Таш-Дөбө айылдык кеңешинин 2023-жылдын 30-ноябрындагы № 98 токтомуна ылайык
ЖОККО ЧЫГАРЫЛДЫ
ТАШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ
Таш-Дөбө айылдык кеңешинин ХХVIII чакырылышынын 33-чү кезектеги жыйыны
2023-жылдын 17-октябрындагы № 88
Чүй аймактык шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын 2023-жылдын 17-мартындагы № ММ-169 катын карап, ошондой эле Таш-Дөбө айылдык кеңешинин депутаттарын, жер комиссиясынын төрагасы Т.М.Калманбетовду жана Таш-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Н.Н.Адашпасов пикирин угуп, жана талкуулап
Таш-Дөбө айылдык кеңеш:
ТОКТОМ кылат:
1. Чүй аймактык шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын административдик имаратын куруу үчүн Аламүдүн районунун, Таш-Дөбө а/о, Байтик-Баатыра көчөсү, №5 контур дарегинде жайгашкан 20 соток жер тилкеси берилсин;
2. Таш-Дөбө айыл өкмөтүнүн аймагындагы №5 контурда жайгашкан жалпы аянты 20 соток жер тилкесинин максаттуу багыты Чүй аймактык шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын административдик имаратын куруу үчүн өзгөртүлсүн;
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Таш-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучусу Адашпасов Н.Н. жүктөлсүн.
Төрага |
| Курманбаев А.Б. |