Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 21-декабрындагы № 1747-VIII токтомуна тиркеме
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин парламенттик фракциясы жөнүндө ТИПТҮҮ ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Парламенттик фракция (мындан ары - фракция) - саясий партиянын тизмеси боюнча жана бир мандаттуу шайлоо округу боюнча шайланган Жогорку Кеңештин депутаттарынын бирикмеси.
2. Фракция өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Фракция анын түзүлгөнү, аталышы, тизмедеги курамы, фракциянын лидеринин жана башка жетекчилеринин фамилиялары жөнүндө Жогорку Кеңештин жыйналышында жарыяланган учурдан тартып расмий статуска ээ болот. Фракциянын чечими жазуу жүзүндө төрагалык кылуучуга берилет.
4. Фракция өз ишин элдин кызыкчылыгында өз ыйгарым укуктарын аткаруу, элдин жана өз шайлоочуларынын алдында жоопкерчиликте болуу, Кыргыз Республикасынын Конституциясын, мыйзамдарын жана башка ченемдик укуктук актыларын сактоо принциптеринде жүзөгө ашырат.
5. Фракция өз ишин Жогорку Кеңештин VII-чакырылышынын мезгилинде жүзөгө ашырат.
2. Фракцияга мүчөлүк. Фракция мүчөлөрүнүн укуктары жана милдеттери
6. Жогорку Кеңештин депутаты саясий партиянын тизмеси боюнча Жогорку Кеңешке шайланган депутаттардын арасынан түзүлгөн парламенттик фракциянын курамына кирет. Саясий партиянын тизмеси боюнча шайланган Жогорку Кеңештин депутатынын парламенттик фракцияга кирүүдөн баш тартуусуна жана аны парламенттик фракциядан чыгарууга жол берилбейт.
7. Бир мандаттуу шайлоо округунан шайланган Жогорку Кеңештин депутаты саясий партиянын тизмеси боюнча шайланган депутаттардын арасынан түзүлгөн парламенттик фракциялардын курамына кирүүгө укуктуу.
8. Фракцияга мүчөлүк төмөнкү негиздер боюнча токтотулат:
1) саясий партиянын тизмеси боюнча шайланган депутатты кошпогондо, ал фракциядан чыгуу жөнүндө жазуу жүзүндө фракциянын лидеринин атына арыз бергенде;
2) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын, этика ченемдерин сактабагандык үчүн, фракциянын беделин түшүргөн аракеттер (аракетсиздиктер) үчүн, фракциянын мүчөсүнүн статусуна туура келбеген иштерди жасагандык үчүн;
3) Жогорку Кеңештин депутатынын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулганда;
4) башка депутаттык топтун же парламенттик фракциянын курамына киргенде.
9. Бир мандаттуу шайлоо округунан шайланган Жогорку Кеңештин депутаты болгон фракциянын мүчөсүн анын курамынан чыгаруу жөнүндө чечим фракция тарабынан фракциянын мүчөлөрүнүн жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
10. Бир мандаттуу шайлоо округунан шайланган депутатты фракциядан чыгаруу Жогорку Кеңештин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу үчүн негиз болуп саналбайт.
11. Фракция төмөнкүлөргө укуктуу:
1) Жогорку Кеңеш тарабынан карап жаткан маселелер боюнча саясий позициясын билдирүүгө, ошондой эле өзүнүн оппозициясы жөнүндө жарыялоого;
2) фракциянын өкүлүнө фракциянын атынан билдирүүлөр, баяндамалар, кошумча баяндамалар, билдирмелер жана сунуштар менен сөз сүйлөөгө укук берүүгө;
3) башка фракциялар, депутаттык топтор менен биргелешкен жыйналыштарга катышууга, фракциянын жыйналыштарына кызыкдар жактарды чакырууга, эксперттер жана адистер менен консультация жүргүзүүгө;
4) Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу иш планы жана ар жылдык планы боюнча сунуштарды киргизүүгө;
5) Жогорку Кеңештин Төрагасынын же анын орун басарынын кызмат ордуна, комитеттин төрагасынын же комитеттин төрагасынын орун басарынын кызмат ордуна шайлоо үчүн фракция мүчөлөрүнүн талапкерлигин сунуш кылууга жана аларды чакыртып алуу боюнча сунуштарды киргизүүгө;
6) Жогорку Кеңештин комитеттеринин жана убактылуу комиссияларынын курамына фракция мүчөлөрүнүн талапкерлигин сунуш кылууга жана аларды чакыртып алуу боюнча сунуштарды киргизүүгө;
7) бардык фракциялардын пропорциялуу өкүлчүлүгүнүн принцибин сактоо менен, парламенттик делегациялардын, достук топторунун курамдарына фракциянын мүчөлөрүн киргизүү (кайра чакыртып алуу) боюнча сунуштарды киргизүүгө;
8) айрым маселелерди иликтөө боюнча жумушчу топторду түзүү жөнүндө сунуштарды киргизүүгө;
9) парламенттик угууларды өткөрүү жөнүндө Жогорку Кеңешке жана комитеттерге сунуштарды киргизүүгө;
10) Кыргыз Республикасынын Конституциянын 79-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-4, 6-11-пункттарында каралган негиздер боюнча фракциянын мүчөлөрүнүн депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча сунуштарды киргизүүгө;
11) Жогорку Кеңештин жыйналышынын протоколуна киргизүү үчүн талкууланып жаткан маселе боюнча фракциянын өзгөчө пикирин берүүгө;
12) фракциянын материалдарын жана документтерди жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялоого, ошондой эле аларды Жогорку Кеңештин расмий сайтына жайгаштырууга;
13) фракциянын мүчөлөрүнүн аракеттерине шайлоочулардын кайрылууларын кароого жана ички фракциялык тартипти күчөтүү максатында зарыл чараларды көрүүгө;
14) концепцияны, максаттарды жана милдеттерди кыскача баяндоо менен мыйзам долбоорун иштеп чыгуунун зарылдыгы жөнүндө Министрлер Кабинетине мыйзам чыгаруу сунушун жиберүүгө;
15) өзүнүн өкүлүн комитеттин, убактылуу комиссиянын төрагасынын же төрагасынын орун басарынын кызмат ордунан кайра чакыртып алууга;
16) фракция жөнүндө жобого ылайык өзүнүн мүчөлөрүнө таасир этүү чараларын көрүүгө;
17) Кыргыз Республикасынын Конституциясында жана "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган башка укуктарды пайдаланууга.
12. Фракциянын мүчөсү төмөнкүлөргө укуктуу:
1) фракциянын жетекчилигинин кызмат орундарына шайлоого жана шайланууга;
2) фракция жөнүндө жобону иштеп чыгууга жана бекитүүгө катышууга;
3) фракциянын компетенциясына кирген кандай маселени сунуш кылууга жана кароого катышууга;
4) фракциянын жыйналышынын күн тартиби боюнча сунуштарды киргизүүгө;
5) мыйзамдардын, токтомдордун долбоорлорун, депутаттык суроо-талаптарды, билдирүүлөрдү жана башка документтерди киргизүүгө;
6) Жогорку Кеңеште каралууга тийиш маселелер боюнча фракциянын позициясын түзүү боюнча талкууга катышууга жана сунуштарды киргизүүгө;
7) фракциянын тапшырмаларына ылайык Жогорку Кеңештин жыйналыштарында, комитеттин жана убактылуу комиссиянын жыйналыштарында аларда каралып жаткан маселелер боюнча фракциянын позициясын жарыялоо үчүн анын атынан чыгып сүйлөөгө.
13. Фракциянын мүчөсүнүн милдеттери:
1) "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын, ушул Жобонун, Депутаттык этика кодексинин талаптарын сактоо;
2) Жогорку Кеңештин, комитеттин, фракциялардын, комиссиялардын жана жумушчу топтордун ишине катышууга;
3) Жогорку Кеңештин комитеттеринде, комиссияларында жана башка органдарында өзүнүн иши жөнүндө фракцияга маалымдоого;
4) фракция белгилеген позициясына карама-каршы келген, анын ичинде жалпыга маалымдоо каражаттарында чыгып сүйлөөлөрдөн жана ой айтуулардан алыс болууга;
5) Жогорку Кеңештин пленардык жыйналыштарында, Жогорку Кеңештин комитеттери менен комиссияларынын жыйналыштарында добуш берүүдө фракция тарабынан иштелип чыккан позицияны карманууга;
6) фракциянын макулдашылган позициясына ылайык келбеген Жогорку Кеңештин пленардык жыйналышында, комитеттин же комиссиянын жыйналышында каралууга тийиш болгон тигил же бул маселе боюнча өзгөчө пикир бар экендиги жөнүндө фракцияга күн мурунтан маалымдоого;
7) фракциянын чечимдерин аткарууга.