КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2024-жылдын 18-июлу № 128
Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлиндеги административдик-аймактык бирдиктер жөнүндө
(КР 2024-жылдын 13-сентябрындагы № 165 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун административдик-аймактык бирдиктери түзүлсүн жана алардын административдик чектери бекитилсин:
1) Кадамжай району боюнча:
түзүлсүн:
- административдик борбору Үч-Коргон айылы менен Үч-Коргон айыл аймагы түзүлсүн жана 1-тиркемеге ылайык схемалык картанын жана чегинин баяндамасынын негизинде административдик чеги бекитилсин;
- административдик борбору Кара-Дөбө айылы менен А.Масалиев айыл аймагы түзүлсүн жана 2-тиркемеге ылайык схемалык картанын жана чегинин баяндамасынын негизинде административдик чеги бекитилсин;
- административдик борбору Айрыбаз айылы менен Майдан айыл аймагы түзүлсүн жана 3-тиркемеге ылайык схемалык картанын жана чегинин баяндамасынын негизинде административдик чеги бекитилсин;
- административдик борбору Алга айылы менен Молдо Нияз айыл аймагы түзүлсүн жана 4-тиркемеге ылайык схемалык картанын жана чегинин баяндамасынын негизинде административдик чеги бекитилсин;
- административдик борбору Учкун айылы менен Орозбеков айыл аймагы түзүлсүн жана 5-тиркемеге ылайык схемалык картанын жана чегинин баяндамасынын негизинде административдик чеги бекитилсин;
бекитилсин:
- 6-тиркемеге ылайык схемалык картанын жана чегинин баяндамасынын негизинде административдик борбору Ормош айылы менен Бирлик айыл аймагынын административдик чеги;
- 7-тиркемеге ылайык схемалык картанын жана чегинин баяндамасынын негизинде административдик борбору Жаңы-Жер айылы менен Ак-Турпак айыл аймагынын административдик чеги;
- 8-тиркемеге ылайык схемалык картанын жана чегинин баяндамасынын негизинде административдик борбору Жеңиш айылы менен Исхак-Полотхан айыл аймагынын административдик чеги;
- 9-тиркемеге ылайык схемалык картанын жана чегинин баяндамасынын негизинде Кадамжай шаарынын административдик чеги;
- 10-тиркемеге ылайык схемалык картанын жана чегинин баяндамасынын негизинде Айдаркен шаарынын административдик чеги;