Загрузка документа…
Тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 19-мартындагы № 124 токтомуна)
Медициналык, ветеринардык, техникалык максаттарда, ошондой эле парфюмердик-косметикалык жана алкоголдук продукцияны өндүрүү үчүн пайдаланылуучу этил спиртин сатып алуу тартиби жөнүндө ЖОБО
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 29-апрелиндеги № 308 токтомунун редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын аймагында этил спиртин медициналык, ветеринардык, техникалык максаттарда, ошондой эле парфюмердик-косметикалык жана алкоголдук продукцияны өндүрүү үчүн сатып алуу тартибин жана шарттарын белгилейт.
2. Ушул Жободо төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат:
1) этил спиртинин атайын керектөөчүлөрү (мындан ары - атайын керектөөчүлөр) - этил спиртин медициналык, ветеринардык максаттарда жана тизмеси Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилүүчү парфюмердик-косметикалык продукцияны өндүрүү үчүн пайдалануучу жактар;
2) каттоо баракчасы - ушул Жобонун 1-тиркемесине ылайык форма боюнча этил спиртин өндүрүүчү мамлекеттик ишканаларга аны сатууга укук берүүчү документ.
3. Алкоголдук продукцияны өндүрүүнү кошпогондо, этил спиртин медициналык, ветеринардык, техникалык максаттарда жана парфюмердик-косметикалык продукцияны өндүрүү үчүн сатып алуу түздөн-түз этил спиртин өндүрүүчү мамлекеттик ишканадан этил спиртин, алкоголдук жана спирт камтыган продукцияны өндүрүү жана жүгүртүү чөйрөсүндө мамлекеттик контролду жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (мындан ары - ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) тарабынан белгиленген квоталардын негизинде атайын керектөөчүлөр жана этил спиртин техникалык максаттар үчүн пайдалануучу субъекттер тарабынан жүзөгө ашырылат.
4. Квота атайын керектөөчүлөрдүн, ошондой эле этил спиртин техникалык максаттарда пайдалануучу субъекттердин этил спиртин керектөөсүнүн ар жылдык көлөмүн аныктайт.
5. Алкоголдук продукцияны өндүрүү үчүн этил спиртин сатып алуу алкоголдук тармактын ишканалары тарабынан түздөн-түз этил спиртин өндүрүүчү мамлекеттик ишканалардан ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилген каттоо баракчаларында көрсөтүлгөн негизде жана көлөмдө жүргүзүлөт.
6. Каттоо баракчасынын колдонуу мөөнөтү берилген күндөн тартып 30 күндү түзөт.
7. Этил спиртин сатып алууга квоталарды тариздөө (бөлүү) жана каттоо баракчаларын берүү үчүн атайын керектөөчүлөрдөн жана спиртти техникалык максаттарда пайдалануучу субъекттерден, ошондой эле алкоголдук тармактын ишканаларынан акы алынбайт.
2-глава. Этил спиртин керектөөгө квоталарды бөлүштүрүү тартиби
8. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жыл сайын 1-июндан кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу дары-дармек менен камсыз кылуу жана медициналык буюмдар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга (мындан ары - дары-дармек менен камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) жана Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу ветеринария чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга (мындан ары - ветеринария чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) этил спиртин өндүрүүчүлөр жөнүндө маалыматты алардын жайгашкан жерин жана чыгарылуучу продукциянын түрлөрүн көрсөтүү менен жиберип турат.
9. Алкоголдук продукцияны өндүрүүнү кошпогондо, этил спиртин керектөө квоталарынын жылдык көлөмү атайын керектөөчүлөрдүн жана спиртти техникалык максаттарда пайдалануучу субъекттердин келерки жылга карата квартал боюнча бөлүштүрүлгөн этил спиртин керектөөнүн пландалган көлөмүнө өтүнмөлөрүнүн негизинде аныкталат.
10. Ушул Жобонун 2, 3-тиркемелерине ылайык формалар боюнча негизделген эсептөөлөр менен этил спиртин сатып алууга атайын керектөөчүлөрдүн өтүнмөлөрү учурдагы жылдын 1-октябрына чейинки мөөнөттө медициналык муктаждыктар үчүн - дары-дармек менен камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга, ветеринардык муктаждыктар үчүн - ветеринария чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга, парфюмердик-косметикалык продукцияны өндүрүү муктаждыктары үчүн - ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берилет.
11. Этил спиртин техникалык максаттарда пайдалануучу субъекттердин этил спиртин сатып алууга өтүнмөлөрү ушул Жобонун 2, 3-тиркемелерине ылайык форма боюнча негизделген эсептөөлөр менен учурдагы жылдын 1-декабрына чейинки мөөнөттө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берилет.
12. Дары-дармек менен камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана ветеринария чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган атайын керектөөчүлөр боюнча келерки жылга этил спиртин керектөөнүн көлөмдөрү боюнча жыйынды өтүнмөлөрдү ушул Жобонун 4-тиркемесине ылайык форма боюнча 1-декабрдан кечиктирбестен ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берет.
13. Атайын керектөөчүлөрдүн жана этил спиртин техникалык максаттарда пайдалануучу субъекттердин жыйынды тизмеги ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан түзүлөт жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.
14. Атайын керектөөчүлөрдүн жана этил спиртин техникалык максаттарда пайдалануучу субъекттердин жыйынды тизмегине өтүнмөлөрдүн келип түшүшүнө жараша өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүгө жол берилет.
141. Атайын керектөөчүлөрдүн жана этил спиртин парфюмердик-косметикалык жана/же дезинфекциялоочу продукцияны өндүрүү, ошондой эле техникалык максаттар үчүн пайдалануучу субъекттердин тизмегине киргизүүгө өтүнмөлөр ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан төмөнкү документтер жана маалыматтар берилген учурда каралат:
1) коммерциялык сырды түзгөн маалыматтарды ачыкка чыгарбастан, продукциянын (жумуштардын/кызмат көрсөтүүлөрдүн) бирдигине этил спиртинин чыгымдарынын ченемдери камтылган өндүрүштүн технологиялык регламенти (технологиялык нускама/карта) же андан көчүрмө;
2) арыз ээсинде адистештирилген жабдуунун бар экендигин ырастаган документтер (менчик укугунда жана/же ээлик кылуунун жана/же пайдалануунун башка мыйзамдуу негизинде);
3) парфюмердик-косметикалык жана/же дезинфекциялоочу продукцияны өндүрүү үчүн белгиленген санитардык ченемдерге жана эрежелерге өндүрүштүк жайлардын шайкештигин ырастаган документтер (мындай максаттар билдирилсе);
4) этил спиртинин суралган көлөмүнүн болгон өндүрүштүк кубаттуулуктарга шайкештигин баалоо максатында ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын өкүлдөрү тарабынан түзүлгөн өндүрүштүк кубаттуулуктарды кароо актысы.
Коммерциялык сырды камтыган маалыматтар жана документтер Кыргыз Республикасынын коммерциялык сыр жөнүндө мыйзамдарын сактоо менен ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилет жана сакталат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 29-апрелиндеги № 308 токтомунун редакциясына ылайык)
142. Өндүрүштүк кубаттуулуктарды кароо ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан төмөнкү талаптарды сактоо менен жүргүзүлөт:
1) кароо арыз ээсинин катталган өтүнмөсүнүн негизинде жүргүзүлөт;
2) арыз ээсине кароонун датасы жана убактысы жөнүндө 3 жумушчу күндөн кечиктирбестен кабарланат;
3) кароонун жыйынтыгы боюнча 2 нускада акт түзүлөт, анын бири арыз ээсине тапшырылат (жөнөтүлөт);
4) актыда кароонун датасы жана жери, катышуучулардын курамы, каралган жайлардын жана жабдуулардын тизмеги, этил спиртинин билдирилген көлөмдөрүнүн болгон өндүрүштүк кубаттуулуктарга шайкештиги/шайкеш эместиги жөнүндө тыянак көрсөтүлөт.
Арыз ээсинин кароого жол берүүдөн баш тартуусу же кароого мүмкүнчүлүк бербөөсү акт менен белгиленет жана жыйынды тизмекке киргизүүдөн баш тартуу үчүн негиз болуп саналат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 29-апрелиндеги № 308 токтомунун редакциясына ылайык)