Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 5-мартындагы № 128 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Кыргыз аккредитациялоо борбору жөнүндө ЖОБО
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 21-июнундагы № 238 токтомунун редакциясына ылайык)
Ушул Жобо Кыргыз аккредитациялоо борборунун (мындан ары - КАБ) ишмердигинин укуктук жана уюштуруучулук, ошондой эле аткаруу бийлигинин органдары, уюмдар жана ишканалар менен өз ара мамилелешүүсүнүн негиздерин аныктайт.
I. Жалпы жоболор
1. КАБ Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан шайкештикти баалоо боюнча органдарды аккредитациялоо тармагында шайкештикти баалоо боюнча органдардын компетенттүүлүгүн ырастоо үчүн шарттарды түзүүгө, аларга ишеничти арттырууга жана алардын иштеринин натыйжасын таануу үчүн шарттарды түзүүгө багытталган бирдиктүү саясат жүргүзүүгө ыйгарым укук берген шайкештикти баалоо боюнча органдарды аккредитациялоочу улуттук орган болот. 2. КАБ өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана башка ченемдик укуктук актыларын, аккредитациялоо боюнча эл аралык ченемдерди жана эрежелерди жана ушул Жобону жетекчиликке алат. 3. КАБ өзүнүн чечүүсүнө кирген маселелер боюнча чечимдерди кабыл алууда көз карандысыз. 4. КАБ өзүнүн ишмердигин аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары, коомдук бирикмелер, илимий жана башка уюмдар жана ишканалар менен өз ара аракеттенүү аркылуу жүзөгө ашырат. 5. КАБ "мамлекеттик мекеме" катары уюштуруучулук-укуктук түзүлүштөгү өз алдынча юридикалык тарап болуп саналат, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби түшүрүлгөн жана өзүнүн аталышы мамлекеттик жана расмий тилдерде жазылган мөөргө, ошондой эле өзүнүн логотибине ээ. 6. КАБ Кыргыз Республикасынын Экономика жана каржы министрлигинин казыначылыгынын системасында белгиленген тартипте эсеп-кысап жана башка эсептерди ача алат, өз алдынча баланска ээ, мүлктүк жана жеке мүлктүк эмес укуктарды ээлей жана милдеттерди аткара алат, сотто доогер жана жоопкер боло алат.
II. КАБдын негизги максаттары
7. КАБдын негизги максаттары төмөнкүлөр болуп саналат: - эл аралык практикага жана стандарттарга ылайык аккредитациялоонун улуттук системасын түзүү жана өнүктүрүү; - шайкештикти баалоо боюнча органдардын иш билгилигин ырастоо үчүн шарттарды түзүү, аларга ишенимди жогорулатуу жана алардын ишмердигинин натыйжаларын таануу үчүн шарттарды түзүү максаттарында аккредитациялоо боюнча кызматтарды көрсөтүү.
III. КАБдын негизги милдеттери
8. КАБдын негизги милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат: - эл аралык талаптарга ылайык аккредитациялоо тармагындагы бирдиктүү саясатты камсыз кылуу; - эл аралык практикага жана стандарттарга ылайык шайкештикти баалоо боюнча органдардын техникалык иш билгилигин расмий таанууну жүзөгө ашыруу.
IV. КАБдын негизги функциялары
9. КАБдын негизги функциялары төмөнкүлөр болуп саналат: - шайкештикти баалоо боюнча аккредиттелген органдардын (мындан ары ШБО) ишмердигин аккредитациялоонун жана инспекциялык контроль жүргүзүүнүн, аккредитациялоо аттестатын берүү, узартуу, токтотуу жана аракеттенишин жокко чыгаруу, аккредитациялоо боюнча эл аралык стандарттардын негизинде ШБОну аккредитациялоо тармактарын кыскартуу, баалоо боюнча эксперттерге талаптарды коюу; арыздарды жана апелляцияларды берүү, кароо эрежелерин жана жол-жоболорун иштеп чыгуу жана өркүндөтүү; - берилген арыздардын негизинде ШБОну аккредитациялоону уюштуруу жана өткөрүү; - аккредиттелген ШБОнун ишмердигине инспекциялык контроль уюштуруу жана өткөрүү; - Кыргыз Республикасында лабораториялар аралык салыштырма сыноолорду жана өлчөөлөрдү өткөрүү боюнча ишмердикти уюштуруу жана координациялоо; - Аккредиттелген ШБОлордун реестрин жүргүзүү, АУО уюштурган квалификациясын текшерүүнүн программасын жана башка салыштырууларды жүргүзүү; - белгиленген түрдөгү аккредитациялоо аттестаттарын берүү; - кызматташтык жана ШБОну аккредитациялоону өз ара таануу жөнүндө эл аралык келишимдерди белгиленген тартипте түзүү; - аккредитациялоо тармагындагы ченемдик укуктук актыларды жана ченемдик иш кагаздарды эл аралык ченемдерге жана эрежелерге шайкеш келтирүү жаатында иштерге катышуу; - аккредитациялоо боюнча техникалык комитеттердин ишмердиктерин координациялоо; - аккредитациялоо эрежелеринин жана тартиптеринин жеткиликтүүлүгүн жана ачыктыгын камсыз кылуу; - аккредитациялоо боюнча иштерди жүзөгө ашыруу үчүн тартыла турган баалоочуларды жана эксперттерди тандоо, окутуу жана расмий дайындоо жол-жоболорун белгилөө; - баалоочулардын жана эксперттердин эсебин жүргүзүү.
V. КАБдын укуктары, милдеттери жана жоопкерчилиги
10. КАБ өзүнүн укуктарынын чектеринде жана өзүнө жүктөлгөн милдеттерди аткаруу максатында төмөнкүлөргө укуктуу: - аккредитациялоо боюнча иштерге катыштыруу үчүн эксперттерди жана баалоочуларды белгиленген тартипте тартууга; - КАБдын ыйгарым укуктарынын чектеринде арыз берүүчүлөрдөн, аткаруу бийлигинин органдарынан, коомдук бирикмелерден, илимий жана башка уюмдардан жана ишканалардан керектүү материалдарды жана маалыматтарды суроого жана алууга; - аккредитациялоо боюнча техникалык комитеттерди түзүүгө; - аккредитациялоо эрежелерин жана жол-жоболорун иштеп чыгууга жана өркүндөтүүгө; - белгиленген түрдөгү аккредитациялоо аттестаттарын берүүгө, жокко чыгарууга жана токтотууга; - аккредитациялоо боюнча ишкердикти жүзөгө ашырышкан эл аралык жана чөлкөмдүк уюмдардын иштерине катышууга; - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка укуктарга ээ болууга. 11. КАБ төмөнкүлөргө милдеттүү: - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте аккредитациялоо боюнча иштерди жүзөгө ашырууга; - аккредитациялоо боюнча жүргүзүлгөн иштердин объективдүүлүгүн, тууралыгын жана калыстыгын камсыз кылууга; - аккредитациялоо боюнча иштерди жүргүзүүнүн белгиленген тартибин жана мөөнөтүн сактоого; - белгиленген талаптарга жооп берген шартта ШБОго белгиленген үлгүдөгү аккредитациялоо аттестаттарын берүүгө; - аккредитациялануучу объектинин коммерциялык жашыруун сырларын түзгөн маалыматтарды жарыя кылбоого; - аккредитациялоо боюнча иштерди жүзөгө ашырган адистердин иш билгилигинин керектүү деңгээлин камсыз кылууга; - КАБдын расмий сайтында же жалпыга маалымат каражаттарында жана/же электрондук-сандык жалпы пайдалануудагы системада шайкештикти баалоо боюнча аккредиттелген органдар жөнүндө, аккредитациялоонун эрежелери жана тартиптери жөнүндө маалыматтарды, аккредитациялоонун натыйжаларын таануу тууралуу жана ишмердүүлүк жөнүндө маалыматтарды, ар жылдагы отчетту жарыялоого жана зарыл болгондо жаңылап турууга. 12. Аккредитациянын талаптарын бузгандык үчүн КАБ Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
VI. КАБынын ишмердигин уюштуруу
13. КАБды аккредитациялоо боюнча Кеңештин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри дайындай жана кызматтан бошото турган директор жетектейт. 14. КАБдын директорунун Кыргыз Республикасынын Премьер-министри директордун сунушу боюнча дайындай турган бир орун басары болот. 15. КАБдын директору: - КАБдын ишмердигине түздөн-түз жетекчиликти жүзөгө ашырат жана КАБга жүктөлгөн милдеттерди жана функцияларды аткаруу үчүн жекече жоопкерчиликти тартат, чечимдерди кабыл алуу боюнча комиссия тарабынан кабыл алынган чечимдердин негизинде белгиленген үлгүдөгү аккредитациялоо аттестаттарына кол коет, же бул укукту КАБдын жооптуу кызматкерине ыйгарат; - КАБдын кызматкерлерин дайындайт жана бошотот, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык сыйлоо жана тартиптик жаза чараларын колдонот; - кызматкерлер ортосундагы милдеттерди бөлүштүрөт; - өзүнүн ыйгарым укуктарынын чектеринде буйруктарды, буюртмаларды чыгарат, КАБдын бардык кызматкерлери аткарууга милдеттүү болгон тапшырмаларды жана көрсөтмөлөрдү берет; - берилген ыйгарым укуктардын чектеринде КАБды Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында жана эл аралык жана чөлкөмдүк уюмдарда көрсөтө алат; - чет өлкөлөрдүн аккредитациялоо боюнча улуттук органдары, ошондой эле эл аралык жана чөлкөмдүк уюмдар менен кызматташуу тууралуу келишимдерге жана макулдашууларга берилген тартипте кол коет. 16. Кыргыз аккредитациялоо борборунун кызматкерлеринин кызматтык маяналары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет. КАБдын түзүмүн жана штаттык санын директор бекитет. (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 21-июнундагы № 238 токтомунун редакциясына ылайык) 17. КАБ өзүнүн иштери тууралуу ар жылдагы отчетун андан ары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүн кабарландыруу менен Аккредитациялоо боюнча кеңештин бекитүүсүнө жиберет. 18. КАБдын алдында ШБОну аккредитациялоо жөнүндө чечимди кабыл алуучу орган катары, чечимдерди кабыл алуу боюнча комиссия иштейт. Комиссиянын тутумуна каралып жаткан ишмердиктин түрү боюнча ошол ШБОну баалоого катышпаган аккредитациялоо боюнча техникалык комитеттердин өкүлдөрү жана/же эксперттери кириши керек. Комиссиянын тутумуна аккредитация тармагында билимдерге ээ болгон башка уюмдардын өкүлдөрү кириши мүмкүн. Комиссиянын чечимдери калыс жана көз карандысыз негизде кабыл алынууга тийиш. Комиссия аккредитациялоо боюнча калыс жана көз карандысыз чечимдерди чыгаруучу орган болууга тийиш. Чечимдерди кабыл алуу боюнча комиссия тууралуу жобо жана тутуму АУО жетекчиси тарабынан бекитилет.
VII. КАБдын финансылык жана чарбалык ишмердиктери
19. КАБ өзүнүн ишмердигин жүзөгө ашыруу максатында төмөнкүлөрдү пайдаланат: - оперативдүү башкаруу укугу менен ага бекитилген мүлктү; - өзүнө тиешелүү акча каражаттарын, мүлктөрдү жана башка объекттерди, өзүнүн ишмердигинин натыйжалары болуп саналган интеллектуалдык жана чыгармачыл эмгектин азыктары болуп эсептелген материалдык эмес баалуулуктарды. 20. КАБдын мүлкү мамлекеттик менчикте болот жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык пайдаланылат. 21. КАБды каржылоо булактары төмөнкүлөр болот: - бекитилген кирешелердин жана чыгымдардын чек-ченемине ылайык Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинен бөлүнгөн каражаттар; - шайкештикти баалоо боюнча органдарды аккредитациялоо боюнча чарба жүргүзүүчү субъекттерге акы төлөнгөн кызматтарды көрсөтүүдөн, алардын ишмердигине инспекциялык контроль жүргүзүүдөн жана республиканын мыйзамдарына карама-каршы келбеген башка өндүрүштүк-чарбалык ишмердиктен түшкөн каражаттар; - эл аралык уюмдардын жана мекемелердин, донор өлкөлөрдүн жана жеке инвесторлордун гранттары жана кредиттери, ошондой эле республиканын мыйзамдарына карама-каршы келбеген демөөрчүлүк көмөктөр жана башка булактар. 22. Республикалык бюджеттен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан тизмеси аныктала турган аккредитациялоо боюнча эл аралык (чөлкөмдүк) уюмдарга мүчөлүк акыларды төлөө жана катышуу чыгымдары төлөнөт. 23. Аккредитациялоо жана инспекциялык контроль боюнча иштерге акы төлөө ШБО тарабынан келишимдердин негизинде, АУО монополияга каршы саясат боюнча мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча бекиткен прейскурантка ылайык жүргүзүлөт.
VIII. КАБды кайра түзүү жана жоюу тартиби
24. КАБды кайра түзүү жана жоюу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда жана тартипте жүзөгө ашырылат.
|