Документке
Мурунку17.10.2023

ТАШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ

ТОКТОМ

Таш-Дөбө айылдык кеңешинин ХХVIII чакырылышынын 33-чү кезектеги жыйыны

 

2023-жылдын 17-октябрындагы № 91

 

Таш-Дөбө айыл өкмөтүнүн үлүштүк катышуусунун негизинде көп кабаттуу үй куруу үчүн жер участогун убактылуу пайдаланууга (ижарага) берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамына ылайык, Кыргыз Республикасынын Жер кодексине ылайык, Таш-Дөбө айылдык кеңеши:

 

ТОКТОМ  кылат:

 

1. Орто-Сай айылында, №5 контурда жайгашкан жер тилкелерин: «Ордо Холдинг» ЖЧКсына 4 га жер тилкесин, ОсОО «Мейкин Билдинг» ЖЧКсына 2 га жер тилкесин жана «Главдомстрой» ЖЧКсына 2 га жер тилкесин, 5 жылдык мөөнөткө үлүштүк курулуш шартында убактылуу пайдаланууга (ижарага) берилсин.

 

2. Курулуш компаниялары менен Таш-Дөбө айыл өкмөтү менен үлүштүк катышуу шартында жер тилкесин ижара берүү келишими түзүлсүн.

 

3. Таш-Дөбө айыл өкмөтүнүн үлүшү жалпы пайдалуу сатылуучу аянттын 100 (жүз) пайызынан 15 (он беш) пайыз коммерциялык аянтчалар өлчөмүндө белгиленсин.

 

4. Ижара акысынын өлчөмү Таш-Дөбө айылдык кеңешинин 2023-жылдын 25-апрелиндеги №64 токтому менен бекитилген тарифтерге ылайык белгиленсин.

 

5. «Ордо Холдинг» ЖЧКсынан төмөнкү социалдык пакеттерди кабыл алуу:

ü  Чокморов айыл аймагына 250 м тереңдиктеги таза ичүүчү суу жаңы скважинасын бургулоо.

ü  Таш-Дөбөн айыл өкмөтүнө экскаватор алып берүү.

ü  Заречное айылына жаңы кичи футбол стадионунун куруу

 

6. «Мейкин Билдинг» ЖЧКсынан төмөнкү социалдык пакеттерди кабыл алуу:

ü  Таш-Дөбө айылындагы Бегелдинов көчөсүндөгү балдардын мектепке чейинки билим берүү борборун (балдар бакчасын) капиталдык оңдоо жана аймакты жашылдандыруу.

ü  Малиновка айылынын балдардын мектепке чейинки билим берүү борборун (балдар бакчасын) капиталдык оңдоо жана аймагын жашылдандыруу.

 

7. «Главдомстрой» ЖЧКсынан Таш-Дөбө айыл аймагына 250 м тереңдиктеги таза ичүүчү суу жаңы скважинасын бургулоо социалдык пакеттерди кабыл алынсын. (химсклад).

 

8. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Таш-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучусу Адашпасов Н.Н. жүктөлсүн.

 

 

Төрага

 

Курманбаев А.Б.

 

 

 

Жаңы30.11.2023

Таш-Дөбө айылдык кеңешинин 2023-жылдын 30-ноябрындагы № 97 токтомуна ылайык

ЖОККО ЧЫГАРЫЛДЫ

ТАШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ

Таш-Дөбө айылдык кеңешинин ХХVIII чакырылышынын 33-чү кезектеги жыйыны