Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Арашан айылдык кеңешинин 2025-жылдын 1-августундагы № 47 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

АРАШАН АЙЫЛДЫК КЕНЕШ

ТОКТОМ

Бириккен Арашан айылдык кеңешинин

XXVIII-чакырылышынын III кезексиз сессиясы

2024-жылдын 11-майы № 14

Жерди өзүнчө бөлүү жөнүндө

Арашан айыл өкмөтүнүн убактылуу милдетин аткаруучу Болгонбаев Самат Таалайбековичтин Таш-Дөбө айылындагы Б.Бейшеналиева атындагы орто мектептин бош жер аянтына жаңы спорт комплексин курууга жер бөлүп берүү боюнча кайрылуусун карап чыгып жана талкуулап

Арашан айылдык кеңеши

ТОКТОМ кылат:

1.            Арашан айыл өкмөттүнө караштуу Таш-Дөбө айылында жайгашкан Б.Бейшеналиева атындагы орто мектебинин жалпы көлөмү 5,1 гектар болгон жер тилкесинен, көлөмү 1,33 гектар жер тилкесин жаңы спорт комплексин курууга бөлүп берилсин;

2.            Жаңы курула турган спорт комплекс Арашан айыл өкмөтүнүн балансына алынсын;

3.            “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Аламүдүн филиалы жан Чүй архитектура жана шаар куруу башкармалыгы тарабынан бардык уруксат берүүчү документтери даярдалсын жана макулдашсын;

4.            Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Арашан айыл өкмөтүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу С.Т. Болгонбаевге жүктөлүн.

Төрага

Курманбаев А.Б.