Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 4-июлу № 361
Отунду маркалоону киргизүү жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 23-августундагы № 499, 2025-жылдын 4-апрелиндеги № 179 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 345-беренесинин 1-бөлүгүнүн талаптарын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасында отун маркерин колдонуу тартиби жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Төмөнкүлөр белгиленсин:
1) 2024-жылдын 1-октябрынан тартып ТЭИ ТН 3811190000, 2710122509, 2710122100 товардык позицияларында классификациялануучу, автомобиль отуну катары пайдалануу үчүн дайындалбаган, көлөмү 10 литр жана андан аз болгон идиштерге куюлган суюк тазалагычтар, автомобилдер үчүн спрейлер жана уайт-спириттен тышкары, ТЭИ ТН 2707101000, 2709001001, 2709001009, 271012110-271012900, 2710191100-2710191500, 2710192500, 27101209000, 3811119000, 3811190000 товардык позицияларында классификациялануучу мотор бензиндери, атайын, жеңил жана орто дистилляттар, башка бензиндер жана дистилляттар, кошундулар жана антидетонаторлор, ТЭИ ТН 2710193100-2710194800, 2710201100-2710201900 товардык позицияларында классификациялануучу дизелдик отун жана ТЭИ ТН 2710192900 товардык позициясында классификациялануучу орто дистилляттар (кышкы дизелдик отунга карата) отун маркери менен маркаланууга тийиш;
2) 2025-жылдын 1-январынан тартып ушул пункттун 1-пунктчасында көрсөтүлгөн маркаланбаган отундун калдыктарын жүгүртүүгө тыюу салынат;
3) салык төлөөчүлөр маркаланбаган отунду жүгүртүүгө тыюу салууга чейинки мөөнөттө отундун калдыктарын маркалоого милдеттүү.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 23-августундагы N 499 2025-жылдын 4-апрелиндеги № 179 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-апрелиндеги № 220 "Кыргыз Республикасынын аймагында товарларды эсепке алуу жана контролдоо жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) төмөнкүдөй мазмундагы 1-1-пункт менен толукталсын:
"1-1. Мунай продуктуларына контролдук пломбаларды колдонуу тартиби ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан бекитилет.
Кыргыз Республикасынын аймагында мунай продуктуларына контролдук пломбаларды колдонуунун акыркы мөөнөтү 2024-жылдын 31-декабры деп белгиленсин.";
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын аймагында мунайды жана мунай продуктуларын эсепке алуу жана контролдоо тартиби жөнүндө жобо ушул токтомдун 2-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
4. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2024-жылдын 1-августунан тартып күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 9-июлундагы № 51 (3604) саны менен жарыяланды.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 4-июлу № 361
Отунду маркалоону киргизүү жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 23-августундагы № 499, 2025-жылдын 4-апрелиндеги № 179, 2025-жылдын 28-августундагы № 533 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 345-беренесинин 1-бөлүгүнүн талаптарын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасында отун маркерин колдонуу тартиби жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Төмөнкүлөр белгиленсин:
1) 2024-жылдын 1-октябрынан тартып ТЭИ ТН 3811190000, 2710122509, 2710122100 товардык позицияларында классификациялануучу автомобилдик отун катары колдонууга арналбаган, көлөмү 10 литр жана андан аз болгон идиштерге куюлган суюк тазалагычтарды, автомобилдер үчүн спрейлерди жана уайт-спириттерди кошпогондо, ТЭИ ТН 2707101000, 2709001001, 2709001009, 271012110–271012900, 2710191100–2710191500, 2710192500, 27101209000, 3811119000, 3811190000 товардык позицияларында классификациялануучу мотор бензиндери, атайын, жеңил жана орто дистилляттар, башка бензиндер жана дистилляттар, кошумдар жана антидетонаторлор, ТЭИ ТН 2710193100–2710194800, 710201100–2710201900 товардык позицияларында классификациялануучу дизелдик отун жана ТЭИ ТН 2710192900 товардык позициясында классификациялануучу орто дистилляттар (кышкы дизелдик отунга карата) отун маркери менен маркаланууга тийиш;
2) 2025-жылдын 1-январынан тартып ушул пункттун 1-пунктчасында көрсөтүлгөн маркаланбаган отундун калдыктарын жүгүртүүгө тыюу салынат;
3) салык төлөөчүлөр маркаланбаган отунду жүгүртүүгө тыюу салууга чейинки мөөнөттө отундун калдыктарын маркалоого милдеттүү.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 23-августундагы N 499 2025-жылдын 4-апрелиндеги № 179, 2025-жылдын 28-августундагы № 533 токтомдорунун редакцияларына ылайык)