Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 12-июлу № 375
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин ведомстволук ишканаларынын айрым маселелери жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 26-июнундагы № 441 токтомунун редакциясына ылайык)
Айрым мамлекеттик ишканалардын ишин укуктук жөнгө салуу максатында, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 92, 93, 94-статьяларына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17, 26-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун алдындагы "Объекттерди башкаруу боюнча дирекция" мамлекеттик ишканасы анын курамынан Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун "Объекттерди башкаруу боюнча дирекция" мамлекеттик ишканасынын "Металлпром" филиалын чыгаруу жолу менен кайра уюштурулсун.
2. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун алдындагы "Объекттерди башкаруу боюнча дирекция" мамлекеттик ишканасынын "Металлпром" филиалынын базасында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы "Кыргызметаллпром" мамлекеттик ишканасы түзүлсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун карамагынан "Дан" мамлекеттик ишканасы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин карамагына өткөрүп берилсин.
4. Төмөнкүлөр белгиленсин:
1) Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун алдындагы "Объекттерди башкаруу боюнча дирекция" мамлекеттик ишканасы жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы "Кыргызметаллпром" мамлекеттик ишканасы бөлүштүрүү балансына ылайык кайра уюшулган мамлекеттик ишканалардын укуктарынын жана милдеттенмелеринин укук улантуучулары болуп саналат;
2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы "Дан" мамлекеттик ишканасы "Дан" мамлекеттик ишканасынын укук улантуучусу болуп саналат.
5. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттикке кайра уюшулган мамлекеттик ишканалардын бөлүштүрүү балансын бекитүү боюнча ыйгарым укуктар өткөрүп берилсин.
6. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 27-сентябрындагы № 524 "Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун алдындагы "Талас" соода-базар комплекси мамлекеттик ишканасын жана жер участогун Талас шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине өткөрүп берүү жөнүндө" токтомун колдонуу кабыл алынган күндөн тартып жокко чыгарылсын.
7. Төмөнкүлөр кайра аталсын:
1) Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун алдындагы "Объекттерди башкаруу боюнча дирекция" мамлекеттик ишканасы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы "Объекттерди башкаруу боюнча дирекция" мамлекеттик ишканасы болуп;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун алдындагы "Асель" ательеси" мамлекеттик ишканасы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы "Асель" ательеси" мамлекеттик ишканасы болуп;
3) "Манас" май куюу комплекси" мамлекеттик ишканасы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы "Манас" май куюу комплекси" мамлекеттик ишканасы болуп;
4) "Мамлекеттик лотереялык компания" мамлекеттик ишканасы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы "Мамлекеттик лотереялык компания" мамлекеттик ишканасы болуп;
5) "Дан" мамлекеттик ишканасы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы "Дан" мамлекеттик ишканасы болуп;