Загрузка документа…
|
| 4-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 23-июлундагы № 411 токтомуна) |
Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу боюнча пенсия дайындоо үчүн камсыздандыруу стажын ырастоонун тартиби жөнүндө ЖОБО
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 7-октябрындагы № 675 токтомунун редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Бул Жобо "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (мындан ары - Мыйзам) ылайык мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу боюнча пенсия дайындоо үчүн камсыздандыруу стажын ырастоонун тартибин аныктайт.
2. Камсыздандыруу стажы Мыйзамга ылайык пенсияга чыгуу укугунун келиши үчүн негизги шарт болуп эсептелет.
3. Жекече эсепке алуу киргизилгенге чейин эмгек стажы пенсия дайындоодо жана кайра эсептөөдө камсыздандыруу стажы катары эсепке алынат.
4. Жекече эсепке алуу киргизилгенге чейин (1996-жылдын 1-январына чейин) ээ болгон камсыздандыруу стажы жумуш берүүчүлөр же компетенттүү органдар тарабынан белгиленген тартипте берилүүчү документтер боюнча ырасталат.
5. Жекече эсепке алуу киргизилгенден кийин (1996-жылдын 1-январынан тартып) ээ болгон камсыздандыруу стажы камсыздандырылган адамдардын өздүк камсыздандыруу эсептеринде камтылган маалыматтардын негизинде белгиленет.
6. Жекече эсепке алуу киргизилгенге чейинки жана андан кийинки камсыздандыруу стажына Мыйзамдын 8-беренесинде каралган мезгилдер дагы эсепке алынат.
7. Жекече эсепке алуу киргизилгенге чейин иш стажы тууралуу документтер жок болсо жана архивдик маалыматтар жоктугунан, уюм толук жоюлгандыгынан же алардын тыкан сакталбагандыгынан жана атайылап жок кылынгандыгынан жана кызматкердин күнөөсү жок жана башка ушул сыяктуу себептерден улам аларды алууга мүмкүн болбосо, камсыздандыруу стажы күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү боюнча белгиленет.
8. Иш стажы тууралуу документтер табигый кырсыктардын, авариялардын, кыйроолордун же башка өзгөчө кырдаалдардын кесепетинен толук же жарым жартылай сакталбаган учурларда жекече эсепке алуу киргизилгенге чейин камсыздандыруу стажын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан түзүлүүчү иш стажын белгилөө боюнча атайын комиссиялар ырастайт.
9. Талаш учурларда жана пенсия дайындоодон баш тарткан учурда, маселелер Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун (мындан ары - Социалдык фонд) пенсия дайындоо үчүн документтерди баалоо боюнча туруктуу иштеген комиссиясы тарабынан каралат. Ушул пунктта аталган комиссиянын иштөө тартибин Социалдык фонд аныктайт.
2-глава. Жекече эсепке алуу киргизилгенге чейинки камсыздандыруу стажын ырастоо тартиби
10. Жекече эсепке алуу киргизилгенден кийин 12 ай иш стажы бар адамдардан тышкары, жекече эсепке алуу киргизилгенге чейин камсыздандыруу иш стажын ырастоочу негизги документ болуп эмгек китепчеси саналат.
Мыйзамдын 9-беренесинин 1-пунктунда көрсөтүлгөн адамдарга пенсия дайындоодо жекече эсепке алуу киргизилгенге чейинки камсыздандыруу стажына андан ары стажын жыл сайын бир жылга азайтуу менен, эгерде андан кийин камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө мезгилдери 12 айдан кем эмес болсо, эркектер үчүн 17 жыл жана аялдар үчүн 12 жыл эсептелет.
Эмгек китепчеси жок болсо, ошондой эле эмгек китепчесинде керектүү жазуулар болбогон же иштеген мезгили жөнүндө туура эмес жана так эмес жазуулар камтылган учурларда жумуш берүүчүлөр же компетенттүү органдар тарабынан белгиленген тартипте берилген документтер, буйруктардан көчүрмөлөр, өздүк эсептер жана эмгек акы берүү ведомосттору, иштин жана кызмат көрсөтүүнүн аткарылышы предмети болуп эсептелген, иштеген мезгили жөнүндө маалыматтарды камтыган эмгек, жарандык-укуктук келишимдер кабыл алынат.
Аталган документтер болбосо, камсыздандыруу стажынын далили катары эсептешүү китепчелери, партиялык билеттер жана кесиптик бирликтердин мүчөлүк билеттери кабыл алынат. Мында эсептешүү китепчелери эмгек акы төлөө жөнүндө белгиси бар мезгилге гана, ал эми партиялык билеттер жана кесиптик бирликтердин мүчөлүк билеттери - эмгек акыдан же стипендиядан мүчөлүк төгүмдөрдү төлөө тууралуу белгилери бар убакыт үчүн иштеген мезгилин ырастайт.
11. Ишкердик менен алектенген иш берүүчү менен эмгек келишиминин, контракттын же башка макулдашуулардын негизинде, анын ичинде ижара шарттарында же дыйкан чарбада иштеген адамдардын иштеген мезгили камсыздандыруу төгүмдөрүнүн төлөнгөндүгү тууралуу маалыматтардын негизинде эсепке алынат.
12. Кесиптик башталгыч билим берүү, кесиптик орто билим берүү, жогорку жана жогорку окуу жайынан кийинки кесиптик билим берүү уюмдарында, кадрлардын квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо боюнча курстарда окуган мезгили Мыйзамдын 8-беренесинин 1-пунктуна ылайык камсыздандыруу стажына эсепке алынат жана дипломдор, күбөлүктөр, ошондой эле архивдик маалыматтардын негизинде берилген жана окуган мезгили жөнүндө маалыматтарды камтыган архивдик маалымкаттар жана документтер менен ырасталат.
Окуган мезгилинин далили катары жогоруда аталган документтер болбосо, документтерде толук окуу мезгилин же анын айрым этаптарын бүткөндүгү көрсөтүлгөн шартта тийиштүү жылдары аталган окуу жайда окугандыгы жөнүндө маалымкаттар кабыл алынат.
13. Аскердик жана ага теңештирилген кызматын, улуттук коопсуздук, ички иштер, аскерлештирилген кайтаруу, атайын байланыш, жарандык коргонуу, бажы кызматы, финансылык полиция органдарында жана ведомстволук таандыгына карабастан бөлүктөрдө кызмат өтөгөндүгүн, ошондой эле туткунда болгон мезгилин ырастоодо: аскердик билеттер, кызыл армия китепчелери, аскер комиссариаттарынын, коргоо жаатындагы мамлекеттик органдардын жана мурунку СССРдин жогору турган аскердик бөлүктөрүнүн, штабдарынын жана мекемелеринин, Кыргыз Республикасынын жана мурунку СССРдин ички иштер органдарынын, улуттук коопсуздук маселесин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана мурунку СССРдин Мамлекеттик коопсуздук комитетинин маалымкаттары; архивдик жана аскердик-дарылоо мекемелеринин маалымкаттары; эмгек китепчесине киргизилген аскердик кызматы жөнүндө жазуулар кабыл алынат.
14. Иштебеген эненин жаш баласын кароо мезгили баланын төрөлгөндүгүн жана 3 жашка чыккандыгын ырастаган документтер боюнча белгиленет (баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү же баланын туулгандыгы тууралуу акт жазуусунун көчүрмөсү же баланын каза болгондугу тууралуу күбөлүгү).
15. Убактылуу эмгекке жөндөмсүздүк, кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпул алган мезгил саламаттык сактоо уюмдары тарабынан берилген документтердин негизинде белгиленет.
16. Жумушсуздук боюнча жөлөкпул алган жана акы төлөнгөн коомдук иштерге катышкан мезгил калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан берилген документтердин негизинде белгиленет.
17. I топтогу майыптыгы бар адамды, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген баланы 18 жашка чыкканга чейин, 80 жашка чыккан улгайган адамды кароо мезгили карап жаткандыгынын иш жүзүндөгү жагдайларын текшерүү актысынын, майыптыкта жүргөн мезгилин (I топтогу майыптыгы, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген баласы бар адамдар үчүн) жана курагын (улгайган адамдар жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн) ырастаган документтердин негизинде белгиленет.
Кароонун анык жагдайларын текшерүү актысын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, саламаттык сактоо уюмдарынын өкүлдөрүнүн жана текшерилип жаткан жарандын кошуналарынын катышуусу менен Социалдык фонддун региондук органы түзөт.
Майып болуп жүргөн мезгилин ырастаган документ катарында медициналык корутунду же медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын күбөлөндүрүү актысынан көчүрмө кабыл алынат.
Курагын ырастаган документ катарында паспорт же туулгандыгы тууралуу күбөлүк кабыл алынат.
171. Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо жарандын добуш берүүгө катышкан убактысы шайлоого катышкан фактысын ырастаган маалыматтардын негизинде камсыздандыруу стажына эсептелет.