Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2024-жылдын 29-июлу № 152
Административдик-аймактык реформанын алкагында Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 18-июлундагы № 150 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин I бөлүгүнө (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1996-ж., № 6, 80-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 5-главанын 4-параграфынын аталышы "Мамлекеттик" деген сөздөн кийин "жана муниципалдык" деген сөздөр менен толукталсын;
2) 158-статьяда:
а) статьянын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "158-статья. Чарба жүргүзүү укугуна негизденген мамлекеттик жана муниципалдык ишканалар";
б) 1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Чарба жүргүзүү укугуна негизденген ишкана катары мүлкү жана пайдасы мамлекеттин же жергиликтүү коомчулуктун менчиги болуп саналган жана ишкердик ишти жүзөгө ашыруу үчүн бул ишканага бекитип берилген юридикалык жак таанылат.";
в) 2-пункт "мамлекеттик" деген сөздөн кийин "же муниципалдык" деген сөздөр менен толукталсын.
2-берене.
(Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 18-июлундагы № 150 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
3-берене.
Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексине ("Эркин-Тоо" гезити, 2013-жылдын 26-июлу, № 62) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) бүткүл текст боюнча түрдүү жөндөмөлөрдөгү "Өкмөт" деген сөз тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) 73-берененин 1-бөлүгүнүн 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2) товарды эсепке алуу приборлору болбогон учурда, акынын өлчөмү Министрлер Кабинети белгилеген тартипте ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан бекитилүүчү керектөө ченемдери жана топтоо нормалары менен аныкталат;".