Загрузка документа…
1-тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 17-июлундагы ПЖ № 191 Жарлыгына)
Кыргыз Республикасынын "Менин үйүм" МАМЛЕКЕТТИК ТУРАК ЖАЙ ПРОГРАММАСЫ
(КР Президентинин 2026-жылдын 30-апрелиндеги № 157 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
1-глава. Киришүү
1. Кыргыз Республикасынын жарандарын турак жай менен камсыз кылуунун "Менин үйүм" программасы (мындан ары - Программа) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 31-октябрындагы № 221 Жарлыгы менен бекитилген 2018-2040-жылдарга Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясына жана 2021-жылдын 12-октябрындагы № 435 Жарлыгы менен бекитилген 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн Улуттук программасына ылайык иштелип чыкты.
2. Өлкөнүн жарандарын турак жай менен камсыз кылуу республиканын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн маанилүү аспекттеринин бири болуп саналат. Бул милдетти чечүү калктын бакубаттуулугунун деңгээлине оң таасирин тийгизет, тышкы жана ички миграцияны азайтууга өбөлгө түзөт, жер-жерлерде жогорку квалификациялуу кадрларды бекемдөө үчүн шарттарды түзөт, коомдогу социалдык чыңалуунун деңгээлин төмөндөтөт, ошондой эле жалпысынан жарандардын жашоо сапатын жакшыртууга таасирин тийгизет. Ушуга байланыштуу калктын турак жайга болгон суроо-талабын канааттандырууга мүмкүндүк берүүчү турак жай менен камсыз кылуу механизмдерин колдонуу бөлүгүндө мамлекеттин бирдиктүү стратегиясын түзүү зарыл.
3. Эл аралык тажрыйбага ылайык турак жай тармагын өнүктүрүүнү мамлекеттик жана жеке институттар биргелешип ишке ашырат, алардын негизгилери болуп төмөнкүлөр саналат: аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, ипотекалык компаниялар, коммерциялык банктар, курулуш жана девелопер компаниялары, эл аралык донордук уюмдар.
4. Программаны ишке ашыруунун алкагында турак жай менен камсыз кылууга комплекстүү мамилени колдонуу пландалууда. Аталган мамиле турак жай курулушунун көлөмүн көбөйтүүгө, анын наркын төмөндөтүүгө, турак жайды каржылоо, ипотекалык кредит берүү шарттарын жакшыртууга жана жеке турак жай шарттарын өз алдынча жакшыртууга жөндөмдүү жарандардын санын көбөйтүүгө өбөлгө түзөт.
5. Программа мамлекеттик турак жай программаларын ишке ашыруу тажрыйбасын эске алуу менен тармактык саясаттын багыттарын аныктоочу мамлекеттик турак жай саясатын андан ары өнүктүрүүнүн жаңы көз карашы болуп саналат. Программанын жоболору жана принциптери Кыргыз Республикасында өнүктүрүүнүн аймактык документтеринин негизине салынат.
2-глава. Учурдагы кырдаалды талдоо
6. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 13-июлундагы № 75 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын "Менин үйүм 2021-2026" турак жай программасынын (мындан ары - "Менин үйүм 2021-2026" программасы) ишке ашыруу практикасы мамлекеттик турак жай каржылоо механизмдерине суроо-талаптын жогорулашын көрсөттү. Үч жылга жетпеген убакытта турак жайды каржылоого кезектүүлүк 21 миңден ашык жаранды түздү, ушул эле учурда "Мамлекеттик ипотекалык компания" ачык акционердик коомунун (мындан ары - МИК) электрондук порталында 100 миңден ашуун жаран электрондук өтүнмөнү каттоо процессинде турат.
7. 2016-жылдан тартып азыркы убакытка чейинки мезгилде МИК коммерциялык банктар аркылуу 16 млрд. сомдон ашык суммага 9,5 миңге жакын мамлекеттик ипотекалык кредиттерди берүүнү каржылаган, анын ичинен 9,4 млрд. сомго 4 миң кредит "Менин үйүм 2021-2026" программасынын алкагында берилди (203,5 миң квадрат метр турак жай сатып алынды). МИКтин ишинин башында 2016-2020-жылдар мезгилинде мамлекеттик ипотекалык кредиттерди берүү республикадагы турак жай рыногуна олуттуу таасирин тийгизген эмес. Анткени көрсөтүлгөн мезгилде мамлекеттик ипотекалык кредиттөөгө республикалык бюджеттен жыл сайын орточо 760 млн. сом бөлүнгөн же 690 ипотекалык кредит (МИК ипотекалык кредитинин орточо суммасы 1,1 млн. сом).
8. 2021-жылдан тартып мамлекеттик турак жай программасын республикалык бюджеттен каржылоо бөлүгүндө мамлекеттик колдоо кыйла көбөйдү. Бир жарым жылда (2021-жылдын августунан 2022-жылдын аягына чейин) республикалык бюджеттен 4,5 млрд. сом бөлүндү, алар коммерциялык банктар аркылуу толугу менен мамлекеттик ипотекалык кредиттөөгө багытталган. Ошол эле учурда мамлекеттик ипотеканын шарттары максималдуу жеңилдетилди, пайыздык ставка жылдык 4% деңгээлге чейин төмөндөдү, кредиттин мөөнөтү 25 жылга чейин узартылды. Кредит берүүнүн бул шарттары мамлекеттик ипотекалык кредиттерге суроо-талаптын жогорулашынан жана алардын жарандар үчүн жеткиликтүүлүгүнөн улам өлкөнүн рыногунда турак жайдын наркын көбөйтүүгө өбөлгө болуп калды.
Салыштыруу үчүн 2016-2020-жылдар мезгилинде кредиттин орточо суммасы 1,1 млн. сомду түзсө, 2021-2023-жылдары кредиттин орточо суммасы 3,2 млн. сомду түзгөн. Бирок кредиттин орточо суммасынын көбөйгөнүнө карабастан мамлекеттик ипотекалык кредит аркылуу сатып алынган турак жайдын аянты бир деңгээлде калган.
9. Турак жайдын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу республиканын турак жай фондунун көбөйүшү менен ажырагыс байланышта, жылына орточо эсеп менен 1 млн квадрат метр турак жай колдонууга берилет, ошол эле учурда мамлекет тарабынан курулган турак жайдын үлүшү бир нече ондогон миң чарчы метрди түзөт. Ушундан улам мамлекеттин ири шаарлардагы биринчилик турак жайдын наркын контролдоо рычагдары жок, анткени турак жайлар пайда табууну көздөгөн жеке компаниялар тарабынан курулат. Ошол эле учурда курулуштун сапатына эч кандайдыр бир зыян келтирбестен, заманбап материалдарды жана курулуш ченемдерин колдонуунун шарттарында ири шаарларда да, айыл жерлеринде да курулуп жаткан турак жайдын өздүк наркын олуттуу төмөндөтүүгө болот.
Ушуга байланыштуу 2023-жылдын башынан тартып мамлекеттик турак жай саясатынын негизги багыты мамлекеттик ипотекалык кредиттерди берүүдөн турак жай фондун көбөйтүү максатында мамлекеттик турак жай программаларынын алкагында турак жай курулушун каржылоого түп-тамырынан алмаштырылды. Бишкек, Жалал-Абад, Нарын жана Каракол шаарларында аянты 700 миң квадрат метр, наркы 36 млрд. сом 11,3 миң батир курула баштады. Курулган турак жай ушул Программанын катышуучуларына турак жайды каржылоо механизмдери аркылуу берилет.