КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2020-жылдын 11-ноябры № 547
Товарларды ташууда навигациялык пломбаларды колдонуу менен байкоо жүргүзүү системасынын улуттук операторун тандоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө'' Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Товарларды ташууда навигациялык пломбаларды колдонуу менен байкоо жүргүзүү системасынын улуттук операторун (мындан ары - улуттук оператор) тандоо тартиби жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Улуттук операторду тандоо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын (мындан ары - ведомстволор аралык комиссия) курамы 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Ведомстволор аралык комиссия:
- ушул токтомдун 1-пунктунда аталган Жобого ылайык улуттук операторду тандоону өткөрсүн;
- тандоонун жыйынтыгы боюнча 3 (үч) жумуш күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине улуттук операторду аныктоо тууралуу чечимди жөнөтсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги улуттук операторду аныктоо тууралуу чечимди алган күндөн тартып 3 (үч) жумуш күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына улуттук операторду аныктоо тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечиминин долбоорун киргизсин.
5. Аныкталгандан кийин улуттук оператор (макулдашуу боюнча) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги менен белгиленген тартипте төмөнкүлөрдүн наркын макулдашсын:
- навигациялык пломбалардын;
- навигациялык пломбалардын ижарасын;
- навигациялык пломбаларды коюу/чечүү, анын ичинде навигациялык пломбаларды ачуу (активдештирүү)/жабуу (деактивдештирүү) боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн;
- навигациялык пломбаларды техникалык тейлөөнүн.
6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Евразия экономикалык бирлигиндеги иштер жана интеграциялык процесстер боюнча атайын өкүлүнүн катчылыгына жүктөлсүн.
7. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" мамлекеттик расмий гезитинин 2020-жылдын 4-декабрындагы № 99 (3171) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| С.Н. Жапаров |
|
| 2-тиркеме |
Товарларды ташууда навигациялык пломбаларды колдонуу менен байкоо системасынын улуттук операторун тандоо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын КУРАМЫ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары, ведомстволор аралык комиссиянын төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары, ведомстволор аралык комиссиянын төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары, ведомстволор аралык комиссиянын төрагасынын орун басары.
Ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары;
бизнес-ассоциациянын өкүлү (макулдашуу боюнча);
бизнес-ассоциациянын өкүлү (макулдашуу боюнча).