Загрузка документа…
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 9-августундагы № 466 токтомуна)
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу мамлекеттик маанидеги объекттерди куруу чөйрөсүндөгү мамлекеттик милдеттерди жана Кыргыз Республикасынын жарандарын турак жай менен камсыз кылуунун мамлекеттик программасын ишке ашыруу үчүн мамлекеттик менчикте турган жер участогун алмашуу жөнүндө ЖОБО
1-глава. Жалпы жоболор
1. Бул Жобо мамлекеттик менчикте турган жер участогун мамлекеттик милдеттерди ишке ашыруу максатында мамлекеттик маанидеги жана Кыргыз Республикасынын жарандарын турак жай менен камсыз кылуунун мамлекеттик программасынын объекттерин куруу үчүн жеке жана юридикалык жактарга таандык жер участогуна жана/же товарга (мындан ары - курулуш үчүн товар) алмашуунун тартибин жана шарттарын аныктайт.
2. Бул Жобонун максаттары үчүн төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр пайдаланылат:
1) мамлекеттик милдеттер - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимдери менен аныкталуучу мамлекеттик маанидеги объекттерди куруу жана Кыргыз Республикасынын жарандарын турак жай менен камсыз кылуунун мамлекеттик программасы чөйрөсүндөгү, ошондой эле мамлекеттик стратегиялык документтерде, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кыска жана орто мөөнөттүү иш-аракеттеринин пландарында каралган иш-чаралардагы мамлекеттин милдеттери;
2) мамлекеттик жер пайдалануучу - жер участогун мөөнөтсүз (мөөнөтүн көрсөтпөстөн) же мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга алган Кыргыз Республикасынын мамлекеттик ишканалары, мекемелери, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандарын турак жай менен камсыз кылуунун мамлекеттик программасын ишке ашыруучу, калктуу конуштун чегинде жер участогун мөөнөтсүз пайдаланууга алган, уставдык капиталында мамлекеттин жүз пайыз катышуусу менен мамлекеттик ипотекалык турак жайды кредиттөө чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган;
3) кызыкдар жак - мамлекеттик менчикте турган жер участогуна алмашууну жүзөгө ашырууга кызыкдар экендигин билдирген жеке менчикте турган жер участогунун жана/же курулуш үчүн товардын менчик ээси;
4) ведомстволор аралык комиссия - мамлекеттик менчикте турган жер участогун алмашуу үчүн мамлекеттик жер пайдалануучу тарабынан түзүлүүчү комиссия.
3. Мамлекеттик менчикте турган, алмаштырылууга тийиш болгон жер участоктору үчүнчү жактардын укуктарынан эркин болууга жана чектөөлөр (оорчулуктар) болбоого тийиш.
4. Бул Жобонун колдонулушу мамлекеттик менчикте турган төмөнкү жер участокторуна жайылтылбайт:
- имараттар, курулуштар жана курулмалар, мүлктүк комплекстер жайгашкан;
- өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын, токой жана суу фондунун, жайыттардын, ошондой эле Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерине таандык.
2-глава. Жер участогун алмашууну демилгелөө
5. Мамлекеттик жер пайдалануучу мамлекеттик милдеттерди аткаруу максатында мамлекеттик менчикте турган жер участогун алмашуу процессин демилгелейт.
6. Жер участогун алмашууга даярдоо үчүн мамлекеттик жер пайдалануучу өзүнүн расмий веб-сайтына (жок болсо - жогору турган мамлекеттик органдын расмий веб-сайтына) төмөнкүдөй маалыматтарды камтыган маалыматтык билдирүүнү жайгаштырат:
1) жер участогунун өлчөмү, жайгашкан жери, категориясы жана максаттуу багыты жөнүндө маалыматтар;
2) жер участогуна укукту күбөлөндүрүүчү документтин тиркелген сканерленген көчүрмөлөрү;
3) шаар куруу документтерине, куруу жана жер пайдалануу эрежелерине, шаар куруу регламенттерине ылайык жер участогун уруксат менен пайдалануунун параметрлери жөнүндө шаар куруу жана архитектура чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын маалымкаты;
4) жер участогунун жана/же курулуш үчүн товардын рыноктук наркы;
5) мамлекеттик милдетти көрсөтүү жана алмаштыруу үчүн талап кылынган жер участогунун жана/же курулуш үчүн товардын параметрлеринин кыскача сыпаттамасы;
6) кызыкдар тараптардан сунуштарды кабыл алуунун акыркы мөөнөтү жана орду;
7) кызыкдар жактар берүүгө тийиш болгон маалыматтардын жана документтердин тизмеги жана арыздын формасы.
7. Мамлекеттик жер пайдалануучу кызыкдар жактардын кайрылуусу боюнча жер участогун карап чыгуу максатында ага жетүүнү камсыз кылууга, ошондой эле жер участогунун рыноктук наркы жөнүндө отчет, жер участогуна укукту белгилөөчү, укукту күбөлөндүрүүчү жана башка документтер менен таанышууга мүмкүнчүлүк берүүгө тийиш.
8. Маалыматтык билдирүүдө белгиленген мөөнөттө кызыкдар жактар мамлекеттик жерди пайдалануучуга төмөнкүлөрдү жиберет:
1) ушул Жобонун тиркемесине ылайык форма боюнча арызды;
2) жеке жактар үчүн - өздүгүн ырастоочу документтин көчүрмөсүн;
жеке ишкерлер үчүн - ишкердик жүргүзгөн жеке жакты мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсүн;
юридикалык жактар үчүн - юридикалык жакты мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүктүн, уюштуруу документинин аталган юридикалык жактын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрүн;
3) кызыкдар жакка таандык жер участогуна жана/же курулуш үчүн товарга укук белгилөөчү, укук күбөлөндүрүүчү жана башка документтердин нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрүн;
4) кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жер участогуна оорчулуктардын (чектөөлөрдүн) жана соттук талаш-тартыштардын бар же жок экендиги жөнүндө маалымкатын (алмашуу үчүн жер участогу сунушталган учурда);
5) ыйгарым укуктуу салык органынын жер участогуна жана/же курулуш үчүн товарга салык төлөө боюнча карызынын жоктугу тууралуу маалымкатын;
6) шаар куруу документтерине, курулуш куруу жана жер пайдалануу эрежелерине, шаар куруу регламенттерине ылайык кызыкдар жактын жер участогун уруксат менен пайдалануунун параметрлери жөнүндө шаар куруу жана архитектура чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын маалымкаты (алмашуу үчүн жер участогу сунушталган учурда);
7) кызыкдар жакка таандык жер участогунун жана/же курулуш үчүн товардын рыноктук наркы жөнүндө кез карандысыз баалоочу/баалоочу уюм тарабынан (арыз берилген датага чейин бир айдан эрте эмес) даярдалган отчеттун көчүрмөсү.
9. Кызыкдар жактардын сунуштарын кароо максатында мамлекеттик жер пайдалануучу өзүнүн төрагалыгы астында ведомстволор аралык комиссия түзөт, анын курамына мамлекеттик милдетти аткаруучу болуп саналган мамлекеттик органдын же уюмдун, мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, шаар куруу жана архитектура чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, аймагында жер участогу жайгашкан тиешелүү муниципалдык түзүлүштөгү жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын өкүлдөрү киргизилет. Зарыл болгон учурда ведомстволор аралык комиссиянын ишине башка кызыкдар уюмдардын өкүлдөрү, көз карандысыз эксперттер тартылышы мүмкүн.