Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНК БАШКАРМАСЫНЫН ТОКТОМУ
2024-жылдын 19-июну № 2024-П-09/27-6-(БС)
Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарына эскилиги жеткен нак чет өлкө валютасын сыртка алып чыгууга убактылуу уруксат берүү жөнүндө
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2024-жылдын 25-сентябрындагы № 2024-П-09/46-4-(БС) токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" конституциялык Мыйзамынын 9 жана 64-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 11-мартындагы № 2022-П-09/14-1-(БС) "Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарына, алмашуу бюролоруна, микрофинансылык жана микрокредиттик компанияларына нак чет өлкө валютасы менен операцияларды жүргүзүүдө убактылуу чектөөлөрдү белгилөө жөнүндө" аракети эскилиги жеткен нак АКШ долларын Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары алып чыгуу бөлүгү боюнча коммерциялык банктар үчүн 2024-жылдын 1-октябрына чейин токтотулсун.
КР Улуттук банк Башкармасынын 2024-жылдын 13-декабрындагы № 2024-П-09/67-2-(БС) токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНК БАШКАРМАСЫНЫН ТОКТОМУ
2024-жылдын 19-июну № 2024-П-09/27-6-(БС)