ЖарлыкКүчүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 5-октябрындагы ПЖ № 342 «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларын дайындоо жөнүндө» Жарлыгы

Редакцияот 05.10.2022
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ

2022-жылдын 5-октябры ПЖ № 342

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларын дайындоо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 4-бөлүгүнүн 3-пунктуна, 95-беренесинин 8-бөлүгүнүн экинчи абзацына, "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 25-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык жана Кыргыз Республикасынын айрым жергиликтүү сотторунун судьяларынын кызмат орундарына талапкерлер жөнүндө Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин сунушу боюнча токтом кылам:

1. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьялары болуп биринчи ирет 5 жылдык мөөнөткө дайындалсын:

- Асанова Элмира Орозобековна;

- Асилова Индира Ашимжановна;

- Талантбекова Аида Талантбековна;

- Ысаков Элдияр Пазылович.

2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

 

С.Н. Жапаров