Редакцияот 12.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

(Тиркеме

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-апрелиндеги № 184 токтомуна)

Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары чыгарып жиберүүгө тийиш болгон чет өлкөлүк жарандарды кармоо үчүн адистештирилген борборлорго карата талаптар жана иштөө ТАРТИБИ

1-глава. Жалпы жоболор

1. Ушул Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары чыгарып жиберүүгө тийиш болгон чет өлкөлүк жарандарды кармоо үчүн адистештирилген борборлорго карата талаптар жана иштөө тартиби (мындан ары - Тартип) Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары чыгарып жиберүүгө тийиш болгон чет өлкөлүк жарандарды ички иштер органдарынын адистештирилген борборлорунда (мындан ары - адистештирилген борборлор) кармоонун шарттарын жана эрежелерин, ошондой эле адистештирилген борборлорго карата талаптарды аныктайт.

2. Адистештирилген борборлор камакка алынган адамдарды кармоо үчүн Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын атайын кабыл алуу жайларынын алдында иштейт.

3. Адистештирилген борбордун башчысы болуп кызмат орду боюнча камакка алынган адамдарды кармоо үчүн Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын атайын кабыл алуу жайынын башчысы эсептелет.

4. Адистештирилген борборлордо күнү-түнү нөөмөттү камсыз кылуучу жана кармалган адамдардын анын чегинен тышкары өз алдынча чыгып кетүү мүмкүнчүлүгүн жокко чыгаруучу режим белгиленет.

5. Адистештирилген борбордо кармалган чет өлкөлүк жарандар адистештирилген борбордун белгиленген күн тартибин (мындан ары - күн тартиби) сактоого милдеттүү. Күн тартиби адистештирилген борбордун башчысы тарабынан белгиленет.

6. Адистештирилген борборлордо кармалган чет өлкөлүк жарандар үчүн ушул Тартиптин 3-главасында көрсөтүлгөн гигиенанын, санитардык жана өрт коопсуздугунун талаптарына жооп берүүчү шарттар түзүлөт.

7. Адистештирилген борбордун башчысы же аны алмаштыруучу адам адистештирилген борбордо кармалган чет өлкөлүк жарандарга алардын укуктары жана милдеттери жөнүндө, кармоонун тартиби жана шарттары тууралуу маалыматка жетүү мүмкүнчүлүгүн берет.

2-глава. Чет өлкөлүк жарандарды кабыл алуунун жана кармоонун тартиби

8. Адистештирилген борборго келип түшкөн чет өлкөлүк жарандарды төмөнкү документтер болгон учурда кабыл алууну жана жайгаштырууну жүзөгө ашырат:

1) судья кол койгон жана соттун мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн чыгарып жиберүү жөнүндө соттун токтому;

2) медициналык кароонун формасы же мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдарынан алынган чет өлкөлүк жарандын медициналык күбөлөндүрүү жөнүндө маалымкат;

3) чет өлкөлүк жарандын ким экендигин ырастоочу документ (паспорт, убактылуу жашоого уруксат);

4) чыгарып жиберүү жөнүндө соттун чечимин аткарууга жооптуу ички иштер жана улуттук коопсуздук органдарынын бөлүмүнүн жетекчисинин коштомо каты.

9. Чет өлкөлүк жарандарды адистештирилген борборлордо кармоо мөөнөтү келип түшкөн күндөн тартып 30 суткадан ашпайт.

Адистештирилген борборго келип түшкөндүгү жөнүндө маалыматтар жана чет өлкөлүк жарандар жөнүндө башка маалыматтар кийин Кыргыз Республикасынын тышкы саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органына кабарлоо менен ушул Тартиптин 1-тиркемесине ылайык форма боюнча түзүлгөн чет өлкөлүк жарандарды кабыл алууну эсепке алуу журналына жазылат.

10. Адистештирилген борборлорго кирүүдө чет өлкөлүк жарандар адистештирилген борбордун күн тартиби менен кол коюу аркылуу таанышууга тийиш. Зарыл учурда алар котормочунун кызматы менен камсыздалат.

Адистештирилген борбордун күн тартиби көрүнүктүү жерге мамлекеттик жана англис тилдеринде илинет.

11. Адистештирилген борборго чет өлкөлүк жаран келип түшкөндө борбордун кызматкери тарабынан чет өлкөлүк жаранды жана анын жанындагы буюмдарды жеке кароо жүргүзүлөт жана ушул Тартиптин 2-тиркемесине ылайык кароонун протоколу толтурулат. Кароо аны менен бир жыныстагы адам тарабынан гана жүргүзүлөт жана чет өлкөлүк жарандын ар-намысын жана кадыр-баркын кемсинтүүчү иш-аракеттер жүргүзүлбөөгө тийиш.

12. Адистештирилген борборго келип түшкөн чет өлкөлүк жаран жооптуу кызматкерге тизим боюнча жеке буюмдарын (документтерди, баалуу буюмдарды, акча каражаттарын жана башка предметтерди) өткөрүп берүүгө милдеттүү.

Документтердин, буюмдардын, анын ичинде баалуу буюмдардын жана акчанын сакталышы үчүн жоопкерчиликти адистештирилген борборлордун жооптуу кызматкерлери тартат.

13. Адистештирилген борборго келип түшкөн ар бир чет өлкөлүк жаранга өздүк иш ачылып, ага чет өлкөлүк жаранга тиешелүү материалдар, ошондой эле анын жеке буюмдарынын тизими тиркелет.

3-глава. Чет өлкөлүк жарандарды кармоого карата талаптар

14. Чет өлкөлүк жаранды жайгаштыруу үчүн жайдын санитардык аянтынын ченеми бир адамга 3,25 кв.м кем эмес, эки кабаттуу керебеттерди орнотууда бир адамга 4,5 кв.м кем эмес болууга тийиш.

Бир нече адамдан турган үй-бүлөнү жайгаштыруу үчүн жайдын аянты 15 кв.м кем болбошу керек.

15. Ар бир жайда төмөнкүлөр болушу керек:

- стол;

- санитардык түйүн;

- суу краны;

- жуунуучу каражаттар үчүн текче;

- таштанды үчүн урна.

16. Чет өлкөлүк жарандар жеке керебет жана төшөк буюмдары (матрац, жаздык, жууркан жана шейшептер) менен камсыз болууга тийиш.

17. Шейшептер график боюнча 7 күндө бир жолудан кем эмес жаңысына алмаштырылат. Чет өлкөлүк жарандардын шейшептери жана ич кийимдери жууганда дезинфекцияланууга тийиш.

18. Чет өлкөлүк жаранга жумасына жок дегенде бир жолу, эгерде гигиенаны сактоо үчүн керек болсо, андан көп жолу душта 15 мүнөттөн кем эмес узактыкта жуунуу мүмкүнчүлүгү берилет.

19. Устара буюмдары чет өлкөлүк жарандын өтүнүчү боюнча адистештирилген борбордун кызматкерлеринин көзөмөлү алдында дайындоого ылайык пайдалануу үчүн белгиленген убакытта жумасына эки жолудан кем эмес берилет.

20. Жалпы пайдалануу үчүн адистештирилген борбордо кармалып турган чет өлкөлүк жарандардын санына жараша төмөнкүлөр берилет:

- самын (жуунуучу жана кир жуучу), кир жуучу порошок;

- гигиеналык максаттар үчүн кагаз;

- бөлмөлөрдү тазалоочу предметтер.

21. Тиричиликте колдонулуучу тигүүчү ийнелер, кайчы жана башка сайуучу-кесүүчү предметтер нөөмөтчүнүн контролу астында берилет, көрсөтүлгөн предметтер багыты боюнча колдонулгандан кийин кайра алынат.

22. Балалуу аялдар аларга кам көрүү үчүн зарыл болгон минималдуу предметтерди алышат, анын ичинде балдар үчүн астыңкы шейшеп, жаздык кап, сүлгү.

23. Адистештирилген борбордо ушул Тартиптин 24-пунктунда белгиленген учурларды кошпогондо, эркек жана аял жынысындагы адамдар, ошондой эле жашы жете электер өзүнчө кармалат.

24. Адистештирилген борбордун өзүнчө жайында чет өлкөлүк жарандын жубайы, ата-энеси, балдары, асырап алуучулар, асыранды балдар, эркек бир туугандары, кыз бир туугандары, чоң ата, чоң энеси, неберелери чогуу кармалышы мүмкүн.

25. Эркиндигинен ажыратууга соттолгон чет өлкөлүк жарандар, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жаза аткаруу системасынын тергөө жайларында кармалган адамдар суткалык үлүштүн ченемдери боюнча күн сайын ысык тамак менен камсыз болушат.

Ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнүн жетекчилиги ысык тамак менен камсыз кылуу үчүн тамак-аш даярдоо боюнча коомдук тамактануу пункттары (ашканалар, кафелер ж.б.) менен келишим түзүшү мүмкүн.

Келишимде үлүштүк белгиленген ченемге жараша тамак-аштын болжолдуу ассортименти, күнүмдүк рациондун наркы каралат, ошондой эле азык-түлүккө кошумча баа жана тамак-ашка эсептешүү тартиби аныкталат.

26. Жылытуу мезгилинде адистештирилген борбордун жайларында 18 градус Цельсиядан төмөн эмес температура сакталат.

Адистештирилген борбордо Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык санитардык-эпидемияга каршы (профилактикалык) иш-чаралар жүргүзүлөт.

27. Чет өлкөлүк жарандар өздөрүн, кийимдерин жана уктоочу жерлерин таза жана тыкан кармоого тийиш.

28. Чет өлкөлүк жарандарга күн сайын сейилдөө сутканын күндүзгү убагында узактыгы жалпы 3 сааттан кем эмес убакытка гана берилиши мүмкүн.

29. Адистештирилген борбордун жайларынын санитардык абалын текшерүү максатында медициналык кызматкерлер тарабынан чет өлкөлүк жарандарды кармоого арналган жайларды күн сайын кыдырып карап чыгуу жүргүзүлөт.

30. Чет өлкөлүк жаран адистештирилген борбордон кеткен учурда, анын ичинде ооруканага жаткырылганда анын төшөк буюмдары дезинфекцияланат.