Загрузка документа…
Бишкек шаардык кеңешинин 2022-жылдын 16-декабрындагы № 60 токтомуна
1-тиркеме
Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк объекттерин башкаруу жана аларга чектелген буюм укуктарын берүү тартиби жөнүндө ЖОБО
(Бишкек шаардык кеңешинин 2023-жылдын 16-мартындагы № 73, 2023-жылдын 25-апрелиндеги № 83, 2025-жылдын 25-июнундагы № 34 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
I. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексине, Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө", "Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө" мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 29-мартындагы № 142 токтому менен бекитилген "Муниципалдык мүлктү ижарага берүү келишимин түзүү укугуна электрондук форматта аукциондорду өткөрүү тартиби жөнүндө" жобого, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыкты жана муниципалдык менчикте турган кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк объекттерин, мүлктүк комплекске же анын бөлүгүнө чарбалык жүргүзүү, ыкчам башкаруу, мөөнөттүү кайтарымсыз пайдалануу же ижаралоо келишим түзүүгө укуктарды берүү тартибин жана шарттарын белгилейт.
2. Ушул Жобонун колдонулушу төмөндөгүлөргө жайылтылат:
турак эмес имараттарга, курулмаларга, жайларга жана аларга бекитилген жана кыймылсыз мүлктүн бирдиги катары түзүлгөн жер участокторго, кыймылдуу мүлк объекттерине, көрктөндүрүү объекттерине жана муниципалдык мүлк объекттеринин реестринде турган объекттерге;
калктын маданий-тиричилик муктаждыктарын канааттандырууну камсыздаган, мүлккө муниципалдык менчик объекттеринин реестринде турган, мүлк комплексине (мүлк комплексинин бөлүгүнө);
жергиликтүү бюджетти толтуруу үчүн муниципалдык мүлктү ар кандай формада ижаралык пайдаланууга берүүгө жол берген мүлктүк укуктук мамилелердин жаңы муниципалдык объекттерине.
3. Ыйгарым укуктуу орган мүлк комплексинин бөлүгүн ушул Жободо белгиленген тартипте, № 1 тизмеде турган колдонуучулардын табыштамаларынын негизинде ижарага берет. Мүлк комплексинин бир бөлүгү архитектура жана курулуш боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилүүчү архитектуралык корутундунун негизинде аныкталат.
II. Ушул Жободо колдонулуучу түшүнүктөр жана терминдер
Ыйгарым укуктуу орган - муниципалдык мүлктү башкаруу жана тескөө боюнча ыйгарым укуктары бөлүнгөн Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк бөлүмү;
Бишкек шаарынын муниципалдык мүлк боюнча комиссиясы (мындан ары - Комиссия) - муниципалдык мүлккө чектелген буюм укуктарын берүү менен байланышкан маселелерди, ошондой эле электрондук аукционду уюштуруу жана өткөрүү маселелерин чечүү үчүн ушул Жобого ылайык түзүлүүчү коллегиалдуу орган;
№ 1 тизме - Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган кыймылсыз объекттер чарба жүргүзүүгө, ыкчам башкарууга же мөөнөттүү кайтарымсыз пайдаланууга бериле турган ишканалардын, уюмдардын жана мекемелердин тизмеси;
№ 1 тизмек - № 1 тизмеге киргизилген ишканаларга, уюмдарга, мекемелерге, жеке жана юридикалык жактарга чарба жүргүзүүгө, ыкчам башкарууга, мөөнөттүү кайтарымсыз пайдаланууга бериле турган Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган кыймылсыз объекттердин тизмеги;
№ 2 тизме - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары алардын маанилүү социалдык иш-аракеттерге байланыштуу жеңилдетилген негизде кыймылсыз объекттерди бере турган уюмдардын жана мекемелердин, ошондой эле жеке жана юридикалык жактардын тизмеси;
№ 2 тизмек - № 2 тизмеге киргизилген ишканаларга, уюмдарга жана мекемелерге, жеке жана юридикалык жактарга жеңилдетилген ижара акысы менен ижарага берилүүчү Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган кыймылсыз объекттердин тизмеги;
№ 3 тизмек - Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган, ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген тартипте ижарага берилүүчү кыймылсыз мүлк объекттеринин тизмеги;
№ 3 тизмек үч топтон турат:
1-топ - аукцион аркылуу берилүүчү ыйгарым укуктуу органдын балансында турган муниципалдык менчик объекттеринин тизмеги;
2-топ - ушул жобо тарабынан белгиленген аукцион аркылуу же түз метод менен - аукцион өткөрүүсүз, комиссиянын чечиминин негизинде, ушул жободо көрсөтүлгөн объекттердин түрлөрү боюнча берилүүчү ыкчам, чарбалык жана мөөнөттүү кайтарымсыз пайдаланууда турган муниципалдык менчик объекттеринин тизмеги;
3-топ - ушул Жободо көрсөтүлгөн объекттердин түрлөрү боюнча Комиссиянын чечиминин негизинде аукцион өткөрүүсүз - түз ыкма менен берилүүчү муниципалдык менчик объекттердин тизмеги;
4-тизмек - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, мамлекеттик- жеке өнөктөштүк линиясы боюнча 5 жылдан жогору мөөнөткө ижарага берилүүчү № 1, 2, 3 Тизмекке киргизилбеген, Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган кыймылсыз объекттердин тизмеги;
аукцион - эң жогорку бааны сунуштаган катышуучу жеңүүчү боло алган, муниципалдык мүлктү ижаралоо келишимин түзүү укугуна электрондук форматта өткөрүлүүчү тооруктун түрү;
аукциондун кадамы - тооруктардын жүрүшүндө муниципалдык мүлктүн баасы жогорулашы мүмкүн болгон кошумча сумма;
ижарага түз берүү - ушул жобо менен каралган жүргүзүлүүчү учурларда жана тартипте аукцион өткөрүүсүз жана жер участокко укуктарды өткөрүп берүүсүз муниципалдык менчикте турган жерлерге ижара укуктарын берүү ыкмасы;
жашыл бак-дарактарды кароо боюнча ыйгарым укуктуу орган - жашыл бак-дарактарды кароо боюнча маселелерди кароо ыйгарым укуктары берилген Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк бөлүмү;
катышуучу - аукционго катышууга киргизилген талапкер;
электрондук соода аянтчасы - аукционду уюштуруу, өткөрүү жана катталган катышуучуларга бүтүмдөр боюнча электрондук операцияларды аралыктан (жеке катышуусуз) ишке ашыруу үчүн мүмкүндүк берүүчү Интернет тармагында жайгаштырылган маалыматтык тутуму;
электрондук кол тамга (ЭКТ) - башка маалыматка электрондук формада кошулган жана (же) аны менен логикалык жактан байланышкан маалыматка анын атынан кол тамга койгон адамды аныктоо үчүн пайдаланылуучу электрондук формадагы маалымат;
электрондук документ - электрондук формада берилген, башкача айтканда электрондук эсептөөчү машиналарды пайдалануу менен адам тарабынан кабыл алынуусу үчүн жарай турган түрдөгү документтештирилген маалымат;
кыймылдуу муниципалдык мүлк - акча жана баалуу кагаздарды кошуп, кыймылсыз мүлккө кирбеген буюмдар;
архитектура жана курулуш боюнча ыйгарым укуктуу орган - шаар куруу жана архитектура маселелерин кароо боюнча ыйгарым укуктары берилген Бишкек шаары боюнча түзүмдүк бөлүм;
кепилдик төгүм - кыймылсыз объектке ижара укуктарын сатып алуу максатында электрондук аукционго катышууну каалаган катышуучу тарабынан төлөнүүчү акчалай сумма;
депозит - түзүлгөн ижара келишиминин колдонуу мөөнөтүнүн аягына чейин ыйгарым укуктуу органдын жана анда сакталган алыш-бериш эсебине келишим боюнча милдеттемелерди аткаруунун кепилдик камсыздоосу катары киргизилүүчү аукциондун жеңүүчүсү тарабынан сунушталган, үч айлык ижара төлөмүнө тең болгон акчалай сумма;
лот - аукционго коюла турган муниципалдык мүлк, ижара укуктары;
мүлктү саат боюнча колдонуу менен убактылуу пайдаланууга берүү - муниципалдык мүлк объектисин сааттык колдонуу менен ижаралоого берүү;
мүлктүк комплекс - аларды жалпы социалдык жана өндүрүштүк дайындоо боюнча бир бүтүндү түзүүчү жана пайдаланууну болжолдоочу кыймылдуу жана кыймылсыз муниципалдык мүлк объекттеринин жыйындысы.
лайт бокстар - архитектура жана курулуш боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилүүчү муниципалдык тирөөчтөргө жана мамыларга орнотулуучу бир типтеги аз габариттүү жарнамалык конструкциялар.