Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 2-июнундагы № 383 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
| 1-тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 24-июнундагы № 334 токтому менен бекитилди) |
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана
миграция министрлигине караштуу "Социалдык коргоону
санариптештирүү борбору" мамлекеттик мекемеси жөнүндө
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу "Социалдык коргоону санариптештирүү борбору" мамлекеттик мекемеси (мындан ары - Борбор) Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин электрондук башкаруу, социалдык кызматтарды көрсөтүү процесстерин оптималдаштыруу жана жакшыртуу чөйрөсүндөгү долбоорлорду ишке ашырууга багытталган ишин жүргүзүүчү Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин (мындан ары - Министрлик) ведомстволук уюму болуп саналат.
2. Министрлик Борборду уюштуруучу болуп саналат.
3. Борбор уюштуруучулук-укуктук формада түзүлгөн, өз алдынча юридикалык жак - мамлекеттик мекеме болуп эсептелет.
4. Борбор өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын кодекстерин жана мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана тескемелерин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдорун жана тескемелерин, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, Министрликтин актыларын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
5. Борбор социалдык коргоо жаатындагы санариптик чечимдерди техникалык колдоону камсыздоо жана өнүктүрүү боюнча өзүнүн ишин Министрликтин түзүмдүк, ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрү, мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коомдук бирикмелер, ишканалар, мекемелер жана башка уюмдар менен өз ара аракеттенүү менен жүргүзөт.
6. Борбордун ишин Министрлик контролдойт.
7. Борборду мамлекеттик башкарууну санариптик трансформациялоонун жалпы процессин ишке ашыруу боюнча ишти координациялоо функциясы Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги тарабынан жүргүзүлөт.
8. Борбор мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн аталышы жазылган мөөрү, штамптары, белгиленген үлгүдөгү бланктары жана башка атрибутикасы бар юридикалык жак болуп саналат.
9. Борбордун толук фирмалык аталышы: