Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

 

 

4-тиркеме

 

 

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-июлундагы № 375 токтомуна)

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы "Мамлекеттик лотереялык компания" мамлекеттик ишканасынын УСТАВЫ

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-июлундагы № 422, 2025-жылдын 19-ноябрындагы № 746 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

1. Жалпы жоболор

1. Бул Устав Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы "Мамлекеттик лотереялык компания" мамлекеттик ишканасынын (мындан ары - Ишкана) ишин регламенттейт.

2. Ишкана мамлекеттик мүлккө чарба жүргүзүү укугуна негизделген мамлекеттик ишкананын уюштуруу-укуктук формасында түзүлгөн өз алдынча юридикалык жак болуп саналат жана толук чарбалык эсеп жүргүзүү жана өзүн-өзү каржылоо принцибинде иштейт.

3. Ишкананын уюштуруучусу болуп Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети саналат. Ишкананын уюштуруу документи болуп Устав эсептелет.

4. Ишкананын мамлекеттик башкаруу органы болуп Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик (мындан ары - Маммүлк) саналат.

5. Ишкананын толук фирмалык аталышы:

- мамлекеттик тилде: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы "Мамлекеттик лотереялык компания" мамлекеттик ишканасы;

- расмий тилде: государственное предприятие "Государственная лотерейная компания" при Государственном агентстве по управлению государственным имуществом при Кабинете Министров Кыргызской Республики.

6. Ишкананын кыскартылган фирмалык аталышы:

- мамлекеттик тилде: "МЛК" МИ;

- расмий тилде: "ГП "ГЛК".

7. Ишкананын юридикалык дареги: 720040, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Чүй проспекти, 114.

8. Ишкана өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана тескемелерин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомдорун, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдорун жана тескемелерин, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерди жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын жана ушул Уставды жетекчиликке алат.

9. Ишкананын өз алдынча балансы, Кыргыз Республикасынын финансы-кредиттик уюмдарында алыш-бериш эсеби жана башка эсептери, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби түшүрүлгөн жана мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн аталышы жазылган мөөрү, штамптары, белгиленген үлгүдөгү бланктары жана визуалдык жекелештирүүнүн башка каражаттары бар.

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-июлундагы № 422 токтомунун редакциясына ылайык)