ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКТЕГИ XХVIII СЕССИЯСЫ
(V ЧАКЫРЫЛЫШ)
2024-жылдын 6-июну № 221
Аксакалдар сотторун шайлоонун жыйынтыктары жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Аксакалдар соттору жөнүндө” мыйзамынын, депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин 2004-жылдын 30-июлундагы №55 токтому менен бекитилген “Ош шаардык аксакалдар сотторун каттоонун тартиби жөнүндө” Жобонун негизинде Ош шаардык Кеңешинин жергиликтүү өз алдынча башкаруу, инвестиция, ишкердүүлүк, тышкы экономикалык байланыш, кичи жана орто бизнести колдоо жана миграция маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын төрагасы Таалайбек уулу Айбектин аксакалдар сотторун шайлоонун жыйынтыктары жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, жогоруда аталган туруктуу депутаттык комиссиянын 2024-жылдын 17-майындагы №3 чечимин эске алып, Ош шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ош шаарындагы аксакалдар сотторун шайлоонун жыйынтыктары эске алынсын.
2.Ош шаарындагы жаңы шайланган аксакалдар соттору тиркелген тиркемеге ылайык каттоого алынып, аксакалдар сотторунун төрагаларына, мүчөлөрүнө күбөлүктөр даярдалып берилсин (И.Абдыраимов).
3.Токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын жана жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.
4.Токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин жергиликтүү өз алдынча башкаруу, инвестиция, ишкердүүлүк, тышкы экономикалык байланыш, кичи жана орто бизнести колдоо жана миграция маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Таалайбек уулу Айбекке) жүктөлсүн.
Төрага | С.С. Назылбеков |
| Ош шаардык Кеңешинин 2024-жылдын 6- июнундагы кезектеги XXVIII сессиясынын №221 токтомуна тиркеме |