Загрузка документа…
1-тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 024-жылдын 9-августундагы N 462 токтомуна)
2024-2029-жылдарга карата Кыргыз Республикасынын жайыттарын өнүктүрүү ПРОГРАММАСЫ
I. Киришүү
Жайыт секторун башкарууну өркүндөтүү үчүн бардык негизги көйгөйлөрдү комплекстүү чагылдырган жана чектелген административдик жана ресурстук мүмкүнчүлүктөрдү эске алуу менен негизги милдеттерди кабыл алган бирдиктүү стратегиялык документтин болушу зарыл, бул саясаттын чараларын бир кыйла максаттуу жана сарамжалдуу кылууга жана колдо болгон ресурстарды натыйжалуу пайдаланууга, максаттарды/артыкчылыктарды/милдеттерди жана каржылоону башкаруу боюнча байланышты камсыз кылууга мүмкүндүк берет.
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы № 435 "2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасы жөнүндө" Жарлыгына ылайык жайыт жерлеринин деградациясынын деңгээли олуттуу кооптонууну жаратат. Ашыкча жана жөнгө салынбаган жайыт жана токойлорду кыюу кыртыштын эрозиясына алып келет жана айыл чарбасына таасирин тийгизет. Климаттын өзгөрүшүнүн тобокелдиктери башкаруунун сапатына кошумча терс таасирин тийгизет деп күтүлүүдө.
2024-2029-жылдарга жайыттарды өнүктүрүүнүн тармактык программасын (мындан ары - Программа) кабыл алуу жайыттарды туруктуу өнүктүрүүнүн өсүшүнө, жайыт инфраструктурасын калыбына келтирүүгө жана жакшыртууга көмөктөшүүгө тийиш.
Программа Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 20-декабрындагы № 570 "Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук концепциясы жөнүндө" Жарлыгына шайкеш келет. Улуттук коопсуздукту камсыз кылуу кыргыз мамлекеттүүлүгүн коргоо, элдин улуттук иденттүүлүгүн сактоо, Кыргызстандын мындан ары туруктуу, ар тараптуу жана ырааттуу өнүгүшү, ошондой эле региондогу коопсуздукту жана туруктуулукту тийиштүү деңгээлде колдоо үчүн маанилүү процесс болуп саналат. Азык-түлүк коопсуздугуна жердин өзгөчөлүктөрүн жана айыл чарба жаныбарларынын башынын санын эске алуу менен жайыт жерлерин сарамжалдуу жана натыйжалуу пайдалануу кирет.
Жайыттарды башкаруу боюнча мурдагы программалардын аткарылышын баалоо боюнча милдеттердин көбү аткарыла элек, айрымдары чечилүү баскычында турат.
Айыл жергесинде жакырчылыктын деңгээли өзгөчө тоолуу жерлерде жашаган адамдардын арасында жогору, мында калктын негизги киреше булагы жаратылыш ресурстары менен байланышкан мал чарбачылыгы болуп саналат. Ошентип жайыттарды башкарууну жакшыртуу өлкөнүн тоолуу аймактарында жакырчылыкты кыскартуунун негизги звеносу болуп саналат.
II. Учурдагы абалды талдоо
Азыркы мезгилге чейин жайыт чарбасында өнүгүүнүн эки этабы болгон:
1) 1991-2009-жылдар - кризис мезгили;
2) 2009-жылдан баштап азыркы учурга чейин - "Жайыттар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынгандан кийинки мезгил.
Биринчи этап. Колхоз менен совхоздордун жоюлушуна байланыштуу пландык-административдик система жоюлгандан кийин жайыттарды пайдалануу системасы да өзгөргөн. Чарбалык субъекттерде болгон малдын дээрлик бардык саны транспорттун жана малды алыскы жайыттарга айдоого финансылык каражаттардын жоктугуна байланыштуу жыл бою жазгы-күзгү жайыттарда багылып келген. Мал башын жайгаштыруунун мындай диспропорциясы жайыттардын деградациясына, өсүмдүктөрдүн каптоо катмарынын кыскарышына, кыртыштын такырга айланышына жана жазгы жайыттардын эрозиясынын тездешине алып келди.
Жайыттарды башкаруу үч деңгээлге бөлүнгөн: айыл четиндеги жайыттар - жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан башкарылган; интенсивдүү пайдалануудагы жайыттар - райондук мамлекеттик администрациялар тарабынан ижарага берилген; алыскы жайыттар - облустук мамлекеттик администрациялардын карамагында болгон. Мындай система жайыт пайдалануучуларды жайыттарды башкарууга түздөн-түз катышуудан алыстатып, натыйжада жайыт сыяктуу маанилүү жаратылыш ресурсунун бузулушунун жана сарамжалсыз пайдаланылышынын негизги себептеринин бири болуп калды.
Экинчи этап. 2009-жылы кабыл алынган "Жайыттар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында өлкөдөгү бардык жайыттар улуттук кенч болуп саналат жана мамлекеттин гана менчигинде турат деп белгиленген. Тескөө укугун кошпогондо, мамлекеттик жайыттарды башкарууга жоопкерчилик жана контролдоо жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына (мындан ары - ЖӨБ органдары) өткөрүп берилген. Өз кезегинде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жайыттарды башкаруу боюнча ыйгарым укуктарын жайыт пайдалануучулар өздөрү кирген Жайыт пайдалануучулар бирикмелерине (мындан ары - ЖПБ) өткөрүп беришкен. Донордук уюмдардын колдоосу менен жайыт комитеттеринин мүчөлөрү базалык билим алышты, бирок кадрлардын алмашуусунан улам жайыттарды туруктуу башкаруу жаатында билимдин жана тажрыйбанын жетишсиздиги көйгөйү курч бойдон калууда.
Жагымдуу жаратылыш-климаттык шарттар жана Кыргыз Республикасынын табигый тоют жерлеринин аянттарынын болушу мал чарбачылыгынын өнүгүшүн шарттады, ал өлкөнүн экономикасын аныктоочу фактор болуп калды. Муну менен Кыргызстандын эли үчүн, өзгөчө өлкөнүн калкынын жалпы санынын үчтөн экисине жакынын түзгөн, мал өстүрүү жана багуу алардын материалдык жыргалчылыгын камсыз кылууда басымдуу фактор болуп саналган айыл калкы үчүн жайыттардын коомдук мааниси баса белгиленет. Демек, айыл чарбасынын андан ары өнүгүшү жана жайыт пайдалануучулардын жана фермерлердин кирешелеринин өсүшү жайыт ресурстарын натыйжалуу жана сарамжалдуу пайдаланууга түздөн-түз көз каранды.
Кыргызстандын аймагынын 93%дан ашыгын Тянь-Шань жана Памир-Алай тоо кыркалары ээлейт, алар жалпы аянты 9002071 га түзгөн табигый жайыт массивдери менен капталган. Алар айыл чарба жерлеринин жалпы аянтынын 85%дан ашыгын ээлейт жана мал чарбачылыгынын негизги тоют базасы болуп саналат. Өздүк наркты төмөндөтүүнүн жана экологиялык жактан таза эт-сүт продукциясын алуунун негизги фактору болуп саналуучу жайыт жерлери малды тоют менен камсыз кылуу боюнча негизги ресурс болгон жана болуп кала берет.
Айыл чарба малдарынын санынын өсүшү жайыттарга ашыкча күч келтирүүгө жана алардын деградациясына алып келүүдө. Малды сандык эмес, сапаттык жактан өстүрүү зарылдыгы бышып жетилди. Келечекте селекциялык-асыл тукум иштерин өнүктүрүүгө негизги басым жасалышы керек, бул жайыт жерлерин сактоого жана мал чарбачылыгынын рентабелдүүлүгүн жогорулатууга түздөн-түз таасирин тийгизет.
Жайыт көйгөйлөрү. Кыргыз Республикасын 2026-жылга чейин өнүктүрүүнүн улуттук программасында белгиленгендей, айыл чарбасы - бул улуттук экономиканын артыкчылыктарынын бири, бирок жерди сарамжалсыз пайдалануудан жана мамлекеттик инвестициялардын жоктугунан улам жерлердин туруктуу бузулушу жана кыртыштын эрозиясы болууда. Кыргыз Республикасында жерлердин деградация даражасы кризистик деңгээлге жетти, ал эми климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерин эске алганда кырдаалды өзгөртүүгө убакыт дээрлик калган жок. Натыйжада жайыт жерлеринин түшүмдүүлүгү төмөндөдү, жайыт чөбүнүн мал жебей турган, зыяндуу жана уулуу өсүмдүктөр менен булгануусу жогорулады, жайыттардын бадалдар менен басылышы күчөдү, жайыт жана суу эрозиясы көбөйдү (тапталган жолдордун, суу жеп кеткен жерлердин, жарлардын ж.б. болушу), жайыт чөптөрүнөн өсүмдүктөрдүн айрым түрлөрү жоголуп бара жатат, өсүмдүктөр чөйрөсүнүн доминанттарынын алмашуусу байкалууда. Алыскы жайыттарга баруучу жолдордун жана көпүрөлөрдүн көпчүлүгү оңдолууга тийиш, бул жайыттардын инфраструктурасы өнүгүүнү жана өркүндөтүүнү талап кылат. Албетте, деградацияланган жайыттардын андан ары көбөйүшү жеткиликтүү экологиялык тоют базасын азайтат, түшүмдүүлүктүн кыскарышына жана фермерлер менен малчылардын жашоо-турмушун камсыздоого коркунуч алып келет.
Жайыт жерлеринин деградациясы төмөнкүлөрдөн улам келип чыгууда:
1) жайыттарды натыйжасыз башкаруу. Жаратылыш ресурстарын башкарууну борборлоштуруудан ажыратуу процессин колдогон "Жайыттар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын прогрессивдүүлүгүнө карабастан жайыттарды башкаруу системасында бир катар көйгөйлөр бар.
Негизги көйгөйдүн бири - жайыт комитеттерде кадрлардын агымы. Окутулган башкаруучулардын ордуна жаңылары келген, алардын билими жана көндүмдөрү жетишсиз болгон, бул жайыттарды мындан ары натыйжалуу башкарууга олуттуу тоскоолдукту түзөт.
Пилоттук режимде айыл аймактарынын деңгээлинде административдик-аймактык реформаны ишке ашырууда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан мамлекеттик жайыт жерлерин пайдалануу укугун жөнгө салуу максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 28-декабрындагы № 414 "Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Түп районунун айыл аймактарынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жөнүндө", 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 85 "Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун айыл аймактарынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жөнүндө" жарлыктарына ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-декабрындагы № 735 "Пилоттук режимде айыл аймактарынын деңгээлинде административдик-аймактык реформа менен камтылган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына мамлекеттик жайыт жерлерин башкаруу жана пайдалануу укугун берүүнүн тартиби жөнүндө" токтому кабыл алынган.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жогоруда аталган токтомунун негизинде азыркы учурда айыл аймактарында жайыттарды башкаруу боюнча ыйгарым укуктар берилген муниципалдык ишканалар түзүлүүдө;
2) жайыт инфраструктурасынын бузулушу. Жайыт инфраструктурасынын объекттеринин көпчүлүгү аларды оңдоого жана күтүүгө каражаттын жоктугунан дээрлик жарактан чыккан. Натыйжада жолдордун начардыгынан, көпүрөлөрдүн талкалангандыгынан жана мал сугаруучу жайлардын жоктугунан алыскы жайлоолорго барууга мүмкүндүк жок Мамлекеттик инвестициялар программаларынын (мындан ары - МИП) жана гранттык каражаттардын эсебинен инфраструктураны реабилитациялоо боюнча чаралар бул көйгөйдү жарым-жартылай чечүүдө;
3) трансчек аралык аймактарды кошуп алганда жайыт ресурстары үчүн чыр-чатактар. Айыл аймактарынын, узак мөөнөттүү пайдалануу участокторунун (мындан ары - УДП) жана токой чарбасынын ортосундагы жайыт жерлери жөнүндө талаш маселелер актуалдуу бойдон калууда;
4) илимий жана консультативдик колдоонун жетишсиздиги, бул жайыттардын натыйжалуу өнүгүүсүн токтотууда. Бул чөйрөнү мамлекеттик колдоо иш жүзүндө жокко эсе. Илимий потенциалды жогорулатуу зарыл, анткени жайыттардын өнүгүүсү түздөн-түз илим менен байланыштуу. Ошону менен бирге, көп учурда жер иштетүүдө которуштуруп айдоонун жана жайыт которуштуруунун илимий негизделген методдорун колдонуунун мүмкүн эместиги чакан контурлуу жерди пайдалануу жана анын майда товардуулугу менен байланыштуу болот;
5) жайыттарды системалуу эмес пайдалануу. Республикада мал башынын туруктуу өсүшү байкалууда, жөнгө салынбаган мал жаюу жайыттардын экосистемасынын бузулушуна алып келет. Интенсивдүү мал жаюунун натыйжасы тоют чөптөрдүн азайышы менен чөптүн түрлөрүнүн олуттуу өзгөрүшүнө жана тоют эмес отоо чөптөрдүн кескин көбөйүшүнө алып келди. Учурда жайыт аянтынын үчтөн бир бөлүгүн уулуу, зыяндуу жана мал жебей турган өсүмдүктөр (анын ичинде алтыгана-карагана бадалы) басып калган. Негизинен жогору түшүмдүү жана жаан-чачын менен камсыз болгон шалбаа жана шалбаа жайыттарынын 70-90% отоо чөптөр менен булганышы абалды курчутат. Акыркы 20 жылда шарттуу түрдө таза деп эсептелген жайыттардын аянты 3544,8 миң гектардан 2741 миң гектарга чейин кыскарды. Ошондуктан деградацияланган жайыттарды жакшыртуу маселеси курч болууда.
Отоо чөп басуу процессин тийиштүү чараларды ишке ашыруу, коомчулуктун жана мамлекеттик органдардын жөнгө коюлган иши аркылуу гана токтотууга болот.
Азыркы учурда Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы Суусамыр өрөөнүндө алтыгана (карагана) бадалы каптаган конкреттүү участоктордо биологиялык ар түрдүүлүк объекттеринин популяциясын изилдөөнү, ошондой эле эксперттик корутунду даярдоо үчүн жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерине изилдөө жүргүзүп жатат;
6) климаттын өзгөрүшү Кыргызстан - климаттык өзгөрүүлөрдүн астында өтө алсыз тоолуу өлкө. Айыл чарбасына, анын ичинде жайыттарга олуттуу зыянга учуратуучу кооптуу метеорологиялык кубулуштар көбөйдү (сел, суу ташкыны, жер көчкү, кардын көп жаашы, үшүк, абанын температурасынын жогорулашы, кургакчылык ж.б.);
7) тегиз эмес пайдалануу. Жайыт чарбасынын негизги көйгөйлөрү мал жаюуда жайыттарды тегиз эмес пайдалануу болуп саналат, анткени калктуу конуштарга жакын жайгашкан жазгы жайыттарга мал толуп, жайыт инфратүзүмдүн жоктугунан алыскы тоолуу жайыттар бош болуп, ошону менен жайыт которуштуруу сакталбай жатат.
Бул көйгөйлөрдү чечүү үчүн жайыттарды туруктуу башкарууга багытталган чараларды көрүү зарыл.
Жайыттардын абалын жакшыртуунун маанилүүлүгүн түшүнүү менен Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги деградацияланган жайыттарды жакшыртуу боюнча активдүү чараларды көрүүдө.
2023-жылы республикалык бюджеттин каражатына үрөн себүү жана үрөнчүлүктү өнүктүрүү үчүн жайыт чөп үрөндөрү сатып алынды. Жайыттарга көп жылдык дан өсүмдүктөрүнүн уругун себүү боюнча иш-чаралар жүргүзүлдү.
Жайыттарды башкаруу чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларды мындан ары өркүндөтүү жана өнүктүрүү максатында Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин 2024-жылдын 15-майындагы № 04-13/152 "Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча планды жана жайыттарды пайдалануунун жылдык планын иштеп чыгуунун тартиби жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу" буйругу чыкты. Жогоруда көрсөтүлгөн буйрукка ылайык ЖӨБО милдеттүү түрдө жайыттарды башкаруу жана пайдалануу планына жана жайыттарды пайдалануунун жылдык планына жазгы жайыттарды эс алдыруу чараларын киргизүүгө тийиш.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ресурстары чектелүү экенин белгилей кетүү керек, алардын көпчүлүгү мамлекеттин дотациясында болгондуктан алардын артыкчылыктуу багыттарына басым жасоо зарыл.