Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

2-тиркеме

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-апрелиндеги № 220 токтомуна)

Кыргыз Республикасынын аймагында мунайды жана мунай продуктуларын эсепке алуу жана контролдоо тартиби жөнүндө ЖОБО

1-глава. Жалпы жоболор

1. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын аймагында мунайдын жана мунай продуктуларынын жүгүртүлүшүн эсепке алуу жана контролдоо тартибин аныктайт.

2. Ушул Жободо пайдаланылуучу терминдер жана аныктамалар бул Жободо аныкталган мааниде чечмеленет. Ушул Жободо терминдердин жана аныктамалардын чечмелениши болбосо, терминдер жана аныктамалар Кыргыз Республикасынын тийиштүү мыйзамдарында жана/же Евразия экономикалык бирлигинин ченемдик укуктук актыларында аныкталган мааниде чечмеленет:

1) автомай куюучу станция (мындан ары - АМС) - автотранспорт каражаттарына бензин жана дизелдик күйүүчү май куюучу станция;

2) автомай куюучу станцияны башкаруунун автоматташтырылган системасы (мындан ары - БАС) - бул комплексинде станциялардын функцияларын башкарууну, анын ичинде фискалдык чек чыгарылгандан кийин гана мунай продуктуларын берүү бөлүгүндө отун-таратуучу колонкалардын жана контролдук-кассалык машиналардын ишин синхрондоштурууну камсыз кылган чакан системаларды жана тийиштүү жабдууларды пайдалануучу, автотранспорт каражаттарына мунай продуктуларын куюу боюнча станцияларды автоматташтыруу милдетин чечүү;

3) автомобилдик газ куюучу станциялар - автотранспорт каражаттарына мунай газын (пропан) куюучу станциялар;

4) автомобилдик газ толтуруучу компрессордук станциялар - автотранспорт каражаттарына жаратылыш газын (метан) куюучу станциялар;

5) темир жолдогу куюучу туюк - мунай продуктуларын темир жол цистерналарынан (резервуарлардан) цистерналарга түшүрүүчү жер;

6) мунай базасынын инспектору - мунайды кайра иштетүүчү заводдо, мунай базасында жана мунай сакталуучу жайда мунай продуктуларынын жүгүртүлүшүнө жана эсепке алынышына жооптуу аймактык салык органынын инспектору;

7) автотранспорт каражаттарына мунай продуктуларын куюучу станциялардын инспектору - АМСте мунай продуктуларынын жүгүртүлүшүнө жана эсепке алынышына жооптуу аймактык салык органынын инспектору;

8) "Электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаз" маалыматтык системасы (мындан ары - ЭТТК МС) - салык төлөөчүлөр жана ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан колдонулуучу Кыргыз Республикасынын салыктык башкаруусунун маалыматтык системасы;

9) контролдук пломба - материалдык баалуулуктардын сакталышын камсыз кылуу максатында каралган жерлерде коюлуучу атайын энтамга;

10) мунай базасы - мунайды, мунай продуктуларын кабыл алуу, сактоо, транспорттун бир түрүнөн экинчи түрүнө кайра жүктөө жана берүү үчүн курулмалардын жана түзүлүштөрдүн комплекси;

11) мунайды кайра иштетүүчү завод - негизги функциясы мунайды бензинге, авиациялык керосинге, мазутка, дизелдик отунга, майлоочу майларга, майлоочуларга, битумдарга, газдарга, мунайхимиясы үчүн чийки затка кайра иштетүү болуп саналган өнөр жай ишканасы;

12) мунай продуктулары - термокатализатордук жана мунайды химиялык синтездөө жана башка методдор менен чийки мунайды жана газды кайра иштетүүнүн натыйжасында алынган, өзүнүв физикалык-химиялык көрсөткүчтөрү боюнча колдонуудагы мамлекеттер аралык стандарттардын (МАСТ) жана ЕАЭБдин техникалык регламенттеринин талаптарына шайкеш келген продуктулар жана компоненттер;

13) мунай сактоочу жай - мунайды же аны кайра иштетүүдөн алынган продуктулар үчүн резервуар же резервуарлар системасы;

14) мунай - чийки мунай, ошондой эле чийки мунайды тазалагандан, күйүүчү сланецтерди жана битумду камтыган тектерди кайра иштетүүдөн кийин алынган көмүр суутектери;

15) мунай скважинасы - мунайды казып алуу үчүн багытталган тегерек кесилиштеги тоону иштетүү;

16) продукцияны берүү жөнүндө маалыматтарды белгилөө боюнча жабдуу - программалык камсыздоонун (байланыштыруу блогу) жардамы менен Интернет аркылуу маалыматты берүүчү жабдуу;

17) мунай продуктусунун партиясы - сапаты жөнүндө бир документ (паспорт) менен коштолуучу бир маркадагы мунай продуктусунун саны;

18) сапат паспорту - лабораториялык сыноолордун натыйжасында алынган мунай продуктусунун сапатынын көрсөткүчтөрүнүн сандык маанилеринин мунай продуктусунун ошол маркасына ченемдик документте көрсөтүлгөн маанилерине шайкеш келишин белгилөөчү документ;

19) акциздик мунай продуктулары - Кыргыз Республикасында ЕАЭБ ТЭИ TH классификаторуна киргизилген, аларды сатуу акциздер боюнча салык салуу объекти болуп саналган мунай продуктулары;

20) керектөөчү - мунайды, газды жана аларды кайра иштетүүдөн алынган продуктуларды түздөн-түз өндүргөн уюмдан же рыноктон сатып алуучу;

21) резервуар - суюктуктарды жана газдарды сактоочу стационардык идиш;

22) чийки мунай - салыштырма салмагына карабастан, нормалдуу атмосфералык температурада жана басымда жер астынан суюк абалда алынуучу кандай болбосун көмүр суу тектери, анын ичинде дистиллят (газоконденсат) же конденсат деген ат менен белгилүү болгон, табигый конденсациялоо аркылуу жаратылыш газынан пайда болгон суюк көмүр суу тектери;

23) отун таратуучу колонка - автомашиналарга мунай продуктуларын куюучу колонка;

24) ташуу - мунайды, газды жана аларды кайра иштетүүдөн алынган продуктуларды казылып алынган жерден алар сакталуучу жана кайра иштетилүүчү жерге, ошондой эле алар кайра иштетилүүчү жерден керектөөчүгө чейин өткөргүч түтүктөр боюнча транспорттун башка түрлөрү менен белгилүү бир аралыкта берүү, бөлүштүрүү;

25) өткөргүч түтүк - мунайды, газды жана аларды кайра иштетүүдөн алынган продуктуларды ташуу үчүн багытталган жердин үстүндөгү же астындагы ар кандай диаметрдеги түтүктөр;

26) цистерна - суюктуктарды, суюлтулган газдарды сактоо жана ташуу үчүн жабык курулма (идиш);

27) электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаз (мындан ары - ЭТТК) - товарларды жүгүртүүдө электрондук документ жүгүртүүнүн катышуучусу тарабынан ыйгарым укуктуу салык органы бекиткен форма боюнча ЭТТК МС аркылуу таризделүүчү документ.

3. Мунайды жана мунай продуктуларын казып алуу, ташып келүү, өндүрүү, кайра иштетүү, ташуу, сактоо, жүктөп жөнөтүү жана сатуу ушул Жобого ылайык ишке ашырылат. Мунайга жана мунай продуктуларына таблицада көрсөтүлгөн товарлар кирет.

 

Таблица