Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Президентинин 2025-жылдын 5-июнундагы ПЖ № 178 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ

2024-жылдын 30-июлу ПЖ № 210

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы № 435 "2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасы жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын инвестициялык потенциалын жогорулатуу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 71-беренелерин жетекчиликке алып, токтом кылам:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы № 435 "2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасы жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасында:

- 1.2-пункттун тогузунчу абзацында "жана жеңил өнөр жайы" деген сөздөр ", жеңил өнөр жайы жана банк сектору" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- VI бөлүм төмөнкүдөй мазмундагы 6.6-пункт менен толукталсын:

"6.6. Банк сектору

Банк системасы өлкөнүн экономикасынын туруктуу өнүгүүсүн түзүү үчүн чөйрө болуп саналат. Банк секторун өнүктүрүү максатында банктардын жана финансы-кредиттик уюмдардын чет өлкө капиталын кошо алганда, арзан капитал рыногуна жетүүсүн жогорулатуу, чет өлкө валютасында төлөмдөрдү тоскоолдуксуз жүзөгө ашыруу үчүн банктар аралык корреспонденттик мамилелерди жогорулатуу, инновациялык чечимдерди (финансылык технологияларды) бардык жерде жайылтуу, региондордо чекене банктык кызмат көрсөтүүлөр үчүн банктын агенттерин тартуу аркылуу аралыктан (онлайн) берүү жана кеңседен тышкары банкинг көрсөтүү керек.

Банк инфраструктурасы продукттардын көп түрдүүлүгүн, кардарлардын максималдуу санына финансы ресурстарынын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууга, ички миграцияны азайтууга көмөк көрсөтүүгө тийиш. Ошентип банк кызматтарын пайдалануучулардын саны көбөйөт жана санариптештирүү аркылуу аларга жеткиликтүүлүк кеңейтилет.

Мындан тышкары каржылоонун альтернативдүү түрү катары ислам каржылоо принциптерин колдонуу чөйрөсүн кеңейтүү боюнча ишти улантуу, кредиттер боюнча пайыздык ставкаларды төмөндөтүү үчүн шарттарды түзүү, региондордо аялдардын ишкердигин өнүктүрүү зарыл.

Ошол эле учурда жоопкерчиликтүү кредиттөө банктык кызмат көрсөтүүлөрдүн башкы принциби болууга тийиш, ал ак ниеттүүлүккө, ачык-айкындуулукка, ишенимдүүлүккө, зайымчылар менен өнөктөштүккө, алардын экономикалык кызыкчылыктарын жана финансылык мүмкүнчүлүктөрүн эске алууга негизделет.

Иш банк системасынын финансылык ортомчулугунун деңгээлин жогорулатууга, санариптик төлөм технологияларын өнүктүрүүгө, накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн акырындык менен көбөйтүүгө жана калктын финансылык сабаттуулук деңгээлин жогорулатууга багытталат.

Банк инфраструктурасы, технологиялар, пайыздык ставкалар, продукттардын көп түрдүүлүгү экономиканын ар кандай тармактарын, анын ичинде жогорку кошумча наркы менен өндүрүш секторун кредиттөөгө жана экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө, өлкөгө валюталык кирешелердин түшүүсүнө өбөлгө түзүүгө тийиш.