Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНК БАШКАРМАСЫНЫН ТОКТОМУ
2024-жылдын 17-июлу № 2024-П-09/30-1-(БС)
Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарына эскилиги жете элек нак чет өлкө валютасын сыртка алып чыгууга убактылуу уруксат берүү жөнүндө
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2024-жылдын 25-сентябрындагы № 2024-П-09/46-4-(БС) токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" конституциялык Мыйзамынын 9 жана 64-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 11-мартындагы № 2022-П-09/14-1-(БС) "Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарына, алмашуу бюролоруна, микрофинансылык жана микрокредиттик компанияларына нак чет өлкө валютасы менен операцияларды жүргүзүүдө убактылуу чектөөлөрдү белгилөө жөнүндө" токтомунун аракети эскилиги жете элек нак АКШ долларын Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары алып чыгуу бөлүгү боюнча коммерциялык банктар үчүн 2025-жылдын 1-январына чейин токтотулсун.
КР Улуттук банк Башкармасынын 2024-жылдын 13-декабрындагы № 2024-П-09/67-2-(БС) токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНК БАШКАРМАСЫНЫН ТОКТОМУ
2024-жылдын 17-июлу № 2024-П-09/30-1-(БС)