Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ

2024-жылдын 6-сентябры ПЖ № 254

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы № 370 "Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралуу

Административдик-аймактык реформанын алкагында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 71-беренелерин жетекчиликке алып, токтом кылам:

 

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы № 370 "Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган Жарлыктын 1-тиркемесинде:

- 2-пункт күчүн жоготту деп таанылсын.

2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 10-сентябрындагы № 69 (3623) саны менен жарыяланды.

 

 

Кыргыз Республикасынын Президенти

 

С.Н. Жапаров