Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2024-жылдын 22-августу № 491-т
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 3-мартындагы № 136-т, 2025-жылдын 9-сентябрындагы № 771-т, 2026-жылдын 3-февралындагы № 57-т тескемелеринин редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын мамлекеттик органдардын аткаруусун камсыз кылуу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 3-мартындагы № 136-т тескемесинин редакциясына ылайык)
1. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги мамлекеттик органдар менен биргеликте 2024-жылдын 1-сентябрынан 2026-жылдын 1-июнуна чейин мыйзамдарды аткаруунунмодулун (системасын) киргизүү боюнча пилоттук долбоорду ишке ашырсын.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 3-мартындагы № 136-т, 2025-жылдын 9-сентябрындагы № 771-т, 2026-жылдын 3-февралындагы № 57-т тескемелеринин редакцияларына ылайык)
2. Пилоттук долбоордун алкагында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын аткаруу тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Министрликтер, мамлекеттик комитет, административдик ведомстволор жана башка мамлекеттик органдар:
1) туруктуу негизде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын аткаруу боюнча талаптагыдай ишти камсыз кылсын;
2) мыйзамдарды аткаруу системасында актуалдаштырылган маалыматты толтурууну камсыз кылсын;
3) мыйзам долбоорлорун иштеп чыгууда мыйзам долбоору кабыл алынган учурда кайра каралууга же иштелип чыгууга тийиш болгон Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимдери жөнүндө маалыматты негиздеме-маалымкатка киргизүүнү камсыз кылсын;
4) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик мамлекеттик органдардын жетекчилерине жүктөлсүн.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 3-мартындагы № 136-т тескемесинин редакциясына ылайык)
4. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги:
1) мамлекеттик органдардын кызматкерлерин мыйзамдарды аткаруу системасын колдонуу боюнча окутууну уюштурсун;
2) мыйзамдарды аткаруу системасынын ишин техникалык коштоону камсыз кылсын;
3) ай сайын, ар бир айдын 5инен кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына мыйзамдарды аткаруу системасын пилоттоонун жүрүшү жөнүндө маалыматты киргизсин;
4) мыйзамдарды аткаруу системасын пилоттоону аяктоонун жыйынтыгы боюнча бир айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына мыйзамдарды аткаруу системасын туруктуу негизде киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечиминин долбоорун белгиленген тартипте киргизсин.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 3-мартындагы № 136-т тескемесинин редакциясына ылайык)
5. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 11-сентябрындагы № 696-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ