Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

2-тиркеме

 

(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 17-июлундагы ПЖ № 191 Жарлыгы менен бекитилди)

 

Кыргыз Республикасынын "Менин үйүм" мамлекеттик

турак жай программасынын катышуучуларын тандоо тартиби

 

(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 14-ноябрындагы ПЖ № 323, 2025-жылдын 24-декабрындагы ПЖ № 376, 2026-жылдын 30-апрелиндеги № 157 ,  2026-жылдын 29-июлундагы № 270 Жарлыктарынын редакцияларына ылайык)

 

1-глава. Жалпы жоболор

 

1. Бул Кыргыз Республикасынын "Менин үйүм" мамлекеттик турак жай программасынын катышуучуларын тандоо тартиби (мындан ары - Тартип) төмөнкүлөрдү белгилейт:

- тандоо критерийлерин;

- катышуучулардын тандоону түзүү тартибин;

- катышуучулардын тизмесин түзүү тартибин.

Кыргыз Республикасынын "Менин үйүм" мамлекеттик турак жай программасын (мындан ары - Программа) ишке ашыруунун алкагында ушул Тартип төмөнкүлөрдүн шарттарын аныктайт:

- кийин сатып алуу менен турак жайды ижарага берүүнүн;

- турак үй сатып алууга же курууга мамлекеттик ипотекалык кредиттерди берүүнүн;

- болгон турак үйдү капиталдык оңдоого мамлекеттик ипотекалык кредиттерди берүүнүн;

- болгон турак үйдү кеңейтүүнүн механизминин;

- турак үйдү үлүштүк куруунун механизминин.

2. Бул Тартипте төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр колдонулат:

1) Программанын катышуучусу - Программага катышууга өтүнмө берген, ушул Тартиптин тандоо критерийлерине ылайык келген жана Программага катышкан Кыргыз Республикасынын жараны, чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендеш статусун алган чет өлкөлүк жаран;

2) тандоо критерийлери - ушул Тартипте белгиленген Программага катышуу үчүн жарандарга карата талаптар;

3) турак жай (мындан ары - турак үй) - ушул Тартиптин критерийлерине жооп берген турак жай фондунун өзүнчө бирдиги (жеке турак үй, жеке турак үйдүн бир бөлүгү, көп батирлүү үйдөгү батир, анын ичинен курулуш баскычындагы);

31) турак эмес жай – мамлекеттик турак жай программасынын алкагында курулган коммерциялык жайлар, цоколдук кабаттар, жер үстүндөгү жана жер астындагы паркингдер, кампалар жана техникалык жайлар;

4) "Мамлекеттик ипотекалык компания" ачык акционердик коому (мындан ары - МИК) - турак жайга ипотекалык кредит берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган, ачык акционердик коом формасында түзүлгөн юридикалык жак, анын ишинин предметтеринин бири Программаны ишке ашыруу болуп саналат;

5) Кызматташуу жөнүндө макулдашуу - Программаны ишке ашыруунун алкагында Программанын катышуучуларына турак үйдү сатып алууга, курууга жана болгон турак үйүн капиталдык оңдоого ипотекалык кредиттерди кайра каржылоого же каржылоого өнөктөш банктарга инвестициялык акча каражаттарын берүүгө карата өнөктөш банк менен МИКтин ортосунда түзүлгөн Кызматташуу жөнүндө башкы макулдашуу. Ошондой эле Кызматташуу жөнүндө макулдашууда ипотекалык кредиттер боюнча талаптарды МИКтин пайдасына өткөрүп берүү укугу каралган;

6) өнөктөш банк - Программанын катышуучуларына ипотекалык кредиттерди каржылоого жана кайра каржылоого жана ипотекалык кредиттер боюнча талаптарды МИКтин пайдасына өткөрүп берүүгө инвестициялык акча каражаттарын берүү боюнча МИК менен Кызматташуу жөнүндө башкы макулдашууну түзгөн финансы-кредиттик мекеме;

7) эмгек стажы - уюмдагы ишинин узактыгы же болбосо ишкердикти/экономикалык ишти жүргүзгөн мезгил;

8) айыл жергеси - шаарларды (республикалык, облустук жана райондук маанидеги) кошпогондо, калктуу конуштар;

9) турак жайды каржылоо - жеке турак үйдү сатып алуунун же куруунун кийинки механизмдеринин жыйындысы:

- кийин сатып алуу менен турак үйдү ижаралоо;

- турак үйдү үлүштүк куруу;

- ислам каржылоо принциптери боюнча турак жай менен камсыздоо;

- финансылык лизинг;

- "жашыл" каржылоо принциптерин колдонуу менен турак жайды каржылоо;

- болгон турак үйдү кеңейтүү;

- МИКтин өнөктөш банктары аркылуу ипотекалык кредит;

- болгон турак үйдү капиталдык оңдоо;

10) (КР Президентинин 2026-жылдын 30-апрелиндеги № 157 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту).

11) ипотекалык кепилдик - кепилдик фонддорунун МИКтин өнөктөш банкынын алдындагы берилген ипотекалык кепилдиктин суммасынын чегинде Программанын катышуучусунун негизги карызы боюнча милдеттенмелеринин бөлүгүнүн аткарылышы үчүн жоопкерчилик тартуу милдеттенмеси.

(КР Президентинин 2026-жылдын 30-апрелиндеги № 157 Жарлыгынын редакциясына ылайык)

 

2-глава. Турак жайды каржылоо багыттары боюнча

Программанын катышуучуларын тандоо критерийлери

 

3. Турак жайды каржылоонун "Социалдык ипотека", "Жеңилдетилген ипотека" жана "Арзан ипотека" багыттары боюнча жарандар үчүн тандоонун жалпы критерийлери:

- жаш курагы Программага катышууга арыз берген учурда 18 (он сегиз) жашка толгон;

- 2 (эки) жылдан кем эмес жалпы эмгек стажынын/ошол уюмда ишкердик/экономикалык ишти жүргүзүү мезгилинин же 1 (бир) жылдан кем эмес стажынын/ишкердик же экономикалык ишти жүргүзүү мезгилинин болушу;

- катышуучунун, катышуучунун жубайынын жана катышуучунун жашы жете элек балдарынын Кыргыз Республикасынын аймагында менчик турак үйүнүн жоктугу;

- катышуучунун, катышуучунун жубайынын жана катышуучунун жашы жете элек балдарынын Программага катышууга арыз берген датага чейин жана турак жайды каржылоону алган учурга карата акыркы 3 (үч) жылдын ичинде Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында турак үйгө менчик укугун өткөрүп берүү менен байланышкан кандайдыр бир жарандык-укуктук бүтүмдөрүнүн жоктугу;

1) "Жеңилдетилген ипотека" багыты боюнча турак жайды каржылоо төмөнкү уюмдарда иштеген жарандарга жеткиликтүү болот;

- аткаруу, сот, мыйзам чыгаруу бийлигинин мамлекеттик органдары;

- мамлекеттик жана муниципалдык уюмдар;

- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары;

- мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ведомстволук уюмдары жана ишканалары;

- мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдары;

- мамлекеттик жана муниципалдык саламаттык сактоо уюмдары;

- Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү жана мамлекеттик органдардын аскердик түзүлүштөрү;

- мамлекеттик программаларды ишке ашыруу ишинин предметтеринин бири болгон ыйгарым укуктуу орган;

- мамлекеттик телерадио уюмдары;

2) "Арзан ипотека" багыты боюнча турак жайды каржылоо ушул Тартиптин тандоо критерийлерине ылайык иши бар жарандарга жеткиликтүү болот;

3) "Социалдык ипотека" багыты боюнча турак жайды каржылоо жарандардын төмөнкү категорияларына жеткиликтүү болот:

- 5тен (беш) кем эмес жашы жете элек балдары бар;

- "Баатыр эне" ордени менен сыйланган;

- ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар;

- ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарды баккан адамдар же үй-бүлөсүнүн курамында ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар бар;

- ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын расмий өмүр бою камкорчулары;

- туулгандыгы тууралуу күбөлүктө ата-энесинин бири тууралуу жазуу жок жашы жете элек баласы/балдары бар жарандар (никеде турбаган);

- жашы жете элек баласы/балдары бар жесирлер жана жесилдер (никеде турбаган);

- айыл жергесинде иштеген жана экономикалык/ишкердик ишти жүргүзгөн, арыз берген учурга карата 35 (отуз беш) жашка чейинки жаш адистер.

- балдар үйлөрүнүн бүтүрүүчүлөрү - томолой жетимдер (жашы жеткен учурдан тартып);

(КР Президентинин 2026-жылдын 30-апрелиндеги № 157 Жарлыгынын редакциясына ылайык)

4. Программаны тандоо критерийлерине карата эскертүүлөр:

1) Программага катышууга төмөнкү учурда жол берилет:

- Программага катышууга арыз берген датага чейин жана турак жайды каржылоону алуу учуруна карата акыркы 3 (үч) жылдын ичинде Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында турак үйгө менчик укугун өткөрүп берүүгө байланышкан кандайдыр бир жарандык-укуктук бүтүмдөр жок болгон шартта, катышуучунун, жубайынын жана катышуучунун жашы жете элек балдарынын турак үйдө 20 (жыйырма) кв. м ашпаган жалпы үлүшү болгон учурда;

- катышуучунун, катышуучунун жубайынын жана катышуучунун жашы жете элек балдарынын мыйзам боюнча мураска калган турак үйдө 20 кв.м ашпаган үлүшү болгон учурда;

- катышуучунун, катышуучунун жубайынын жана катышуучунун жашы жете элек балдарынын мыйзам боюнча мураска калган турак үйдө 20 кв.м ашпаган үлүшүнө байланышкан жарандык-укуктук бүтүм болгон учурда;

2) республиканын айрым жарандарына Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын чечимдери менен тандоо критерийлерин жана Программанын катышуучуларынын тизмелерин түзүү жол-жобосун эске албастан турак жайды каржылоо берилет, мында чечимдерде төмөнкү маалымат көрсөтүлүүгө тийиш:

- турак жайды каржылоону берүү шарттары: пайыздык ставка, мөөнөт;

- МИКтин турак жай фонду жок болгон учурда, турак үйдү сатып алуу шарттары;

3) МИКтин турак жай фондун түзүүгө катышкан министрликтерге жана ведомстволорго (анын ичинде, курулуш, финансы ресурстарын тартуу, каржылоо же кыймылсыз мүлк объекттерин МИКтин балансына акысыз же акы төлөөчү негизде өткөрүп берүү аркылуу) Программанын катышуучуларынын тизмелерин түзүү жол-жобосун колдонбостон турак жай каржылоосун алууга биринчи кезектеги укук берилет, квота берүү МИКтин Директорлор кеңешинин чечими менен аныкталат жана төмөнкүлөрдү түзөт:

- Бишкек шаарында жайгашкан конкреттүү объекттеги батирлердин жалпы санынан 10 пайызга чейин;

- региондордо жайгашкан конкреттүү объекттеги батирлердин жалпы санынан 20 пайызга чейин;

4) катышуучунун өзүнүн демилгеси боюнча иштеген региону өзгөргөн учурда - катышуучу Программанын кезектүүлүк тизмелеринен алынат жана жаңы иштеген регионун көрсөтүү менен жаңы өтүнмө берет.

Ишинин алкагында ротациялоо боюнча иштеген региону өзгөргөн учурда тизмелердеги баштапкы регион өзгөрбөйт;

5) болгон турак үйдү капиталдык оңдоо жана кеңейтүү механизмдеринин алкагында Программага менчик турак үйү бар Кыргыз Республикасынын жарандарынын катышуусуна жол берилет. Механизмдер боюнча турак жайды каржылоонун тандоо критерийлери жана шарттары МИКтин Башкармасынын чечимдери менен иштелип чыгат жана бекитилет;

6) инвесторлордун каражаттарынын эсебинен (эл аралык донорлор, кредиторлор жана башкалар), ошондой эле инвесторлордун катышуусу менен иштелип чыккан турак жай программаларынын алкагында Кыргыз Республикасынын жарандарына берилүүчү ипотекалык кредиттердин шарттары жана параметрлери өзүнчө макулдашуулар менен жөнгө салынат;

7) (КР Президентинин 2026-жылдын 30-апрелиндеги № 157 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту).

8) катышуучу, анын ичинде катышуучунун жубайы Программанын алкагында турак жайды каржылоо менен 1 (бир) жолудан ашык эмес камсыз кылынат;

9) жарандардын айрым категориясы жана турак жайды каржылоо механизми үчүн атайын тандоо критерийлери:

- ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын расмий өмүр бою камкорчулары үчүн бир критерий колдонулат: 2 (эки) жылдан кем эмес жалпы эмгек стажынын/ошол уюмда ишкердик/экономикалык ишти жүргүзүү мезгилинин же 1 (бир) жылдан кем эмес стажынын/ишкердик/экономикалык ишти жүргүзүү мезгилинин болушу;

- турак үйдү үлүштүк курууну турак жайды каржылоо механизминин алкагында, анын ичинде "Топтомо ипотека" продуктунун алкагында бир критерий колдонулат - катышуучунун, катышуучунун жубайынын жана катышуучунун жашы жете элек балдарынын турак үйү жана Программага катышууга арыз берген датага чейин акыркы 3 (үч) жылда Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында турак үйгө менчик укугун өткөрүп берүүгө байланышкан кандайдыр бир жарандык-укуктук бүтүмдөрүнүн жоктугу;

- аскер кызматчыларына жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерине кызмат өтөө мезгилинде катышуунун бардык белгиленген критерийлери жана Программага катышууга арыз берүү тартиби сакталган учурда алардын кызмат өтөгөн жерине карабастан Программага катышуу укугу берилет.

(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 14-ноябрындагы ПЖ № 323, 2025-жылдын 24-декабрындагы ПЖ № 376, 2026-жылдын 30-апрелиндеги № 157 , 2026-жылдын 29-июлундагы № 270 Жарлыктарынын редакцияларына ылайык)