КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 23-августу № 499
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин салык мыйзамдары чөйрөсүндөгү айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 28-августундагы № 533 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 128, 178, 315-беренелерин, 345-беренесинин 1-бөлүгүн, 416-беренесинин 4-бөлүгүн ишке ашыруу жана патенттин негизинде иш жүргүзгөн субъекттерге салык салууну оптималдаштыруу, жеке ишкерлерди тейлөө сапатын жогорулатуу боюнча милдеттерди ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-февралындагы № 84 "Иштин түрлөрү боюнча патенттин негизинде салыктын базалык суммасын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтомдун 1, 2-тиркемелери ушул токтомдун 1-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 28-августундагы № 533 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-мартындагы № 141 "Эсеп-фактураны колдонуу жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 2-пункттун 2-пунктчасы төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын:
"- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу Кыргыз Республикасынын рынокторунун жана кичи рынокторунун реестрине киргизилген рыноктордо жана кичи рыноктордо соода ишин жүргүзгөн салык төлөөчүлөргө.";
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Эсеп-фактураны түзүүнүн жана жүгүртүүнүн тартибинде:
- 6-глава төмөнкүдөй мазмундагы 61-2-пункт менен толукталсын:
"61-2. Эсеп-фактура Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу Кыргыз Республикасынын рынокторунун жана кичи рынокторунун реестрине киргизилген рыноктордо жана кичи рыноктордо соода ишин жүргүзгөн салык төлөөчүлөрдөн сатып алынган учурда ЭЭФ эскертүүсүндө ЭТТК номерин милдеттүү түрдө көрсөтүү менен өз алдынча таризделет.".
4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 8-апрелиндеги № 193 "Контролдук-кассалык машиналарды киргизүү боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 2-пунктта:
- 1-пунктчада мамлекеттик тилдеги текстте "31-декабрынан" деген сөздөр "2022-жылдын 31-декабрынан" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 3-пунктчада "2024-жылдын 1-июлунан" деген сөздөр "2025-жылдын 1-январынан" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Өзүнүн ишинин спецификасына же жайгашкан жеринин өзгөчөлүгүнө жараша контролдук-кассалык машиналарды колдонбостон акчалай эсептешүүлөрдү жүргүзө алган субъекттердин тизмесинде:
- 2-пунктта:
17-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"17) банктык эмес финансылык рынокту көзөмөлдөө жана жөнгө салуу жаатында мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча функцияларды жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын маалыматтык системасын пайдалануу менен таризделүүчү электрондук документ түрүндөгү күрөө билеттерин берүү жана мындай маалыматтык системаны ыйгарым укуктуу салык органы аныктаган тартипте ыйгарым укуктуу салык органынын маалыматтык системасы менен милдеттүү интеграциялоо шарттарында ломбарддардын кызмат көрсөтүүлөрү;";
22, 27-пунктчалар күчүн жоготту деп таанылсын;
- 3-пункттун таблицасындагы 4-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"
4 | Ушул Тизменин 2-пунктунун 7-пунктчасында көрсөтүлгөн кызмат көрсөтүүлөрдү кошпогондо, жеңил транспортто жүргүнчүлөрдү ташуу (такси кызмат көрсөтүүлөрү) жана курьер тарабынан товарларды жеткирүү боюнча кызматтарды көрсөтүү | 2025-жылдын 1-январына чейин | 2025-жылдын 1-январына чейин |
";
- 4-пунктта "2024-жылдын 1-июлуна" деген сөздөр "2024-жылдын 1-ноябрына" деген сөздөргө алмаштырылсын.
5. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-апрелиндеги № 220 "Кыргыз Республикасынын аймагында товарларды эсепке алуу жана контролдоо жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-1-пункттун экинчи абзацындагы "2024-жылдын 31-декабры" деген сөздөр "2025-жылдын 31-марты" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) 2-пункттун 3-пунктчасындагы "2024-жылдын 1-июлунан тартып" деген сөздөр "2024-жылдын 1-ноябрынан тартып" деген сөздөргө алмаштырылсын;
3) 3-пункттун 2-пунктчасындагы "2024-жылдын 1-июлуна чейинки" деген сөздөр "2024-жылдын 1-ноябрына чейинки" деген сөздөргө алмаштырылсын;
4) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазды колдонуу жана түзүү тартибинде:
4-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 15-пунктча менен толукталсын:
"15) ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан аныкталган тартипте ыйгарым укуктуу салык органынын маалыматтык системасы менен мындай соода платформасын милдеттүү интеграциялоо шартында, электрондук соода чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык соода платформасын пайдалануу менен товарларды сатуу:
- калктын жана/же соода платформасынын операторунун дарегине;
- Кыргыз Республикасынын аймагынан экспорттоого.";
27-пункттун 7-пунктчасы "14" деген цифралардан кийин ", 15" деген сөздөр менен толукталсын.
6. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 4-июлундагы № 361 "Отунду маркалоону киргизүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 2-пункттун 2-пунктчасындагы "2024-жылдын 1-сентябрынан" деген сөздөр "2025-жылдын 1-январынан" деген сөздөргө алмаштырылсын.
7. Ушул токтом 2025-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирүүчү 4-пункттун 2-пунктчасынын төртүнчү абзацын кошпогондо, расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.