Документке
Мурунку01.08.2024
Жаңы 01.08.2024

ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКСИЗ XХX СЕССИЯСЫ

 (V ЧАКЫРЫЛЫШ)

 

2024-жылдын 1-августу № 227

Ош шаарынын участкалык шайлоо комиссияларынын курамдарынын резервдерине жана Ош шардык аймактык шайлоо комиссиясынын курамынын резервине көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмелери жөнүндө

 

Ош аймактык шайлоо комиссиясынын 2024-жылдын 19-июлундагы Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын аймактык шайлоо комиссияларынын резервдерин, ошондой эле участкалык шайлоо комиссияларынын резервдерин толуктоону жарыялагандыгына байланыштуу кошумча резервдик тизмени берүү жөнүндөгү №14 катынын негизинде, Ош шаардык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ: 

1.Ош шаардык участкалык шайлоо комиссияларынын курамдарынын резервдерине жана Ош шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын курамынын резервине көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмелери жактырылсын (1,2 тиркеме).

 

2.Ош шаардык участкалык шайлоо комиссияларынын курамдарынын резервдерине жана Ош шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын курамынын резервине көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмелери жогору турган тиешелүү шайлоо комиссияларына жөнөтүлсүн.

 

3.Токтом мыйзамда каралган тартипте каттоодон өткөрүлсүн жана жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.

 

4.Токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин аппарат жетекчисинин милдетин аткаруучу К.Жамаловго жүктөлсүн.

 

Төраганын милдетин аткаруучу                

 

Ш.Ш.Нуранов

                                                  

 Ош шаардык Кеңешинин 2024-жылдын 1-августундагы № 227 токтомуна 1-тиркеме