Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алууга арыздар жана документтер кыймылсыз мүлк бирдиги жайгашкан жердеги жергиликтүү каттоо органдарында кабыл алынат.
Ошондой эле арыздар жана документтер электрондук форматта Электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталы аркылуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 7-октябрындагы № 525 токтому менен бекитилген Электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталын пайдалануу эрежелеринде белгиленген талаптарга ылайык кабыл алынат.
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн төмөнкүдөй документтер берилет:
1. Бардык арыз ээлери үчүн:
- белгиленген формадагы арыз;
- инсандыгын ырастоочу документ;
- жер участогун (бар болгондо) алгачкы берүүдө жер участогун бөлүп берүү акты менен кыймылсыз мүлк бирдигине укук белгилөөчү документтер (төмөндө көрсөтүлдү);
- акы төлөнгөндүгү жөнүндө документ (акы төлөө мамлекеттик органдын адиси тарабынан берилген документтердин белгиленген талаптарга шайкештигин текшергенден кийин жана арыз ээсине жерге жайгаштыруу иштерин тариздөөгө жана жер участогуна укугун ырастоочу документти берүүгө акы төлөө үчүн арыз ээсине документ бергенден кийин жүргүзүлөт).
2. Жеке адам үчүн:
- эгерде кызмат көрсөтүүгө жеке жактын ыйгарым укуктуу өкүлү кайрылса, мамлекеттик каттоону жүзөгө ашырууга жеке жактын өкүлүнүн ыйгарым укуктарын ырастоочу документ.
3. Юридикалык жак үчүн:
- анын өкүлүнүн ыйгарым укуктарын ырастоочу документ;
- юридикалык жакты каттоо жөнүндө күбөлүктүн түп нускасы жана көчүрмөсү, юридикалык жактын уюштуруу документтери.
Арыз ээсинен төмөнкүлөрдү талап кылууга тыюу салынат:
- бул мамлекеттик кызмат көрсөтүүгө байланыштуу келип чыккан мамилелерди жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларда каралбаган документтерди жана маалыматтарды берүүнү;
- каттоо органынын жана жергиликтүү каттоо органынын карамагында турган документтерди жана маалыматтарды берүүнү;
- "Түндүк" ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасы аркылуу алууга мүмкүн болгон документтерди берүүнү.
Бардык документтер жергиликтүү каттоо органына эки нускада берилет, алардын бири түп нуска болууга тийиш. Документтин түп нускасы жерге жайгаштыруу ишитаризделгенден кийин катталган укук жөнүндө ырастама жазуу менен арыз ээсине кайтарылып берилет, ал эми көчүрмөсү каттоо ишине киргизилет. Документтерди кабыл алууда арыз ээсине тил кат берилет, ал эми арыздарды электрондук форматта кабыл алууда арызды жана документтерди кабыл алуу жана каттоо жөнүндө кабарлама жөнөтүлөт, аларда арызды жана кызмат көрсөтүү үчүн зарыл болгон документтерди кабыл алуу фактысы жана кызмат көрсөтүү жол-жобосунун башталышы, ошондой эле кызмат көрсөтүүнүн аяктоо датасы жана убактысы жөнүндө маалыматтар камтылат, же болбосо арызды жана кызмат көрсөтүү үчүн зарыл болгон документтерди кабыл алуудан жүйөлүү баш тартуу жөнөтүлөт.
Акыркы натыйжаны алуу үчүн керектөөчү тил катта же электрондук кабарлоодо көрсөтүлгөн мөөнөттө жергиликтүү каттоо органына кайрылышы керек.
Укук белгилөөчү документ төмөнкүлөр болушу мүмкүн:
- кыймылсыз мүлккө укукту белгилеген Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук акты;
- кыймылсыз мүлктү сатып алуу-сатуу учурунда - сатып алуу-сатуу келишими;
- кыймылсыз мүлктү белекке берүүдө - белекке берүү келишими;
- кыймылсыз мүлктү алмаштырууда - алмашуу келишими;
- кыймылсыз мүлктү рентага алууда - рента келишими;
- кыймылсыз мүлк күрөөсүндө (ипотекада) - күрөө (ипотека) келишими;
- кыймылсыз мүлктү ижарага алууда (субижара) - ижара (субижара) келишими;
- кыймылсыз мүлктү мурастоодо - мыйзам боюнча же керээз боюнча мурастоо укугу жөнүндө күбөлүк же тирүү калган жубайынын арызы боюнча жалпы мүлктөгү үлүшкө менчик укугу жөнүндө күбөлүк;
- кыймылсыз мүлктү финансылык ижаралоодо (лизингде) - лизинг келишими;
- ыйгарым укуктуу орган жер участогун бергенде - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чыгарылган ыйгарым укуктуу органдын токтому;
- сот актыларынан келип чыгуучу кыймылсыз мүлккө укуктарды жана укуктарга оорчулуктарды (чектөөлөрдү) каттоодо - соттун чечими (токтому) же аныктамасы;
- сот аткаруучулары же тергөө органдары тарабынан салынган кыймылсыз мүлккө укуктарга чектөөлөрдү каттоодо - сот аткаруучунун же тергөө органынын тергөөчүсүнүн токтому.
Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине жана ушул мамлекеттик кызмат көрсөтүүгө байланыштуу келип чыгуучу мамилелерди жөнгө салуучу башка ченемдик укуктук актыларга ылайык азыркы учурда же келечекте катталууга тийиш болгон башка документтер да укук белгилөөчү документтер болушу мүмкүн.
Айрым учурларда жергиликтүү каттоо органынын ыйгарым укуктуу кызматкери бул мамлекеттик кызмат көрсөтүүгө байланыштуу келип чыгуучу мамилелерди жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык кошумча документтерди талап кылышы мүмкүн, бул жөнүндө жаранга жазуу жүзүндө билдирилет.
Документтерди тапшыруудан мурда керектөөчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн зарыл болгон документтердин тизмеси боюнча толук кеңеш ала алат