Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН СУУ РЕСУРСТАРЫ, АЙЫЛ ЧАРБА ЖАНА КАЙРА ИШТЕТҮҮ ӨНӨР ЖАЙЫ МИНИСТРЛИГИ
БУЙРУК
2024-жылдын 4-июлу № 04-13/225
“Кыргыз Агрохолдинг” ачык акционердик коомунун уставын бекитүү жөнүндө
(КР Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин 2025-жылдын 10-февралындагы № 04-13/35, 2025-жылдын 13-августундагы № 05/2-17/205 буйруктарынын редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 29-апрелиндеги № 210 “Кыргыз Агрохолдинг” ачык акционердик коомун түзүү жөнүндө” токтомунун 6-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтомуна, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-мартындагы № 98 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги жөнүндө жобонун 14-пунктуна ылайык буйрук кылам:
1. “Кыргыз Агрохолдинг” ачык акционердик коомунун уставы тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин (мындан ары – Министрлик) репутацияны башкаруу бөлүмү ушул буйрук катталган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралындагы № 117 “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын расмий жарыялоонун булактары жөнүндө” токтомуна ылайык расмий жарыяланышын камсыз кылсын.
3. Министрликтин чечимдерин ишке ашыруу башкармалыгы:
– буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде ушул буйруктун эки нускадагы көчүрмөсүн мамлекеттик жана расмий тилдерде, кагаз жана электрондук түрдө, анын жарыяланган булагы жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн;
– ушул буйрук күчүнө кирген күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде маалымат үчүн, бул буйруктун көчүрмөсүн жарыяланган булагын көрсөтүү менен мамлекеттик жана расмий тилдерде, кагаз жана электрондук түрдө Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жөнөтсүн.
4. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо кайра иштетүү өнөр жайы, органикалык өндүрүш, экспорт жана интеграция, азык-түлүк коопсуздугу чөйрөсүндөгү саясатты иштеп чыгуу маселелерин тейлеген Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басарына жүктөлсүн.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН СУУ РЕСУРСТАРЫ, АЙЫЛ ЧАРБА ЖАНА КАЙРА ИШТЕТҮҮ ӨНӨР ЖАЙЫ МИНИСТРЛИГИ
БУЙРУК
2024-жылдын 4-июлу № 04-13/225
“Кыргыз Агрохолдинг” ачык акционердик коомунун уставын бекитүү жөнүндө
(КР Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин 2025-жылдын 10-февралындагы № 04-13/35, 2025-жылдын 13-августундагы № 05/2-17/205, 2026-жылдын 2-октябры № 05/2-17/300 буйруктарынын редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 29-апрелиндеги № 210 “Кыргыз Агрохолдинг” ачык акционердик коомун түзүү жөнүндө” токтомунун 6-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтомуна, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-мартындагы № 98 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги жөнүндө жобонун 14-пунктуна ылайык буйрук кылам:
1. “Кыргыз Агрохолдинг” ачык акционердик коомунун уставы тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин (мындан ары – Министрлик) санариптештирүү жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү өнүктүрүү бөлүмү ушул буйрук катталган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралындагы № 117 “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын расмий жарыялоонун булактары жөнүндө” токтомуна ылайык расмий жарыяланышын камсыз кылсын.
(КР Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин 2026-жылдын 2-октябры № 05/2-17/300 буйругунун редакциясына ылайык)
3. Министрликтин кайра иштетүү өнөр жайын өнүктүрүү башкармалыгы: