Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

1-тиркеме

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 4-июлундагы № 361 токтомуна)

Кыргыз Республикасында отун маркерин колдонуу тартиби жөнүндө ЖОБО

1-глава. Жалпы жоболор

1. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 345-беренесинин талаптарына ылайык иштелип чыккан жана Кыргыз Республикасынын аймагында отунду маркалоо жана жүгүртүү тартибин аныктайт.

Бул Жобонун максатында төмөнкү түшүнүктөр пайдаланылган:

1) импорттоочу - Кыргыз Республикасынын аймагына маркалануучу отунду ташып киргизүүчү салык төлөөчү;

2) отунду маркалоо оператору - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу мамлекеттик орган жана/же мамлекеттик менчик үлүшү бар уюм;

3) маркалануучу продукция - Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлүүчү жана Кыргыз Республикасынын аймагына импорттолуучу ТЭИ ТИ 271012110 - 271012900, 2710191100 - 2710191500, 2710192500 товардык позицияларында классификациялануучу мотор бензиндери, атайын, жеңил жана орто дистилляттар, башка бензиндер жана дистилляттар, ТЭИ ТН 2710193100 - 2710194800, 2710201100 - 2710201900 товардык позицияларында классификациялануучу дизель отуну жана ТЭИ ТН 2710192900 товардык позициясында классификациялануучу орто дистилляттар (кышкы дизелдик отунга карата);

4) отун маркери - отундун молекулярдык курамына кирүүчү, жуулууга туруктуу молекулярдык маркер, анын бар экендиги шайкештикти баалоо документи берилген атайын приборлор менен текшерилет;

5) отун маркеринин наркы - маркердин наркын эске алуу менен отунду маркалоо операторунун отунду маркалоо боюнча кызмат көрсөтүүнүн наркы;

6) салык кызматынын органы - ыйгарым укуктуу салык органы жана аймактык салык органдары;

7) банк кепилдиги - бул салык төлөөчү акциздик маркаларды алууга арыз берген күндөн тартып 40 календардык күнгө чейин, бирок отчеттук салык мезгилинен кийинки айдын 20сынан кечиктирбестен акциз салыгын төлөбөгөн учурда, салык төлөөчүнүн банк кепилдигинде көрсөтүлгөн акциз салыгынын өлчөмүндөгү милдеттенмесинин суммасын салык кызматынын органына төлөөгө кепил катары чыгуучу Кыргыз Республикасынын коммерциялык банкынын жазуу жүзүндөгү милдеттенмеси.

Бул Жободо колдонулган түшүнүктөр Кыргыз Республикасынын Салык кодексинде жана/же Евразия экономикалык бирлигинин Бажы кодексинде аныкталган мааниде чечмеленет.

2. Уюмдарга, жеке ишкерлерге жана жеке жактарга Кыргыз Республикасынын аймагында отун маркери менен белгиленбеген маркалануучу отунду жөнөтүүгө жана сатууга, ошондой эле отун маркери жок маркалануучу отунду Кыргыз Республикасынын аймагына алып киргизүүгө, ташууга, комиссияга кабыл алууга же консигнациялоого тыюу салынат.

Жеке жактар тарабынан отун маркери менен белгиленбеген маркалануучу отунду Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында белгиленген ченемдердин чегинде Кыргыз Республикасынын аймагына ташып киргизүүгө (жөнөтүүгө) жол берилет.

3. Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлгөн жана Кыргыз Республикасынын аймагына импорттолуучу маркалануучу продукция отун маркери менен маркаланууга тийиш.

4. Салык төлөөчү тарабынан экспорт үчүн өндүрүлгөн маркалануучу отун экспортко жөнөтүүдө отун маркери менен маркаланууга тийиш эмес. Кыргыз Республикасынын аймагында экспорттоо үчүн өндүрүлгөн жана отун маркери менен белгиленбеген, маркаланууга тийиш (анын ичинде товар алмашуу негизинде же иштетип алма чийки затты пайдалануу менен сатып алынган) отунду Кыргыз Республикасынын аймагында сатууга тыюу салынат.

5. Маркалануучу отунда отун маркеринин болушу аны керектөөчүлөргө сатуу, Кыргыз Республикасынын аймагы боюнча ташуу (эл аралык транзиттен тышкары) жана сактоо (өндүрүүчү тарабынан буюмдарды технологиялык процесске ылайык маркалоого чейин сактоодон же Кыргыз Республикасынын аймагынан ташып чыгаруу үчүн сактоодон тышкары) үчүн зарыл шарттардын бири болуп саналат.

6. Маркалануучу отунду Кыргыз Республикасынын аймагына ташып киргизүүдө/импорттоодо отунду маркалоо ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан аныкталган аймакта же маркалануучу отунду даярдоочунун заводунда өндүрүүнүн технологиялык процесси аяктагандан кийин жүзөгө ашырылат.

7. Мунай продуктуларын импорттоодо салык кызматынын өкүлүнүн жана отунду маркалоо операторунун катышуусуз чет өлкөлүк мунай продуктуларын өндүрүүчүнүн пломбасын бузууга жол берилбейт.

8. Маркаланган отунду кайра иштетүүгө жол берилбейт.

Бул Жободо кайра иштетүү деп, отундун ТЭИ ТНдин 10 орундуу кодундагы бир же андан көп цифрасынын өзгөрүшүн билдирет.

9. Ушул Жобонун талаптарынан четтөө менен маркаланган отун маркаланбаган катары каралат.

10. Отун маркерлери Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен аныкталуучу отунду маркалоо оператору тарабынан даярдалат. Отун маркерлеринин түрлөрү ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан отунду маркалоо оператору менен бирдикте иштелип чыгат жана бекитилет.

Отунду маркалоо Кыргыз Республикасынын аймагында отунду маркалоо оператору тарабынан гана жүзөгө ашырылат.

11. Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлгөн маркалануучу продукция маркалануучу отунду өндүрүүнүн технологиялык процесси аяктагандан кийин маркаланат.

12. Отун маркеринин наркын төлөө отунду маркалоо операторунун эсебине акча каражаттарын которуу жолу менен салык төлөөчү тарабынан жүргүзүлөт.