Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ

2024-жылдын 28-июну ПЖ № 169

Кыргыз Республикасынын адабият жана искусство жаатындагы Токтогул атындагы мамлекеттик сый акысы жөнүндө

(КР Президентинин 2025-жылдын 30-июлундагы ПЖ № 224 Жарлыгынын редакциясына ылайык)

 

"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары, ардак наамдары жана мамлекеттик сый акылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесинин 4-бөлүгүн, 2-беренесинин 4-бөлүгүнүн 2-пунктун, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 10-бөлүгүнүн 1-пунктун, 71-беренесин жетекчиликке алып, токтом кылам:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

1) Кыргыз Республикасынын адабият жана искусство жаатындагы Токтогул атындагы мамлекеттик сый акысы жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;

2) Кыргыз Республикасынын адабият жана искусство жаатындагы Токтогул атындагы мамлекеттик сый акысы боюнча коомдук комиссиянын курамы 2-тиркемеге ылайык;

3) Кыргыз Республикасынын адабият жана искусство жаатындагы Токтогул атындагы мамлекеттик сый акысынын лауреатынын ардак белгисинин сыпаттамасы 3-тиркемеге ылайык;

4) Кыргыз Республикасынын адабият жана искусство жаатындагы Токтогул атындагы мамлекеттик сый акысынын лауреатынын ардак белгисинин техникалык мүнөздөмөлөрү 4-тиркемеге ылайык;

5) Кыргыз Республикасынын адабият жана искусство жаатындагы Токтогул атындагы мамлекеттик сый акысынын лауреатынын ардак белгисинин техникалык эскизи 5-тиркемеге ылайык;

6) Кыргыз Республикасынын адабият жана искусство жаатындагы Токтогул атындагы мамлекеттик сый акысынын лауреатынын ардак белгисинин күбөлүгүнүн сыпаттамасы 6-тиркемеге ылайык.

2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

1) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 24-ноябрындагы № 531 "Кыргыз Республикасынын адабият жана искусство жаатындагы Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгы жөнүндө" Жарлыгы;

2) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 23-июнундагы № 204 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 24-ноябрындагы № 531 "Кыргыз Республикасынын адабият жана искусство жаатындагы Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгы жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Жарлыгы.

3. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын Президенти

 

С.Н. Жапаров

 

 

2-тиркеме

Кыргыз Республикасынын адабият жана искусство жаатындагы Токтогул атындагы мамлекеттик сый акысы боюнча коомдук комиссиянын КУРАМЫ

(КР Президентинин 2025-жылдын 30-июлундагы ПЖ № 224 Жарлыгынын редакциясына ылайык)

 

Шаршенбаев Мелис

-

Кыргыз Республикасынын адабият жана искусство жаатындагы Токтогул атындагы мамлекеттик сый акысы боюнча коомдук комиссиянын төрагасы;

Абакиров Курманбек

-

Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин кыргыз филологиясы факультетинин кыргыз адабияты кафедрасынын башчысы;

Ажиев Садабек Ботобекович

-

Кыргыз Республикасынын Көркөм сүрөт академиясынын окутуучусу;

Азыкбаев Курмангазы Айылчиевич

-

Кыргыз Республикасынын эл артисти, музыкант;

Акматалиев Абдылдажан Амантурович

-

Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун директору;

Акматалиев Каридин Сартбаевич

-

Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин доценти, профессору;

Ибраев Анарбек Адылович

-

Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин искусство факультетинин деканы;

Иннокентьева Нургуяна Николаевна

-

С.А.Чуйков атындагы Кыргыз мамлекеттик көркөм сүрөт окуу жайынын атайын сабактардын окутуучусу;

Кадырманбетова Айнура Кумоновна

-

Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун жетектөөчү илимий кызматкери;

Каныметова Кулайым Кызайбайевна

-

Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын артисти;

Кариев Бейсен Сергеевич

-

Б.Н.Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетинин архитектуралык чөйрөнүн дизайны кафедрасынын башчысы;

Молдалиева Людмила Джапаровна

-

Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин окутуучусу, театр сынчысы;

Мусаев Манасбек

-

Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин профессору;

Саламатов Тимур Сагынбаевич

-

Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин доценти, профессору;

Султанов Сапарбек Асекович

-

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген куруучусу, архитектор;

Турдубаев Бакытбек Алтыбаевич

-

кинодраматург;

Усубалиев Таалайбек Сыдыманович

-

Кыргыз Республикасынын эл сүрөтчүсү, жогорку категориядагы реставратор;

Чаланов Ишенбек

-

С.А.Чуйков атындагы Кыргыз мамлекеттик көркөм сүрөт окуу жайынын атайын сабактардын окутуучусу;

Шмырина Анна Геннадьевна

-

Кыргыз Республикасынын Ч.Айтматов атындагы мамлекеттик улуттук орус драма театрынын режиссер-коюучусу.