Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 28-майындагы № 282 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 6-июлу № 367
Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын жана калкын күз-кыш мезгилине даярдоонун айрым маселелери жөнүндө
Экономика тармактарын жана калкты отун ресурстары менен өз убагында камсыз кылуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 28-майындагы № 265 "Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын жана калкын 2024/2025-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдоо жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 13-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"13. "Кыргызкөмүр" МИ:
1) Бишкек шаарынын ЖЭБи жана "Кыргызжылуулукэнерго" МИнин филиалдары үчүн графикке ылайык көмүрдү зарыл көлөмдө жеткирүүнү, ошол эле учурда көмүрдүн тиешелүү сапатын камсыз кылсын;
2) Миң-Куш көмүр кенинин "Агулак" участогун геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүү жана иштетүү максатында жер казынасын пайдалануу укугунан баш тартсын;
3) Бишкек шаарынын ЖЭБи үчүн Миң-Куш көмүр кенинин "Агулак" участогунан 180 миң тонна өлчөмдөгү көмүрдү акысыз негизде жеткирүүнү камсыз кылуу укугун Бишкек шаарынын ЖЭБине өткөрүп берсин.";
2) төмөнкүдөй мазмундагы 131-пункт менен толукталсын:
"131. Бишкек шаарынын ЖЭБи өз муктаждыктары үчүн Миң-Куш көмүр кенинин "Агулак" участогунан көмүрдү өз алдынча ташууну камсыз кылсын.";
3) жогоруда аталган токтомдун 11-тиркемесинде:
- "Электр станциялар" ААК" бөлүмүнүн "БР, БЗ маркаларындагы жогорку калориядагы 5500 ккал/кг" сабынын "Жооптуулар" графасында "ЭМ, "Кыргызкөмүр" МИ" деген сөздөр "Бишкек шаарынын мэриясы" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- "Бишкек шаарынын ЖЭБи" бөлүмүнүн "БР, БЗ маркаларындагы жогорку калориядагы 5500 ккал/кг" сабынын "Жооптуулар" графасында "ЭМ, "Кыргызкөмүр" МИ" деген сөздөр "Бишкек шаарынын мэриясы" деген сөздөргө алмаштырылсын.