Документке
Мурунку06.06.2024
Жаңы 06.06.2024

ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКТЕГИ XХVIII СЕССИЯСЫ

 (V ЧАКЫРЫЛЫШ)

 

2024-жылдын 6-июну № 211

“Ош шаардык Кеңеши” мекемесин

кайрадан түзүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы №370 «Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө», 2024-жылдын 7-февралындагы №24 “Пилоттук режимде жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформанын алкагында жергиликтүү кеңештердин иши жөнүндө убактылуу Жобону бекитүү тууралуу” Жарлыктарын, Кыргыз Республикасынын Жарандык Кодексинин 92-беренесин, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 31-мартындагы №178 токтому менен бекитилген “Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоонун тартиби жөнүндө” Жобону жетекчиликке алып, “Ош шаардык Кеңеши” мекемесин кайрадан түзүү жөнүндөгү маселени карап, Ош шаардык Кеңешинин мыйзамдуулук, укук-тартип, депутаттык этика, регламент, мандат жана дин маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отурумунун 2024-жылдын 20-майындагы №2 чечимин эске алып, Ош шаардык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ: 

1.“Кызыл-Кыштак айылдык Кеңеши” мекемесин жана “Төлөйкөн айылдык Кеңеши” мекемесин” кошуу менен “Ош шаардык Кенеши” мекемеси кайрадан түзүлсүн.

Юридикалык жактын толук фирмалык аталышы:

- Мамлекеттик тилде: “Ош шаардык Кеңеши” мекемеси.

- Расмий тилде: Учреждение “Ошский городской Кенеш”.

Кыскартылган фирмалык аталышы:

- Мамлекеттик тилде: “Ош шаардык Кеңеши” М-и.

- Расмий тилде: У-е “Ошский городской Кенеш”.

2.“Ош шаардык Кеңеши” мекемесине өткөрүп берүү актысы 1-тиркемеге ылайык бекитилсин (тиркеме тиркелет).

3.Ош шаардык Кеңешинин убактылуу Регламенти 2-тиркемеге ылайык бекитилсин (тиркеме тиркелет).

4.Ош шаардык Кеңешинин 2022-жылдын 30-июнундагы кезексиз Х сессиясынын №59 “Ош шаардык Кеңешинин Регламентин бекитүү жөнүндө” токтому күчүн жоготту деп табылсын.

5.“Ош шаардык Кеңеши” мекемесинин юридикалык дареги болуп, Кыргыз Республикасы, Ош шаары, Ленин көчөсү, №221 болуп аныкталсын.

6.Мекеме Кыргыз Республикасынын иштөөдөгү мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын юстиция органдарында мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн.

7.Токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын жана жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.

8.Токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

9.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин аппарат жетекчиси И.Абдыраимовго жүктөлсүн.

 

 

Ош  шаардык Кеңешинин

төрагасы                                                  

 С.С. Назылбеков

 

Ош шаардык Кеңешинин 2024-жылдын 6-июнундагы кезектеги XXVIII сессиясынын №211 токтомуна 1-тиркеме