципалдык менчик, архитектура, курулуш жана транспорт боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин, Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары Б.Коргонбаевдин 23.05.2023-ж.№01-17/1296, Исхак-Полотхан айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын 23-майындагы № 259 катында белгиленген маселелерди талкуулап чыгып, Исхак-Полотхан айылдык кеңеши токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 18.10.2022-жылдагы “Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндөгү Жобону бекитүү тууралуу” № 291 токтому аткарууга алынсын.

2. Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары Б.Коргонбаевдин 23.05.2023-ж.№01-17/1296, Исхак-Полотхан айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын 23-майындагы № 259 сунуш каттары эске алынсын.

3. (Исхак-Полотхан айыл аймагынын айылдык кенешинин 2024-жылдын 24-декабрындагы №8 токтомунун редакциясына ылайык күчүн жоготту).