Загрузка документа…
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 31-июлундагы № 434 токтомуна)
Кыргыз Республикасында күйүүчү-майлоочу материалдарды эсепке алууда, кабыл алууда, сактоодо жана сатууда техникалык талаптар жөнүндө ЖОБО
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын, мамлекеттер аралык жана улуттук стандарттардын негизинде иштелип чыккан ушул Жобо Кыргыз Республикасында күйүүчү-майлоочу материалдарды эсепке алууда, сактоодо жана сатууда техникалык талаптарды аныктайт жана менчигинин түрүнө карабастан чарбалык иштин бардык субъекттерине жайылтылат.
2. Күйүүчү-майлоочу материалдарды кабыл алуу, сактоо, төгүү, ташуу, сатуу Кыргыз Республикасынын өрт коопсуздугу чөйрөсүндөгү ченемдик документтерге ылайык жүргүзүлүүгө тийиш.
3. Мунай базаларында, мунайды кайра иштетүүчү заводдордо, мунай скважиналарында, темир жолдогу куюучу туюктарда, мунай сактоочу жайларда (мындан ары - объекттер) мунай продуктуларын эсепке алуу масса бирдиктеринде, ал эми автомай куюучу станцияларда (мындан ары - АКС) көлөм бирдиктеринде жүргүзүлөт.
4. Объекттерде жана АКСте колдонулуучу бардык өлчөө каражаттары Кыргыз Республикасынын аймагында колдонуу үчүн жол берилген өлчөө каражаттарынын мамлекеттик реестрине киргизилүүгө, Кыргыз Республикасынын өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларга ылайык текшерилүүгө (калибрленүүгө) тийиш.
5. Пайдаланууда турган өлчөө каражаттары текшерилүүгө (калибрленүүгө) дуушар болот, ал өлчөө каражаттарына эн тамга коюу, текшерүү (калибрлөө) жөнүндө күбөлүк берүү же өлчөө каражатынын паспортуна белги коюу менен күбөлөндүрүлөт.
6. Мунай продуктуларын эсепке алууда төмөнкүдөй өлчөө каражаттары колдонулат:
1) массаны өлчөө каражаттары: статикалык тартуу үчүн тараза, кыймылда болгондо тартуу үчүн тараза;
2) көлөмдү өлчөө каражаттары: чыгым өлчөгүчтөр, вертикалдык жана горизонталдуу резервуарлар, отун таратуучу жана май таратуучу колонкалар;
3) температураны, басымды жана тыгыздыкты өлчөө каражаттары;
4) деңгээлди өлчөө каражаттары: метроштоктор, деңгээл өлчөгүчтөр ж.б.;
5) көлөм берүүнү өлчөө каражаттары: чыгым өлчөгүчтөр, ченегичтер, резервуарлар.
7. Өлчөө каражаттарынын топтомуна жана жарактуу абалда турушуна жоопкерчилик ишканалардын жетекчилерине жүктөлөт, алар өз кезегинде өлчөө каражаттарына күнүмдүк контролду жүзөгө ашыруу үчүн буйрук менен адамдарды дайындайт.
2-глава. Мунай продуктуларын өлчөө методдору жана каражаттары
8. Мунай продуктуларын эсепке алуу үчүн төмөнкүлөр колдонулат:
1) динамикалык өлчөөлөрдүн түз жана кыйыр методдору;
2) статикалык өлчөөлөрдүн түз методу;
3) статикалык өлчөөлөрдүн кыйыр методу (мунай продуктуларын өлчөөнүн көлөмдүк-массалык методу, мында масса мунай продуктуларынын көлөмүн жана тыгыздыгын көбөйтүү жолу менен аныкталат);
4) гидростатикалык принципке негизделген кыйыр метод.
Мунай продуктуларын эсепке алууда колдонуудагы МАСТ 8.587 стандарты - Өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуунун мамлекеттик системасы жетекчиликке алынат. Мунай жана мунай продуктуларынын массасы. Өлчөө методикасы (методдору).
Товардык операцияларда мунай продуктуларынын өлчөмүн аныктоонун тактыгы колдонулган өлчөө методуна жараша болот жана ушул Жобонун тиркемесине ылайык аныкталат.
9. Мунай продуктуларынын көлөмү стационардык резервуарларда жана темир жол цистерналарында ченемдик документтердин талаптарына ылайык белгилерге бөлүнгөн таблицалар боюнча аныкталат.
Технологиялык мунай продуктулары мунай продуктуларынын сыйымдуулугун аныктоо боюнча методикалык көрсөтмөлөргө (геометриялык метод) ылайык белгилерге бөлүнүүгө тийиш. Мунай продуктулары үчүн технологиялык өткөрмө түтүктөр мунай базасынын өткөрмө түтүктөрүнүн сыйымдуулугун аныктоо жана белгилерге бөлүү боюнча методикалык көрсөтмөлөргө (геометриялык метод) ылайык белгилерге бөлүнүүгө тийиш.
10. Резервуарларга жана өткөрүүчү түтүктөргө болгон белгилерге бөлүү таблицалары беш жылда бир жолудан кем эмес кайра каралып турууга тийиш.
11. Ар бир резервуарга базалык бийиктик (бийиктик трафарети) - резервуардын түбүнөн өлчөнүүчү люктун четинин жогорку кесилишине чейинки аралык түшүрүлүшү керек.
Вертикалдык резервуардын базалык бийиктиги жана түбүнүн тегиз эместиги, горизонталдык резервуардын корпусунун жантайышы ведомстволук метрологиялык кызмат тарабынан жыл сайын ченемдик документтердин талаптарына ылайык өлчөнөт жана ишкананын жетекчилиги тарабынан бекитилет.
12. Автоцистернанын сыйымдуулугу даярдоочу завод тарабынан белгилениши керек жана автоцистернанын көлөмү метрология боюнча улуттук орган, анын аймактык бөлүмдөрү тарабынан берилген күбөлүк боюнча аныкталат.
13. Темир жол цистерналарында мунай продуктуларынын көлөмү бийиктиктин ар бир сантиметрине түзүлгөн белгилерге бөлүнгөн таблицалар боюнча аныкталат. Сантиметрдин бөлчөктүү бөлүктөрүнүн сыйымдуулугунун орточо мааниси эсептөө жолу менен эсептелет.
14. Товардык суунун деңгээлин өлчөө үчүн сууга сезгич ленталар же пасталар колдонулат. Ленталар бекитилет, ал эми пасталар рулетка же метрошток жүгүнө эки тараптан жука катмар менен түшүрүлөт.
15. Тандалып алынган сынамдарда тыгыздык ченемдик документтердин талаптарына ылайык айнек ареометрлер же мунай продуктуларын эсепке алуунун колдонулуучу методуна ылайык башка тыгыздык датчиктери менен аныкталат.
Тандалып алынган сынамдар боюнча мунай продуктуларынын тыгыздыгы лабораторияда же сынамдар алынуучу жерде ченемдик документтерге ылайык аныкталат.
16. Вертикалдык резервуарлардагы мунай продуктуларынын деңгээли жүгү менен 1 мм чейинки тактыкта рулетка менен өлчөнөт, жүктүн резервуардын түбүнө тийген жери горизонталдуу жана катуу болууга тийиш.
Горизонталдык резервуарларда өлчөөлөрдү жүргүзүүдө метроштоктун же рулетка жүгүнүн учу резервуардын төмөнкү түзүүчүсүн көрсөтүүгө тийиш. Эсептеп бөлүү чекитинин туруктуулугу базалык бийиктик менен контролдонот.
17. Автоцистерналарга куюуда мунай продуктуларынын тыгыздыгын аныктоо үчүн ар бир эки саат сайын резервуарлардан сынамдарды алуу керек.
18. Вертикалдык резервуардан алынган бириктирилген сынам ченемдик документтерге ылайык алынат.
19. Понтондору же калкып жүрүүчү капкактары бар резервуарлардагы мунай продуктуларынын өлчөмүн аныктоодо ченемдик документтердин талаптарына ылайык оңдоолор киргизилүүгө тийиш.
20. Көлөмдү өлчөө үчүн отун таратуучу жана май таратуучу колонкалар колдонулат, алардын параметрлери ченемдик документтер менен регламенттелет. Колонкалар метрология боюнча улуттук орган же анын аймактык бөлүмдөрү тарабынан пломбаланууга тийиш.
Текшерүүдө берилген көлөмдү тууралоого жетүү мүмкүндүгү механикалык же электрондук пломба/энтамга менен жабылышы керек.
21. Транспортко май куюуда дозалар аралыктан башкаруу пульттары менен берилет.
Пульттар бир колонканы, ошондой эле колонкалардын тобун башкара алат.
Колонка менен берилген мунай продуктуларынын көлөмү суммардык эсептегичтин көрсөткүчү менен белгиленет.
Колонкалардын ишинин тактыгы күн сайын экинчи разряддагы үлгүлүү ченегичтер тарабынан кезметтер тапшырылганда текшерилип турууга жана нөөмөттүк отчеттордо белгиленүүгө тийиш.
Эгерде колонкалардын катасы ченемдик документтерде көрсөтүлгөн каталардан ашып кетсе, анда мындай колонканы эксплуатациялоого тыюу салынат.
Оңдоо аяктагандан кийин колонканы текшерүү жана пломбалоо үчүн метрология боюнча улуттук органдын же анын аймактык бөлүмүнүн текшерүүчүсү чакыртылат, ал жөнүндө жабдууларды оңдоону эсепке алуу журналына тиешелүү жазуу жазылат.