Загрузка документа…
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 27-августундагы № 519 токтомуна)
Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдары жөнүндө ТИПТҮҮ ЖОБО
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 23-майындагы № 279, 2026-жылдын 17-февралындагы № 108 , 2026-жылдын 26-июнундагы № 439 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Бул Жалпы билим берүү уюмдары жөнүндө типтүү жобо (мындан ары - Жобо) "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана жалпы билим берүү уюмдарынын ишин регламенттөөчү билим берүү жаатындагы башка ченемдик укуктук актыларга ылайык иштелип чыкты.
Бул Жобо мамлекеттик/муниципалдык менчик формасындагы жалпы билим берүү уюмдары үчүн типтүү жана жеке менчик формасындагы жалпы билим берүү уюмдары үчүн болжолдуу болуп саналат.
2. Жалпы билим берүү уюмдарына төмөнкүлөр кирет: жалпы билим берүү мектеби, мектеп комплекси, жатак мектеп, атайын мектеп, атайын жатак мектеп, атайын көмөкчү мектеп, атайын көмөкчү жатак мектеп, санаториялык жатак мектеп, кечки мектеп (кечки жана сменалык), сырттан окуу мектеби, онлайн мектеп, аз комплекттелген мектеп.
Бул Жобонун негизинде жалпы билим берүү уюмдарынын тиешелүү түрлөрү жөнүндө жоболор иштелет.
3. Бул Жободо негизги түшүнүктөр төмөнкүдөй мааниде пайдаланылат:
1) жалпы билим берүү мектеби - жалпы башталгыч, жалпы негизги жана жалпы орто билим берүү программаларын, ошондой эле шарттар болгондо кошумча билим берүү программаларын да ишке ашыруучу жалпы билим берүү уюму;
2) жатак мектеп - жалпы башталгыч, жалпы негизги жана жалпы орто билим берүү программаларын ишке ашыруучу жалпы билим берүү уюму, анда тамак-аш берүү жана медициналык тейлөө көрсөтүү менен билим алуучулардын жашоосу үчүн шарттар түзүлөт;
3) мектеп-комплекс - билим алуучуларды ар тараптуу өнүктүрүү, алардын кызыкчылыктарын жана муктаждыктарын канааттандыруу максатында билим берүүнүн эки же андан ашык деңгээлиндеги билим берүү программаларын ишке ашыруучу жалпы билим берүү уюму;
4) онлайн мектеп - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу тартипте аралыктан билим берүү технологияларын колдонуу менен билим алуучунун педагог менен түздөн-түз байланышы жок реалдуу убакыт режиминде жалпы негизги жана жалпы орто билим берүү программаларын ишке ашыруучу жалпы билим берүү уюму;
5) атайын мектеп - реабилитациялоонун жана абилитациялоонун комплекстүү чараларын колдонуу менен жалпы башталгыч, жалпы негизги жана жалпы орто билим берүүнүн модификацияланган жалпы билим берүү программалары боюнча билим берүү ишин жүзөгө ашыруучу, угуусу, көрүүсү, сүйлөөсү жана психологиялык өнүгүүсү бузулган балдар үчүн жалпы билим берүү уюму;
6) атайын жатак мектеп - реабилитациялоонун жана абилитациялоонун комплекстүү чараларын колдонуу менен жалпы башталгыч, жалпы негизги жана жалпы орто билим берүүнүн модификацияланган программалары боюнча билим берүү ишин жүзөгө ашыруучу, угуусу, көрүүсү, сүйлөөсү жана психологиялык өнүгүүсү бузулган балдар үчүн жалпы билим берүү уюму, анда тамак-аш берүү жана медициналык тейлөө көрсөтүү менен билим алуучулардын күнү-түнү жашоосу үчүн шарттар түзүлүшү мүмкүн;
7) атайын көмөкчү мектеп - жалпы башталгыч жана жалпы негизги билим берүүнүн адаптацияланган жалпы билим берүү программалары боюнча жана тиешелүү материалдык-техникалык база болгон учурда билим берүү ишин жүзөгө ашыруучу, интеллектуалдык өнүгүүсүндө бузуулары бар балдар үчүн жалпы билим берүү уюму, анда тамак-аш берүү жана медициналык тейлөө көрсөтүү менен билим алуучулардын күнү-түнү жашоосу үчүн шарттар түзүлүшү мүмкүн;
8) атайын көмөкчү жатак мектеби - жалпы башталгыч жана жалпы негизги билим берүүнүн адаптацияланган жалпы билим берүү программалары боюнча билим берүү ишин жүзөгө ашыруучу, интеллектуалдык өнүгүүсүндө бузуулары бар балдар үчүн жалпы билим берүү уюму, анда тамак-аш берүү жана медициналык тейлөө көрсөтүү менен билим алуучулардын күнү-түнү жашоосу үчүн шарттар түзүлүшү мүмкүн;
9) санаториялык жатак мектеби - жалпы башталгыч, жалпы негизги жана жалпы орто билим берүүнүн жалпы билим берүү программаларын дарылоо-профилактикалык иш-чаралар менен айкалыштырып ишке ашыруучу, соматикалык оорулары бар балдар үчүн жалпы билим берүү уюму, анда тамак-аш берүү жана медициналык коштоо менен билим алуучулардын жашоосу үчүн шарттар түзүлөт;
10) аз комплекттелген мектеп - билим алуучулардын контингенти аз болгон жалпы билим берүү уюму, анда класстарды ар кандай курактагы комплект класстарга бириктирүү каралат;
11) кечки мектеп - жалпы негизги билим берүү программасын мурда өздөштүрбөгөн адамдар үчүн жалпы негизги билим берүү программасы боюнча күндүзгү-сырттан (кечки жана сменалык) окутуу формасы боюнча билим берүү кызматтарын көрсөтүүчү жалпы билим берүү уюму;
12) сырттан окуу мектеби - аралыктан билим берүү технологияларын колдонуу менен жалпы орто билим берүү программасы боюнча билим берүү кызматтарын көрсөтүүчү жалпы билим берүү уюму;
13) окуу планы - билим берүүнүн тиешелүү деңгээлиндеги окуу сабактарынын (предметтеринин) тизмегин жана көлөмүн, аларды изилдөө тартибин жана контролдоо формаларын регламенттөөчү документ;
14) жекече окуу планы - билим алуучунун өзгөчөлүктөрүн жана билим алуудагы муктаждыктарын эске алуу менен билим берүү программасынын мазмунун жекелештирүүнүн негизинде аны өздөштүрүүнү камсыз кылуучу окуу планы;
15) модификацияланган программа - ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдардын психологиялык-дене бойлук өнүгүүсүнүн өзгөчөлүктөрүн, жеке мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен алар үчүн мазмунун олуттуу кайра иштеп чыгуусуз түзүмдүк өзгөрүүлөргө дуушар болгон жана зарыл учурда өнүгүүдөгү бузулууларды коррекциялоону жана аларды социалдык адаптациялоону камсыз кылуучу жалпы билим берүү программасы;
16) адаптацияланган программа - мазмунун кайра иштеп чыгуу менен жалпы билим берүү программасынын негизинде түзүлгөн жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарды алардын психологиялык-дене бойлук өнүгүүсүнүн өзгөчөлүктөрүн, жеке мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен окутуу үчүн адаптацияланган жана зарыл учурда билим берүү процессин жекелештирүү жана дифференциациялоо аркылуу өнүгүүдөгү бузулууларды коррекциялоону жана аларды социалдык адаптациялоону камсыз кылуучу билим берүү программасы;
17) билим берүү процессинде коштоо - билим алуучуну колдоо жана билим алуучунун оптималдуу өнүгүүгө жана ийгиликтүү социалдык интеграцияга жетүүсү үчүн билим алуудагы муктаждыктарын жана жеке мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен билим алуучунун инсандыгын өнүктүрүү жана аны ийгиликтүү окутуу үчүн социалдык-психологиялык жана педагогикалык шарттарды жана кызматтарды түзүү;
18) атайын билим берүү - атайын же жалпы билим берүү уюмдарында жүзөгө ашырылуучу ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарды окутуу;
19) ыйгарым укуктуу орган - билим берүү жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган.