ТАШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Таш-Дөбө айылдык кеңешинин ХХVIII чакырылышынын 27-чи кезектүү жыйыны
2023-жылдын 25-апрелиндеги № 65
Таш-Дөбө айылдык кеңеши тарабынан мурда кабыл алынган токтомго өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Орто-Сай айылынын бардык контурларында, тактап айтканда №5 контурда жайгашкан Таш-Дөбө айыл өкмөтүнүн жерлерин изилдөө боюнча убактылуу комиссиянын мүчөлөрүнүн, андан ары Таш-Дөбө айылдык кеңешине сунуштарды киргизүү үчүн, арызын карап жана талкуулап
Таш-Дөбө айылдык кеңеши:
ТОКТОМ кылат:
1. Мурда чыгарылган 2023-жылдын 27-мартындагы № 61 токтому жокко чыгарылсын.
2. Таш-Дөбө айыл өкмөтүнүн Орто-Сай айылынын бардык контурларында, тактап айтканда №5 контурда жайгашкан жерлерин изилдөө жана андан ары сунуштарды Таш-Дөбөн айылдык кеңешине киргизүү боюнча убактылуу комиссиянын 17 адамдан турган курамы бекитилсин:
1) Рыскелдиев Талгар - Орто-Сай айылынын өкүлү
2) Жумагулов Бердибек Кенжегулович - Орто-Сай айылынын өкүлү
3) Белеков Тилек Кемелович – С.Чокморова айылынын өкүлү
4) Усупбекова Токтокан - Заречное айылынын өкүлү
5) Кудайбергенов Бакай Абылабекович - Таш-Дөбө айылынын өкүлү
6) Биназаров Табылды Байматбекович - Таш-Дөбө II айылынын өкүлү
7) Артыкулов Айбек - Бер-Булак айылынын өкүлү
8) Зарлыкова Кенжакан Нурбаевна – Малиновка айылынын өкүлү
9) Ергешев Азамат Бектурович – №1 Чокморов-Заречное округунан Таш-Дөбө айылдык кеңешинин депутаты.
10) Касымалиева Венера Качкынбаевна - №2 Таш-Дөбө округунан Таш-Дөбө айылдык кеңешинин депутаты
11) Султанов Максат Өмүрбекович - №4 Бер-Булак-Малиновка округунан Таш-Дөбө айылдык кеңешинин депутаты.
12) Мусаев Аман Жаныбекович - №3 Воронцовка округунан Таш-Дөбөн айылдык кеңешинин депутаты.
13) Алымкулов Көлбай Бейшебаевич – Таш-Дөбө айыл өкмөтүнөн элдик курултайдын делегаты.
14) Мукашев Урмат Нурланович – Таш-Дөбө айыл өкмөтүнүн жерге жайгаштыруу жана өзгөчө кырдаалдар боюнча башкы адиси
15) Чүй райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын адиси - ыйгарым укуктуу орган тарабынан
16) Аламүдүн филиалынын «Кадастар» мамлекеттик мекемесинин адиси - ыйгарым укуктар боюнча
17) Жумалы уулу Кутманбек – юрист
3. Убактылуу комиссиянын иштөө мөөнөтү 2023-жылдын 31-декабрына чейин аныкталсын
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Таш-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы Мейманов А.Дж. жүктөлсүн.
Төрага |
| Курманбаев А.Б. |