Сравнение редакций…
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 27-августундагы № 510 токтомуна)
Кыргыз Республикасынын жарандарын жана аскерге милдеттүүлөрүн мобилизациялык резервдин жыйындарына чакыруунун жана өтүүнүн тартиби жөнүндө ЖОБО
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо "Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпы кызматтык милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (мындан ары - Мыйзам) ылайык Кыргыз Республикасынын жарандарын жана аскерге милдеттүүлөрүн мобилизациялык резервдин жыйындарына чакыруу жана алардын өтүү тартибин аныктайт.
2. Мобилизациялык резервдин жыйындары (мындан ары - жыйындар) - Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мыйзамда аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарында тынчтык жана согуш мезгилинде пайдалануу үчүн төмөнкүлөрдү аскердик-каттоо адистиктери боюнча даярдоо максатында өткөрүлүүчү иш-чаралардын комплекси:
- аскердик кызматты өтөбөгөн, жыйырма эки жаштан кырк жашка чейинки, ошондой эле альтернативдик кызматты өткөн Кыргыз Республикасынын жарандарын (мындан ары - жарандар);
- отуз жашка чейинки курактагы жогорку билими бар, биринчи категориядагы запаска каттоого кабыл алынган аскерге милдеттүүлөрдүн арасынан запастын офицерлерин (мындан ары - аскерге милдеттүүлөр).
3. Жарандарды жана аскерге милдеттүүлөрдү жыйындарга чакырууну уюштурууну жана алардын өтүүсүн жалпы жетектөөнү коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жүзөгө ашырат.
4. Коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга төмөнкүлөр жүктөлөт:
1) жыйындардын күжүрмөн даярдоо программасын иштеп чыгуу;
2) жарандарды жана аскерге милдеттүүлөрдү каттоого кабыл алууну контролдоо;
3) жарандарды жана аскерге милдеттүүлөрдү сандык каттоону жүргүзүү;
4) жарандардын жана аскерге милдеттүүлөрдүн жыйындарды өтүү үчүн акча каражаттарын төгүүсүнүн жүрүшүн контролдоо;
5) жыйындарга чакырылган аскер кызматчыларын буюм мүлкү, азык-түлүк, күйүүчү-майлоочу материалдар жана жыйындарды өтүү үчүн керектүү башка материалдык каражаттар менен камсыздоо;
6) жыйындарды өтүүнү уюштуруу;
7) жыйындарга чакырылган жарандарды аскер комиссариатынан жыйындарды өткөрүү жерине чейин жана кайта ташууну уюштуруу;
8) жыйындарды өткөн запастагы аскерге милдеттүүлөргө офицердик курамдын "кенже лейтенант" биринчи аскердик наамын ыйгаруу;
9) жыйындар аяктагандан кийин аскер кызматчыларын запаска бошотуу.
5. Аскер комиссариаттарына төмөнкүлөр жүктөлөт:
1) жыйындарды өтүүнү каалаган жарандарды жана аскерге милдеттүүлөрдү тандоону жана изилдөөнү жүргүзүү;
2) жыйындарга чакырылуучу жарандарды жана аскерге милдеттүүлөрдү медициналык күбөлөндүрүүдөн өткөрүү;
3) жыйындарды өтүү үчүн акча каражаттарынын түшүүсүн уюштуруу;
4) жарандарды жана аскерге милдеттүүлөрдү жыйындарга чакыруу жана жөнөтүү;
5) жыйындарды өтүү үчүн эсепке киргизилгендердин жекече каттоосун жүргүзүү;
6) жыйындарга чакырылган жарандарды жана аскерге милдеттүүлөрдү ташууну уюштуруу;
7) жыйындарды өткөн адамдарды аскердик каттоого коюу;
8) жарандар жана аскерге милдеттүүлөр үчүн жыйындарды өтүүнүн өзгөчөлүктөрү жана мүнөзү жөнүндө түшүндүрүү иштерин жүргүзүү.
6. Окуу борборлоруна (аскердик бөлүктөргө) төмөнкүлөр жүктөлөт:
1) жыйындарды өтүү үчүн келген адамдарды кабыл алуу жана аларды камсыздоонун бардык түрлөрүнө коюу, бөлүмдөр боюнча бөлүштүрүү жана жайгаштыруу;
2) аскер кызматчыларын аскердик-каттоо адистиктери боюнча даярдоо;
3) аскердик кызматты уюштурууну жана аскердик кызматтын коопсуздугун, аскердик тартипти сактоону жана жыйындарды өтүп жаткан аскер кызматчыларынын ден соолугун сактоону камсыздоо;
4) запастагы офицерлерди даярдоо программасы боюнча жыйындарды өткөн аскерге милдеттүүлөргө запастагы "кенже лейтенант" биринчи офицердик аскердик наамын ыйгаруу үчүн аттестациялык материалдарды даярдоо;
5) жыйындарды өткөн адамдардан Аскердик антты кабыл алууну уюштуруу;
6) запастагы офицерлерди даярдоо программасы боюнча жыйындарды өткөн жана комплекстүү сынактарды ийгиликтүү тапшырган адамдарга запастагы "кенже лейтенант" биринчи офицердик аскердик наамын салтанаттуу ыйгарууну уюштуруу;
7) жыйындарды өткөн аскер кызматчыларын запаска бошотуу.
7. Жыйноо пункттарына төмөнкүлөр жүктөлөт:
1) жыйындарга чакырылган адамдарга аскердик кийим формасын берүү;
2) жыйындарды өтүүнү каалаган жарандардан жана аскерге милдеттүүлөрдөн акча каражаттарынын түшүүсүн контролдоо;
3) жыйындарга чакырылган адамдарды жыйындарды өткөрүү жерине чейин жана кайта жөнөтүүнү уюштуруу;
4) жыйындарды өткөн аскерге милдеттүүлөр тапшырууга тийиш болгон аскердик кийим формасынын комплекттерин кабыл алуу.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 27-августундагы № 510 токтомуна)
Кыргыз Республикасынын жарандарын жана аскерге милдеттүүлөрүн мобилизациялык резервдин жыйындарына чакыруунун жана өтүүнүн тартиби жөнүндө ЖОБО
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 25-мартындагы № 191 токтомунун редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо "Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпы кызматтык милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (мындан ары - Мыйзам) ылайык Кыргыз Республикасынын жарандарын жана аскерге милдеттүүлөрүн мобилизациялык резервдин жыйындарына чакыруу жана алардын өтүү тартибин аныктайт.
2. Мобилизациялык резервдин жыйындары (мындан ары – жыйындар) – Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мыйзамда аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарында тынчтык жана согуш мезгилинде пайдалануу үчүн аскердик-каттоо адистиктери боюнча даярдоо максатында өткөрүлүүчү иш-чаралардын комплекси.
Жыйындар төмөнкүлөрдү карайт:
– жыйырма эки жаштан кырк жашка чейинки курактагы, аскердик кызматты өтөбөгөн, ошондой эле альтернативдик кызматты өтөгөн Кыргыз Республикасынын жарандары (мындан ары – жарандар) үчүн – 500 эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө акчалай төгүмдү төлөөнү жана узактыгы отуз күндүк аскердик жыйындардан өтүүнү;
– жогорку билими бар, отуз жашка чейинки курактагы, биринчи категориядагы запаска каттоого кабыл алынган аскерге милдеттүүлөр үчүн (мындан ары – аскерге милдеттүүлөр) – 700 эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө акчалай төгүмдү төлөөнү жана узактыгы отуз күндүк аскердик жыйындардан өтүүнү.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 25-мартындагы №191 токтомунун редакциясына ылайык)