1-тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 23-июлундагы № 411 токтомуна)
Пенсия дайындоо жана кайра эсептөө үчүн кайрылуунун, пенсиянын бир түрүнөн экинчи түрүнө өтүүнүн, ошондой эле расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпул төлөө үчүн кайрылуунун тартиби жөнүндө ЖОБО
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 1-сентябры № 541 токтомунун редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Бул Жобо "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө", "Милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу максатында Кыргыз Республикасынын жарандарын жекече (индивидуалдык) эсепке алуу жөнүндө", "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иштелип чыккан.
2. Бул Жобо камсыздандырылган жарандардын мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу боюнча пенсия (мындан ары - пенсия) дайындоо жана кайра эсептөө үчүн кайрылуу эрежелерин, ушул кайрылууларды кароо жол-жобосун, пенсиянын бир түрүнөн экинчи түрүнө өтүү, ошондой эле арыз ээлери тарабынан пенсионер же анын багуусунда болгон үй-бүлө мүчөсү каза болгон учурда расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпул төлөө үчүн кайрылуу тартибин белгилейт.
3. Бул Жобонун аракети Кыргыз Республикасынын камсыздандырылган жарандарына, Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашаган, "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган негиздерде жана шарттарда мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандырууга төгүмдөрдү төгүүчү, "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (мындан ары - Мыйзам) ылайык Кыргыз Республикасында пенсия алган же пенсия алууга укуктуу болгон чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга жайылтылат.
4. Бул Жободо төмөндөгүдөй терминдер жана аныктамалар пайдаланылат:
1) камсыздандырылган адам - анын пайдасына мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жүргүзүлгөн жеке жак;
2) идентификациялык жеке номер - ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан Кыргыз Республикасынын жарандарына, чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга бир жолу ыйгарылуучу жана жарандарды жекече (индивидуалдык) эсепке алуу чөйрөсүндөгү мыйзамдарда, ошондой эле жазык сот өндүрүшүнө катышкан күбөлөрдүн, жабырлануучулардын жана башка катышуучулардын укуктарын коргоо жөнүндө мыйзамдарда каралган учурларды кошпогондо, ал адамдарда өмүр бою өзгөрүүсүз сакталуучу жеке номер;
3) жеке камсыздандыруу эсеби - социалдык камсыздандыруу органы тарабынан камсыздандырылган адамдын эмгектик жана башка ишинин бүткүл мезгилинде топтолгон камсыздандырылган адам жөнүндө маалыматтарды камтыган жана пенсияны жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча башка төлөмдөрдү дайындоо (кайра эсептөө) жана өлчөмүн аныктоо үчүн зарыл болгон маалыматтардын толуктугун камсыз кылуучу документ. Жеке камсыздандыруу эсебинин камсыздандырылган адамга ыйгарылган жекече идентификациялык номери болот;
4) жеке эсепке алуу - мамлекеттик социалдык камсыздандыруу максаттары үчүн ар бир камсыздандырылган адам жөнүндө маалыматтарды эсепке алууну уюштуруу жана жүргүзүү;
5) пенсиялык иш - документтердин китепчеге айландырылган топтому, анын негизинде пенсия алуу үчүн кайрылган камсыздандырылган адамга пенсия дайындалат;
6) иш менен камсыз кылуу жана эмгек акы жөнүндө маалымат - пенсия дайындоо же кайра эсептөө үчүн ар бир камсыздандырылган адамга карата иш берүүчү тарабынан иш менен камсыз кылуу жана эмгек акы жөнүндө берилүүчү маалыматтар;
7) № 1 жана № 2 тизме - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1996-жылдын 1-июлундагы № 298 "Жеңилдетилген пенсиялык камсыздоого укук берүүчү өндүрүштөрдүн, жумуштардын, кесиптердин, кызматтардын жана көрсөткүчтөрдүн тизмесин бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген жеңилдетилген пенсиялык камсыз кылууга укук берүүчү өндүрүштөрдүн, жумуштардын, кесиптердин, кызматтардын жана көрсөткүчтөрдүн тизмеси;
8) арыз ээси - каза болгон пенсионерди иш жүзүндө акыркы сапарга узаткан адам (жашы жеткен үй-бүлө мүчөлөрү же туугандык даражасына карабастан башка адамдар);
9) расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпул - пенсионер каза болгондо же анын багуусунда болгон үй-бүлө мүчөсү каза болгондо камсыздандыруучу тарабынан берилүүчү жөлөкпул.
2-глава. Пенсия дайындоо үчүн кайрылуунун тартиби
5. Курагы боюнча (№ 2 тизме боюнча эмгектин өзгөчө шарттары жана текстиль өндүрүшүнүн кызматкерлери үчүн пенсияга укугу барлардан башка), майыптыгы боюнча, баккан адамынан айрылгандыгы боюнча пенсия алууга укугу бар камсыздандырылган адамдар пенсия дайындоо жөнүндө арыз менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун (мындан ары - Социалдык фонд) өзү жашаган жердеги же турган жердеги региондук органына, калкты тейлөө борборлоруна, ошондой эле Социалдык фонддун электрондук порталындагы "Камсыздандырылган адамдын өздүк кабинети" аркылуу арыз менен кайрылат, мында арыз ээсин идентификациялоо Кыргыз Республикасынын бирдиктүү идентификациялоо системасы аркылуу жүзөгө ашырылат.
6. № 2 тизме боюнча эмгектин өзгөчө шарттары үчүн пенсияга укугу бар камсыздандырылган адамдар жана текстиль өндүрүшүнүн кызматкерлери пенсия дайындоо жөнүндө арыз менен жеңилдик берүүчү стажынын көпчүлүк бөлүгү иштелген жердеги ишкананын администрациясына кайрылат.
Жеңилдик берүүчү пенсияларды төлөөгө арналган каражаттарды капиталдаштырууну жана Социалдык фондго өткөрүп берүүнү жүргүзгөн ишканалар жоюлган, кайра уюштурулган учурларда № 2 тизме боюнча эмгектин өзгөчө шарттары үчүн иштин зарыл стажын иштеген жарандар жана текстиль өндүрүшүнүн кызматкерлери Социалдык фонддун өзү жашаган жердеги же турган жердеги аймактык органына пенсия дайындоо жөнүндө арыз менен кайрылат.
7. Ишканада жеңилдик берүүчү шарттарда пенсия алган камсыздандырылган адамдар СП2 пенсиясынын экинчи камсыздандыруу бөлүгүн дайындоо жөнүндө Социалдык фонддун өзү жашаган жердеги же турган жердеги аймактык органына арыз менен кайрылат.
8. № 2 тизме боюнча жеңилдик берүүчү стажды иштеп бүткөн камсыздандырылган адамдар "PESAC" программасына кирген ишканалардын жана 1996-жылга чейин укук улантуучусуз жана каражаттарды капиталдаштырылбастан жоюлган ишканалардын текстиль өндүрүшүнүн кызматкерлери пенсия дайындоо жөнүндө Социалдык фонддун өзү жашаган жердеги же турган жердеги аймактык органына арыз менен кайрылат.
9. Кары-картаңдар жана майыптар үйлөрүндө жашаган камсыздандырылган адамдар пенсия дайындоо жөнүндө Социалдык фонддун кары-картаңдар жана майыптар үйү жайгашкан жердеги аймактык органына пенсия дайындоо жөнүндө арыз менен ушул мекеменин администрациясы аркылуу кайрылат.
10. Тергөө изоляторлорунда жүргөн жана түзөтүү мекемелеринде жазасын өтөп жаткан камсыздандырылган адамдар пенсиянын камсыздандырылган бөлүгүн дайындоо жөнүндө Социалдык фонддун өзү жашаган жердеги аймактык органына мекеменин администрациясы же ишенимдүү адамы аркылуу арыз менен кайрылат.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте түзүлүүчү террористтик жана экстремисттик ишке же массалык кыргын салуучу куралдарды таратууга катыштыгы бар адамдардын тизмесиндеги адамдарга, баланын жыныстык кол тийбестигине жана жыныстык эркиндигине каршы кылмыштар үчүн соттолгондорго пенсия дайындоого жана төлөп берүүгө жол бербөө максатында ай сайын Социалдык фонд менен Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын ортосунда соттун айыптоо өкүмүнүн мыйзамдуу күчүнө киргендиги жана жаза өтөөдөн бошотулгандыгы жөнүндө маалымат алмашуу жүргүзүлөт.
11. Пенсия дайындалуучу жашы жете элек өспүрүм же аракетке жөндөмсүз адам болгон учурларда, анын ата-энеси (асырап алгандар, камкорчулар, көзөмөлчүлөр) тарабынан пенсия дайындоо жөнүндө арыз ал жашаган жердеги же турган жердеги Социалдык фонддун аймактык органына берилет. Эгерде жашы жете элек өспүрүмдүн же аракетке жөндөмсүз адамдын ата-энеси (асырап алуучулар, камкорчулар, көзөмөлчүлөр) ар башка жашаса, бул учурда жашы жете элек өспүрүм же аракетке жөндөмсүз адам менен чогуу жашаган ата-энеси (асырап алуучу, камкорчу, көзөмөлчү) тарабынан арыз жашаган жери же турган жери боюнча берилет.
Эгерде жашы жете элек же аракетке жөндөмсүз адамдын мыйзамдуу өкүлү жашы жете элек же аракетке жөндөмсүз адам дайыма болуучу тиешелүү мекеме болуп эсептелсе, пенсия дайындоо жөнүндө арыз Социалдык фонддун ушул мекеме жайгашкан жердеги аймактык органына берилет.
16 жашка толгон жашы жете элек бала баккан адамынан айрылган учурда пенсия дайындоо үчүн ушул Жобого ылайык Социалдык фонддун өзү жашаган жердеги же турган жердеги аймактык органына өз алдынча кайрылууга укуктуу.
12. Камсыздандырылган адамдар "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген пенсия алуу укугу пайда болгондон кийин каалаган убакта кандайдыр бир мөөнөт чектелбестен пенсия дайындоо үчүн кайрыла алышат.
Курагы боюнча пенсияны дайындоо, анын ичинде жеңилдик берүүчү шарттарда пенсияны дайындоо жөнүндө арыз пенсиялык куракка жеткенге чейин, бирок ушул пенсияга укук келип чыкканга алты ай калгандан эрте эмес берилиши мүмкүн.
Камсыздандырылган адамдын пенсия дайындоо үчүн кайрылган күнү катары бардык зарыл болгон документтер менен бирге пенсия дайындоо жөнүндө арыз пенсия дайындоочу орган тарабынан кабыл алынган күн эсептелет. Эгерде аталган арыз почта аркылуу жөнөтүлсө жана мында бардык зарыл документтер тиркелсе, анда пенсия алуу үчүн кайрылган күн катары ушул арыз жөнөтүлгөн жердеги почталык штемпелде көрсөтүлгөн дата эсептелет.
13. Пенсия дайындоо жөнүндө арызда камсыздандырылган адамдын идентификациялык жеке номери жана анын паспортунун маалыматтары көрсөтүлүүгө тийиш.
14. Пенсия дайындоо жөнүндө арызга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген Тизмеге ылайык пенсия дайындоо үчүн зарыл болгон бардык документтер тиркелүүгө тийиш.
15. Эгерде пенсия дайындоо үчүн берилген документтерде жана жеке эсепке алуунун маалыматтарында пенсия дайындоо үчүн зарыл маалыматтар жок болсо, Социалдык фонддун аймактык пенсия дайындоочу органы 5 (беш) жумуш күндүн ичинде иш берүүчүгө же компетенттүү органга иштеген жылдары жөнүндө жана камсыздандыруу стажы жөнүндө маалыматтарды берүү тууралуу суроо-талап жиберет.
Социалдык фонддун аймактык органдары камсыздандырылган адамга пенсия дайындоо үчүн зарыл болгон документтерди алууда жана тариздөөдө консультация берүүгө жана жардам көрсөтүүгө милдеттүү.
16. Пенсия алуу үчүн кайрылган камсыздандырылган адам "Милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу максатында Кыргыз Республикасынын жарандарын жекече (индивидуалдык) эсепке алуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган тартипте анын жеке камсыздандыруу эсебинде камтылган маалыматтар менен алдын ала таанышууга укуктуу.
17. 1992-жылдын 13-мартындагы Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин жарандарынын пенсия менен камсыз болуу жаатындагы укуктарынын кепилдиктери жөнүндө макулдашууга катышкан мамлекеттерден көчүп келген пенсионерлер пенсия дайындоо жөнүндө арыз менен жашаган жери же турган жери боюнча Социалдык фонддун аймактык органына арыз менен кайрылышат. Арыздын негизинде Социалдык фонддун аймактык органы тарабынан пенсионер мурда жашаган жерге пенсиялык иш боюнча сунуш-талап жиберилет. Арыз ээсинин колунда пенсиялык иш болгон учурда, ал арызга тиркелет.
18. Эгерде майыптыгы боюнча болжолдонгон же дайындалган пенсиянын өлчөмү ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга ай сайын берилүүчү социалдык жөлөкпулдун өлчөмүнөн төмөн болсо, анда майыптыгы боюнча пенсия алууга укугу бар камсыздандырылган адамга же пенсионерге майыптыгы боюнча пенсияны же ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга ай сайын берилүүчү социалдык жөлөкпулду тандоо укугу бир жолу берилет.
19. Ушул Жобонун 18-пунктунда каралган учурларда майыптыгы боюнча пенсия ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга ай сайын берилүүчү социалдык жөлөкпул дайындалган айдан кийинки айдын биринчи күнүнө чейин төлөнөт.