Документке
Мурунку04.07.2024

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2024-жылдын 4-июлу № 361

Отунду маркалоону киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 345-беренесинин 1-бөлүгүнүн талаптарын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасында отун маркерин колдонуу тартиби жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Төмөнкүлөр белгиленсин:

1) 2024-жылдын 1-октябрынан тартып ТЭИ ТН 271012110 -271012900, 2710191100 - 2710191500, 2710192500 товардык позицияларында классификациялануучу мотор бензиндери, атайын, жеңил жана орто дистилляттар, башка бензиндер жана дистилляттар, ТЭИ ТН 2710193100 - 2710194800, 2710201100 - 2710201900 товардык позицияларында классификациялануучу дизель отуну жана ТЭИ ТН 2710192900 товардык позициясында классификациялануучу орто дистилляттар (кышкы дизелдик отунга карата) отун маркери менен маркаланууга тийиш;

2) 2024-жылдын 1-сентябрынан тартып ушул пункттун 1-пунктчасында көрсөтүлгөн маркаланбаган отундун калдыктарын жүгүртүүгө тыюу салынат;

3) салык төлөөчүлөр маркаланбаган отунду жүгүртүүгө тыюу салууга чейинки мөөнөттө отундун калдыктарын маркалоого милдеттүү.

3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-апрелиндеги № 220 "Кыргыз Республикасынын аймагында товарларды эсепке алуу жана контролдоо жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) төмөнкүдөй мазмундагы 1-1-пункт менен толукталсын:

"1-1. Мунай продуктуларына контролдук пломбаларды колдонуу тартиби ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан бекитилет.

Кыргыз Республикасынын аймагында мунай продуктуларына контролдук пломбаларды колдонуунун акыркы мөөнөтү 2024-жылдын 31-декабры деп белгиленсин.";

2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын аймагында мунайды жана мунай продуктуларын эсепке алуу жана контролдоо тартиби жөнүндө жобо ушул токтомдун 2-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.

4. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2024-жылдын 1-августунан тартып күчүнө кирет.

“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 9-июлундагы № 51 (3604) саны менен жарыяланды.

Жаңы23.08.2024

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2024-жылдын 4-июлу № 361

Отунду маркалоону киргизүү жөнүндө

(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 23-августундагы  № 499 токтомунун редакциясына ылайык)

Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 345-беренесинин 1-бөлүгүнүн талаптарын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасында отун маркерин колдонуу тартиби жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Төмөнкүлөр белгиленсин:

1) 2024-жылдын 1-октябрынан тартып ТЭИ ТН 271012110 -271012900, 2710191100 - 2710191500, 2710192500 товардык позицияларында классификациялануучу мотор бензиндери, атайын, жеңил жана орто дистилляттар, башка бензиндер жана дистилляттар, ТЭИ ТН 2710193100 - 2710194800, 2710201100 - 2710201900 товардык позицияларында классификациялануучу дизель отуну жана ТЭИ ТН 2710192900 товардык позициясында классификациялануучу орто дистилляттар (кышкы дизелдик отунга карата) отун маркери менен маркаланууга тийиш;

2) 2025-жылдын 1-январынан тартып ушул пункттун 1-пунктчасында көрсөтүлгөн маркаланбаган отундун калдыктарын жүгүртүүгө тыюу салынат;

3) салык төлөөчүлөр маркаланбаган отунду жүгүртүүгө тыюу салууга чейинки мөөнөттө отундун калдыктарын маркалоого милдеттүү.

(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 23-августундагы N 499 токтомунун редакциясына ылайык)